Загрузка документа…
(КР Өкөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 466 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы №456 токтомунун редакциясына ылыйык)
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспорт мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Агенттик) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автомобиль транспортунда, ошондой эле контролдоо жана көзөмөлдөө фунцияларын кошпогондо суу транспортунда, ишти жөнгө салууну жана контролдоону аткарган, Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдүн ортосунда эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды ишке ашырган Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Агенттик өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле бул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. Агенттик юридикалык жак болуп саналат, ага бекитилген мамлекеттик мүлктү ыкчам башкарууну аткарат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жана өзүнүн аталышы түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдердеги мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана казыналык системада эсеби болот.
4. Агенттик Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик транспорт инспекциясынын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуулар департаментинин укук мураскери болуп саналат.
5. Агенттикти камсыздоого кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
6. Агенттик Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчет берет.
7. Агенттиктин толук аталышы:
мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспортунун мамлекеттик агенттиги";
расмий тилде - "Государственное агентство автомобильного и водного транспорта при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде - "Автотранспорт агенттиги";
расмий тилде - "Агентство автотранспорта".
8. Агенттиктин чектелген штаттык саны жана анын борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн штаттык расписаниеси Министрлик тарабынан Министрликтин чектелген штаттык санында белгиленген чекте бекитилет.
9. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы №456 токтомунун редакциясына ылыйык)
10. Автомобиль жана суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу жагында мамлекеттик бирдиктүү саясатты ишке ашыруу.
11. Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде автомобиль жана суу транспорту, автомобиль комплексинин мамлекеттер аралык жана тышкы экономикалык байланыш жагында мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык автомобилдик ташууларын түзүү жана өнүктүрүү жана аларды эл аралык транспорт системасына интеграциялоо;
- тышкы автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү изилдөө;
- чет мамлекеттер менен эл аралык автомобиль каттамдары жагында эл аралык келишимдер долбоорлорун даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын, ошондой эле башка өлкөлөрдүн компетенттүү органдарында Кыргыз Республикасынын автоташуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо;
- автомобиль транспортунда Кыргыз Республикасынын транспорттук жана лицензиялык мыйзамдарын сактоого мамлекеттик контролдоо жүргүзүү;
- автомобиль жана суу транспортунун ишине байланышкан транспорт жана башка кызматтар рыногунун натыйжалуу иштеши, транспорттук кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө күчтүү атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
12. Агенттик ага жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат чөйрөсүндө:
- автомобиль жана суу транспортунда бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышуу, транспорттук комплекстин багыты боюнча мониторинг жүргүзүү;
- жол кыймыл коопсуздугу органы менен макулдашуу боюнча каттамдардын (Бишкек, Ош шаарларынан жана эл аралыктан тышкары) схемасын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- автомобиль жана суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну уюштуруу жана жөнгө салуу маселелерин мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу;
2) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- автомобиль жана суу транспортторунда (атайын, кызматтык жана технологиялыктан башкасы) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу ишмердигин жана кызматтарды лицензиялоо;
- чет мамлекеттерден түзүлгөн эл аралык макулдашууларга жана келишимдерге ылайык бул мамлекеттердин аймагында автотранспорттук каражаттар менен жүрүүгө керектүү сандагы уруксат кагаздарын алууну камсыз кылуу;
- эл аралык ташууларды аткарууда чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагынан өткөн автотранспорттук каражаттарына жана чет мамлекеттин аймагынан өткөн кыргыз ташуучуларын уруксаттар менен камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча эл аралык автомобилдик ташуулардын катышуучуларына визалык колдоо көрсөтүү;
- эл аралык келишимдер менен макулдашууларга жана Кыргыз Республикасынын транспорттук мыйзамдарына ылайык, башка мамлекеттердин компетенттүү органдары менен макулдашуу боюнча эл аралык автобустук каттамдарды ачуу жана бекитүү;
- жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча шаардык (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары), шаар четиндеги жана шаарлар аралык автобустук каттамдарды ачуу, бул каттамдарда жүргөн автобустардын кыймыл расписаниесин бекитүү;
- өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча ташуучуларга шаардык (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары), шаар четиндеги жана шаарлар аралык автобустук каттамдарды бекитүү;
- шаарлардын мэриялары тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген шаардык (Бишкек, Ош шаарлары) автобустук каттамдардын кыймыл расписаниесин макулдашуу;
- линиядагы айдоочулардын иш жана эс алуу маалын жана жүргүнчүлөр транспортунун иш графигин макулдашуу;
- менчигинин жана ведомствого тиешелүүлүгүнүн формасына карабастан, автобекеттердин, автостанциялардын жана кассасы бар автопавильондордун иштерин жөнгө салуу;
- менчигинин жана ведомствого тиешелүү формасына карабастан, жаңы курууда жана иштеп турган автовокзалдарды, автостанцияларды жана кассасы менен автопавильондорду жылдырууда жайгаштыруу ордун макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999- жылдын 11- майындагы № 249 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Мамлекеттик суу транспорт инспекциясынын маселелери» токтомуна ылайык кемелерди башкаруу укугуна күбөлүктөрдү берүү;”;
(Он төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы №456 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
3) координациялоо жана көзөмөл чөйрөсүндө:
- эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө эл аралык макулдашуулардын чарбалык субъектилер тарабынан сакталышына контролдоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында чарбалык субъектилер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан автомобиль жана суу транспортунун субъектилеринин функциялык тартибин аныктаган, транспорттук жана лицензиялык мыйзамдардын, ченемдик укуктук актылардын, стандарттардын жана ченемдердин сакталышына мамлекеттик контролдоо жүргүзүү;
- менчигинин жана ведомствого тиешелүү формасына карабастан, автовокзалдар жана автостанциялар тарабынан транспорттук жана лицензиялык мыйзамдардын талаптарынын сакталышын контролдоо;
- автотранспорттук каражаттарга транспорттук контролдоону аткарган Агенттиктин кызматчыларынын чек аралык жана ички стационардык посттордо күнү-түнү кезметчиликке туруусун уюштуруу жана ишке ашыруу;
- айдоочулар жана ташуучулар тарабынан транспорттук тартиптин сакталышын, лицензиялоонун шарттарын тейлөөгө, жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууну уюштуруу эрежелерин жана жүрүү багытын тейлөө келишимдерин контролдоо;
- автомобиль жана суу транспорту процессин жөнгө салуу жана контролдоо маселеси боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык лицензиаттын квалификациялык жана техникалык стандарттарга дал келишине экспертиза өткөрүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга жана транзиттик жүрүүгө чет өлкөлүк автоташуучулардын уруксаттарынын бар экендигин контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочуларды аттестациялоо;”;
(Он биринчи жана он экинчи абзацтар КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы №456 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- айкындалган бузууларга протоколдорду жана актыларды түзүү жана бузууларды жоюуга жазма эскертүүлөрдү берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык бузуучуларды административдик жоопкерчиликке тартуу;
4) кызмат көрсөтүү жана ишкерликти колдоо чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтүү;
- транспорттук кызмат көрсөтүү жана ташууларды уюштуруу жана транспорттук контролдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ташуучуларга (алардын өтүнүчү боюнча) керектүү маалыматтарды берүү;
- кызыкдар жактарга эл аралык автомобилдик ташууларды аткаруу шарттары жана тартиби жөнүндө маалыматтарды берүү;
- эл аралык автомобилдик ташууларды аткаруу боюнча ташуучуларга жоболор жана конвенциялардын, макулдашуулардын талаптары жөнүндө инструктаж өткөрүү;
- автомобиль жана суу транспорту чөйрөсүндө ишкердик жана кызмат көрсөткөн ишкердик субъектилеринин ортосунда адилеттүү атаандаштыкка тең шарттарды түзүү;
- жеке жана юридикалык жактардын каттары, арыздары жана даттануулары менен иштерди уюштуруу.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы №456 токтомунун редакциясына ылыйык)
13. Бул Жободо аныкталган негизги милдеттерди аткаруу үчүн Агенттик төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- автомобиль жана суу транспортунда ишти жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;
- автомобиль жана суу транспортундагы маселелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарын киргизүүгө;
- эл аралык автомобилдик каттамдар жагында эл аралык келишимдер жана макулдашуулар долбоорлорун даярдоону ишке ашырууга;
- өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча ташуучуларга шаардык (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) шаар четиндеги жана шаарлар аралык автобустук каттамдарды бекитип берүүгө, автобустардын, эмгек режимин жана айдоочулардын эс алуу режимин жана схемасын бекитүү, жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жана автобекеттер менен автостанцияларда автобустарды жөнөтүүнү контролдоого;
- инженердик-техникалык жумушчуларды, айдоочуларды окутуу курстарын, автомобиль жана суу транспортунда ташууларды аткарууга ташуучуларды аттестациялоо жана кайрадан аттестациялоону уюштурууга;
- колдонуудагы ченемдик актыларга ылайык, коомдук (штаттан тышкаркы) инспекторлор бөлүмдөрүн түзүүгө;
- кеме айдоочуларын даярдоо боюнча курстарды уюштуруу, кеме документтерин жана кемелерге мамлекеттик борттук номурларды берүүгө;
- автовокзалдардан, автостанциялардан жана ташуучулардан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча аткарылган жумуштар жөнүндө маалыматты, ошондой эле Агенттиктин ишине байланышкан башка маалыматты сураганга;
- зарыл болгон учурда, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча тийиштүү органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ошондой эле ишканалар жана уюмдарды кошкондо мамлекеттик органдардан транспорт ишин уюштуруу маселелери боюнча, жолдордун жана көчөлөрдүн, темир жолдор өтмөлөрүнүн айрым участкаларында, аларды оңдоо-калыбына келтирүү жумуштары менен байланышкан, кыймылды убактылуу чектөө жана тыюу салуу жөнүндө маалыматты сураганга;
- кызыкдар мамлекеттик органдар, уюмдар жана илимий мекемелер менен биргеликте Кыргыз Республикасында ташуу процессин жакшыртуу, жүргүнчүлөр жана жүк ташуулар коопсуздугун жогорулатуу, автомобиль жана суу транспорту тармагында илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу темаларын жана багыттарын аныктоо боюнча рекомендацияларды иштеп чыгууга катышууга;
- автомобиль жана суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга арыздарды кароого жана лицензия берүүгө, ал эми лицензиялык талаптарды жана шарттарды (келишимдерди) бузган учурда ишин токтотууга же лицензияны кайтарып алууга;
- транспорттук каражаттардын техникалык абалына жана алардын жүргүнчүлөрдү коопсуз ташууларды ишке ашырган талаптарга дал келишине экспертиза жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен макулдашуу боюнча жана эл аралык макулдашууларга ылайык, эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруу үчүн башка мамлекеттер менен уруксат бланкаларын алмашууга;
- автомобиль транспорту менен эл аралык жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча/аркылуу кирүүгө жана транзитке арыздарды кароого жана уруксат бланкаларын берүүгө, ал эми автоташуучулар эл аралык макулдашуулар талаптарын бузган учурда, аларды берүүгө убактылуу тыюу салууга;
- Агенттиктин компетенциясына тийиштүү маселелер боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен тышкы экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыкты жүргүзүүгө;
- транспорттук кырсыктарды, автомобиль жана суу транспортун пайдалануу эрежелерин бузууну алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө сунуштарды мамлекеттик органдарга киргизүүгө;
- жумуштарды жана кызматтарды аткарууга юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
14. Агенттиктин кызматчылары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда белгиленген формалык кийимди кийүү укугуна ээ.
15. Агенттиктин мамлекеттик кызматкерлерин кабыл алуу, кызмат өтөө, бошотуу, класстык чендерди ыйгаруу, кызматчыларды укуктук жана социалдык коргоо тартиби "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
16. Агенттиктин мамлекеттик кызматкерлери аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбаганда же туура эмес аткарганда, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жүргүзгөндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык дисциплинардык, административдик, материалдык жана жоопкерчилик жазасын алат.
17. Агенттиктин мүлкүн негизги жана жүгүртмө каражаттар, ошондой эле наркы баланста көрсөтүлгөн, ыкчам башкаруу укугунда бекитилип берилген башка материалдык баалуулуктар түзөт.
18. Агенттик ага бекитилип берилген мүлктү мүлктүн менчик ээсинин макулдугу менен ээликтен ажыратууга же башка жол менен тескегенге укуктуу.
19. Агенттик мүлктүн сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын, аны пайдалануунун ченемдерин жана эрежелерин сактоо аркылуу камсыз кылат.
20. Агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте бухгалтердик эсеп жана отчет, ошондой эле статистикалык отчет жүргүзөт.
21. Агенттикти Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
22. Агенттиктин жана анын аймактык органдарынын кызматкерлери мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
23. Агенттиктин директорунун эки орун басары болот. Орун басарлар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, директорго түздөн түз баш иет, бөлүнгөн милдетине ылайык Агенттиктин ишин уюштурат. Директор жок болгон учурда, анын милдеттерин директордун буйругуна ылайык анын милдетин бир орун басары аткарат.
24. Агенттиктин директору:
- Агенттиктин ишине жеке башчы принцибинде жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчиликти алат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк мамлекеттик башка органдарында, мекемелеринде, ишканаларында жана уюмдарында Агенттиктин атынан чыгат;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын бөлүктөрү, түзүмдүк бөлүктөрү жөнүндө жоболорду, кызматкерлердин кызматтык нускамаларын бекитет;
- орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт, Агенттиктин компетенциясына тийиштүү болгон ыкчам, уюштуруучулук, кадрдык, каржылык, өндүрүш-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аткарууга тапшырма берет;
- Агенттиктин аймактык жана облустук башкармалыктарынын башкаруу схемасын жана штаттык расписаниесин бекитүүгө министрге киргизет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде, Агенттиктин борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүктөрүнүн бардык кызматчылары аткарууга милдеттүү болгон Агенттиктин буйруктарын жана башка тескемелерин чыгарат;
- Агенттиктин түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери чыгарган, Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келген буйруктарды жана тескемелерди жокко чыгарат;
- түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин баяндамаларын жана билдирүүлөрүн угат, алардын жумуштарынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча кеңешмелерди өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте мамлекеттик кызматчыларга класстык чендерди ыйгарууга көрсөтүү сунуштарын Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине киргизет;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине Агенттиктин жана транспорттогу чарбалык субъектилеринин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга жана ардактуу наам ыйгарууга көрсөтүү сунуштарын белгиленген тартипте киргизет;
- Агенттиктин атынан ишеним каттарды берет, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, мүлктөрдү жана каражаттарды тескейт.
25. Агенттикти кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
26. Жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык пайдаланылат.
27. Агенттиктин иши токтогон учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.