Загрузка документа…
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., N 6, 80-ст., 1998-ж., N 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 182-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 773-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 775-статьянын 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Банк эсебинин келишими банктын талабы боюнча төмөнкү учурларда бузулат:
1) клиенттин эсебинде болгон акча каражаттардын суммасы мыйзамда, банк эрежелеринде же банк эсебинин келишиминде каралган эң аз өлчөмдөн аз болгон учурда;
2) "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда.".
4. 933-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., N 5, 420-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8-статьянын 4-пунктунун 5-пунктчасындагы "Финансылык чалгындоо кызматына" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 358-статьянын 4-пунктундагы "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 54-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматына" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 122-берененин 1-бөлүгүндөгү "Террорчулукту финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995-ж., N 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 9-статьянын 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Чет өлкө валютасын сатып алууну же сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды тиешелүү текшерүү үчүн ким экендигин ырастоочу документин көрсөтүүгө милдеттүү.".
2. 12-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектик суммадан ашкан чет өлкө валютасын жеке жактар менен алмашуу боюнча операцияларды жеке жак ким экендигин ырастоочу документин көрсөткөндө гана" деген сөздөр "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды тиешелүү текшерүү үчүн чет өлкө валютасын жеке жактар менен алмашуу боюнча операцияларды жеке жак ким экендигин ырастоочу документин көрсөткөндө гана" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., N 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 30-статьянын 2-бөлүгүндө:
1) 5-пункттагы "терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча операциялардын (бүтүмдөрдүн)" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо боюнча операциялардын (бүтүмдөрдүн)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргызстандын банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансылык-кредиттик мекемелердин кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча иштерин инспекциялоону Кыргызстандын банкы жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жиберет.".
2. 32-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөр "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6-берене.
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж,, N 10, 471-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 15-статьянын 1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "Террорчулукту каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан" деген сөздөр "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 25-2-статьяда:
1) 1-бөлүктөгү "терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгаруу (адалдоо)" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"6. Банк кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган ички контролдоо тутумуна ээ болууга жана ушул чөйрөдө ички контролдоо программасын иштеп чыгууга тийиш.".
3. 39-статьянын 1-пунктундагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөр "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 42-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргызстандын банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансылык-кредиттик мекемелердин кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча иштерин инспекциялоону Кыргызстандын банкы жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жиберет.".
5. 45-1-статьянын 1-пунктундагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөр "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 53-статьядагы "терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 54-статьяда:
1) 2-бөлүктүн 2-пунктундагы "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"3. Банктар финансылык чалгындоо органынын расмий суроо-талабынын негизинде "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ага суралган маалыматты беришет.".
8. 56-статьянын 4-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"4. Банктар "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жеке жана юридикалык жактардын операцияларын (бүтүмдөрүн) убактылуу токтотушат жана акча каражаттарын же башка мүлктөрүн тосмолоп коюшат.".
9. 59-2-статьянын 13-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "арам акчаларды жүгүртүү жана/же терроризмди каржылоо" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7-берене.
"Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 4, 128-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 11-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Коммерциялык сырды алуу мүмкүнчүлүгү "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык чалгындоо органына берилет.".
2. 12-статьянын 1-бөлүгүндөгү "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8-берене.
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 9, 311-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
10-статьянын 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган зер буюмдар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүчү жактар тарабынан "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашырат.".
9-берене.
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, N 12, 505-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
30-статьядагы "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 17-1-статьянын 4-бөлүгүндөгү "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 24-статьянын 6-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"6. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана учурларда кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөр жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.".
11-берене.
"Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-жыл, N 6, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-статьянын 12-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Почта байланышынын сырын түзүүчү акча каражаттарын которуулар жөнүндө маалымат кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана учурларда финансылык чалгындоо органына берилет.".
12-берене.
"Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., N 9, 410-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-статьядагы "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдан" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 6-статьянын 2-бөлүгүндөгү "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 10-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13-берене.
"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., N 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
29-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Улуттук банк микрофинансылык уюмдардын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча иштерин инспекциялоону жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жиберет.".
14-берене.
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
8-статьянын 4-бөлүгүндөгү "террорчулукту каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча операциялардын алдын алуу" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) алдын алуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15-берене.
"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 12, 555-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
28-статьянын онунчу жана он биринчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин:
"- кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программаларын иштеп чыгууга;
- "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык чалгындоо органына сураган маалыматты берүүгө.".
16-берене.
"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., N 10, 854-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьянын 4-бөлүгүндөгү ", терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр "жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле финансылык чалгындоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 6-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"1. Финансылык чалгындоо органы:".
3. 23-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"23-статья. Терроризмди каржылоого каршы күрөшүүгө багытталган
чаралар
Терроризмди каржылоого каршы күрөшүүгө багытталган чаралар "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат.".
17-берене.
"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., N 3, 237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
17-статьянын 3-бөлүгүндөгү "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
18-берене.
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., N 5, 453-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-берененин 4-пунктундагы "террорчулукту каржылоого же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди "адалдоого" деген сөздөр "кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 7-берененин 4-бөлүгүндөгү "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди "адалдоо" жана/же террорчулукту каржылоо фактысы боюнча" деген сөздөр "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19-берене.
"Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөгү Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу мамлекеттердин келишимин ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жыл, 4-июль, N 48) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-беренедеги "Финансылык чалгындоо кызматы" деген сөздөр "Финансылык чалгындоо органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
20-берене.
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жыл, 12-май, N 34-35) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
преамбуланын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Лотереяларды түзүүчүлөрдүн жана уюштуруучулардын кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланышкан жосундарынын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу бөлүгүндөгү иши "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.".
21-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 38-берененин 7-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 49-берененин 9-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр "финансылык чалгындоо органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3. 66-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"66-берене. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого)
жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого
каршы аракеттенүү боюнча чаралар
1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте финансылык чалгындоо органына маалымат берүүгө милдеттүү.
2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган божомолдуу түрдө кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланышкан ишти тапкан учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына дароо билдирет.".
22-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Ушул Мыйзам "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып колдонууга киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|