Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-июну № 82
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, кезекке турууда жана Бишкек шаарында жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторун бөлүүдө тартип бузууларга жол бербөө максатында, Бишкек шаардык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө" жобонун 2-главасынын 2.2-пункту төмөндөгүдөй маанидеги абзацтар менен толукталсын:
- "Бишкек шаарынын мэриясынын укуктук камсыздоо жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү башкармасынын адиси";
- "Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги".
2. Бишкек шаарынын мэриясы өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Адылбеков У.Е.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Суракматов |