Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-майы № 348
"2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов
|
| Долбоор |
1-берене.
2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын түзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамдын долбоору боюнча төмөнкүдөй корутундуга келди.
Ушул Макулдашуунун укуктук негизи болуп Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-беренеси эсептелет, анда БУУнун мүчөлөрүнүн жекече жана жамааттык өзүн-өзү коргоого, ошондой эле 1992-жылдын 15-майындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин алкагында жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарындагы укуктары белгиленген. Андан сырткары 1995-жылдын 10-февралындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышуучу мамлекеттердин Жамааттык коопсуздук концепцияларына ылайык жамааттык коопсуздукту камсыз кылууда катышуучу мамлекеттердин негизги максаты согуштарды жана куралдуу чыр-чатактарды болтурбоо, ал эми алар чыгып кеткен учурда катышуучу мамлекеттердин кызыкчылыктарын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн кепилдикке алган коргоо болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу 2010-жылдын 10-декабрында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын түзүү статусу жөнүндө макулдашууга кол коюлган (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 17-мартындагы № 24 Мыйзамы менен ратификацияланган).
Ошону менен бирге ушул Макулдашууга Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында 2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында, куралдуу кол салууга (баскынчылыкка), ошондой эле бир же бир нече Тараптарга карата башка коркунучтарга жана чакырыктарга адекваттуу чара көрүүнү камсыздоочу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумун түзүү жана өркүндөтүү боюнча практикалык чараларды көрүү максатында кол коюлган.
Бул Макулдашуунун күчүнө кириши атайын багыттагы укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын бөлүмдөрүн, Борбордук Азия жамааттык коопсуздук регионунда коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо маселелерин чечүүдө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча органдардын түзүлүштөрүн биргелешип колдонуу үчүн укуктук негизди түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ушул Макулдашууга ылайык ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумун түзүүнүн жана анын иштөөсүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
жамааттык коопсуздук тутумунун коргонуучу мүнөзү;
жамааттык коопсуздуктун бөлүнбөстүгү жана бардык Тарап үчүн коопсуздуктун бирдей деңгээли;
коалициялык жана/же аймактык негизде куралдуу кол салуунун (баскынчылыктын) мизин кайтарууга Тараптардын катышуусу;
аймактык бүтүндүктү сактоо, эгемендүүлүктү жана улуттук кызыкчылыктарды сыйлоо, бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө;
жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү үчүн колдонууга жол бербөө.
Андан сырткары жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрү жана каражаттары төмөнкүлөргө катышуу үчүн арналган:
бир же бир нече Тараптарга карата коркунучтардын алдын алууга жана куралдуу кол салуунун (баскынчылыктын) мизин кайтарууга, куралдуу акцияларды жана чыр-чатактарды жоюуга;
эл аралык терроризм, баңги заттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана алардын прекурсорлорун, куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүнү башка трансулуттук уюшулган кылмыштуулуктун түрлөрү менен күрөшүүнү кошкондо Тараптардын коопсуздугуна болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларга;
мамлекеттик чек араларды, ошондой эле Тараптардын мамлекеттик жана аскердик объекттерин коргоону күчөтүүгө;
тынчтыкты сактоочу операцияларга.
Бул Макулдашуунун алкагында ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамына Тараптардын улуттук куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскерлеринин бирикмелери, кошуундары, аскердик бөлүктөрү жана бөлүкчөлөрү, ошондой эле ички иштер органдарынын, ички аскерлердин, коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтардын (атайын арналыштагы бөлүкчөлөрү (адистердин топтору), улуттук башкаруу органдарына баш ийген жана ЖККУ органдарынын чечими боюнча колдонулуучу өзгөчө кырдаалды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чөйрөсүндө Тараптардын ыйгарым укуктуу органдардын түзүлүштөрү кирет:
аскерлердин (күчтөрдүн) коалициялык топтору;
аскерлердин (күчтөрдүн) региондук (бириккен) топтору;
бириккен (биргелешкен) аскердик тутумдардын топтору;
жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөр.
Жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамы, жайылтуу жана колдонуу мөөнөттөрү жөнүндө чечим бир же бир нече Тараптардын расмий кайрылуусунун негизинде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынат.
Ушул Макулдашуудан келип чыккан иш-чараларды каржылоо тийиштүү жылга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "2010-жылдын 10-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын түзүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамдын долбоорун колдоо максатка ылайык деп эсептейт.
Көрсөтүлгөн Макулдашуу, бир же бир канча Тараптарга куралдуу кол салууда (басып алууга), ошондой эле алардын чакырыктарына жана коркунучтарына шайкеш жооп кайтарууну камсыздоочу ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумун түзүү жана жакшыртуу боюнча практикалык чараларды кабыл алуу максатында, 2010-жылдын 10-декабрында Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында кол коюлган.
ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумун түзүүнүн жана иштөөсүнүн негизги принцептери болуп төмөнкүлөр саналат:
жамааттык коопсуздук тутумунун коргонуу мүнөзү;
жамааттык коопсуздуктун бөлүнбөстүгү жана бардык Тараптар үчүн коопсуздуктун бирдей деңгээли;
коалициялык жана/же аймактык негизде куралдуу кол салуунун (басып алуунун) мизин кайтарууда Тараптардын катышуусу;
аймактык бүтүндүктү сактоо, эркиндикти жана улуттук кызыкчылыктарды сыйлоо, бири-биринин ички иштерине киришпөө;
тараптардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү үчүн жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын колдонууга жол берилбеши керек.
Жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрү жана каражаттары төмөнкүлөргө катышуу үчүн дайындалган:
коркунучту алдын алуу, бир же бир канча Тараптарга карата куралдуу кол салуунун (басып алуунун) мизин кайтаруу, куралдуу акцияларды жана кагылыштарды жоюуга;
эл аралык терроризм, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун, куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз айлантуу, улуттар аралык уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрү менен күрөштү кошуу менен Тараптардын коопсуздугунун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракет кылуу боюнча иш чараларга катышууга;
мамлекеттик чек араларды, ошондой эле Тараптардын мамлекеттик жана аскердик объекттерин кайтарууну күчөтүүгө;
тынчтыкты сактоо операцияларына катышууга.
ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамына Тараптардын улуттук куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскерлеринин бирикмелери, кошуундары, аскердик бөлүктөрү жана бөлүкчөлөрү, ошондой эле улуттук башкаруу органдарына баш ийген жана ЖККУ органдарынын чечими боюнча колдонуучу, ички иштер органдарынын, ички аскерлердин, коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтардын, Тараптардын өзгөчө кырдаалдарынын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдардын атайын дайындалыштагы бөлүкчөлөрү (адистердин топтору) киришет;
аскерлердин (күчтөрдүн) коалициялык топтору;
аскерлердин (күчтөрдүн) аймактык (бириккен) топтору;
бириккен (биргелешкен) аскер тутумдардын топтору;
жамааттык тынчтыкты сактоо күчтөрү.
Бириккен (биргелешкен) аскер тутумдарын түзүүнүн жана колдонуунун негизги милдеттери жана принциптери ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши тарабынан аныкталат.
Жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамы, жайылтуу мөөнөттөрү жана колдонуу жөнүндө чечим бир же бир канча тараптардын расмий кайрылуусунун негизинде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынат.
Аймактык (бириккен) аскерлердин (күчтөрдүн) тобунун командачылыгын түзүү, каржылоо жана ишмердүүлүгүн уюштуруу тартиби тиешелүү жамааттык коопсуздуктун аймагындагы Тараптар тарабынан күн мурунтан аныкталат.
Ушул макулдашуунун күчүнө кирүүсү, Борбор азиялык аймакта коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо тапшырмаларын чечүүдө, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын атайын дайындалыштагы бөлүкчөлөрүн, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча органдардын түзүлүштөрүн биргелешип колдонуу үчүн укуктук негизди түзүүгө мүмкүндүк берет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө сунушту колдоп берүүнү өтүнөм.
Кыргыз Республикасынын коргоо министри
генерал-майор Т.Омуралиев