Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 19-октябры № 727
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарлыгы, 2008-ж., № 8, 922-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 28-берененин 1-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын электрондук санариптик кол коюу жөнүндө талаптарына ылайык түзүлгөн жана кол коюлган документ салык төлөөчүнүн электрондук документи жана санариптик кол коюусу болуп саналат.
2. 86-беренеде:
- 4-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурлардан тышкарыда, салык отчетун электрондук түрдө түзүүдө электрондук документ салык төлөөчүнүн электрондук санариптик кол коюусу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш."
- төмөнкү мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол коюсуз берүүгө жол берилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Салыктык жөнгө салууну жакшыртууну натыйжалуу жогорулатуунун маанилүү факторлорунун бири болуп, салык отчетторун берүү процедураларын жеңилдетүү саналат. Салык чөйрөсүндөгү автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгууга жана автоматташтырылган маалымат тейлөөсүнө болгон муктаждыктар өсүүдө.
Бул биринчи кезекте, салык кызматынын өзүн, ошондой эле коомдун жашоо аракетинин баардык чөйрөсүн автоматташтыруунун жана маалыматташтыруунун жогорку деңгээли менен камсыз кылат. Электрондук отчеттуулуктун системасы салык төлөөчүнүн убактысын бир кыйла үнөмдөп, анын жашоо турмушун жеңилдетет.
Салык органдарынын алдында турган милдеттерди чечүү негизинен кагаз түрүндөгү-документтерде берилген ири көлөмдүү маалыматтарды талдоо жана колдонуу менен байланыштуу. Отчеттуулук мезгилинде салык органдарындагы иш кагаздарынын айлануусу күн сайын миңдеген иш кагаздарына жетиши мүмкүн. Иш кагаздарынын көп жактуу, татаал иштетилишинде компьютердик техниканы колдонууга ылайыкташкан азыркы заманбап технологияны колдонбой коюуга мүмкүн эмес. Мына ушул максатта салык кызматынын органдарында автоматташтырылган маалымат системасы түзүлүп жатат, бул система салык отчетторун жана декларацияларын электрондук түрдө салык органынын интернет-түйүнү аркылуу берүүгө арналган.
Негизги артыкчылыгы болуп, салык органдары менен ыкчам байланышуунун эсебинен салык органдарынын дагы, төлөөчүлөрдүн дагы убакыттык сарптоолорун үнөмдөө саналат.
Ошондой эле, бул долбоордун максаты болуп, электрондук түрдөгү салык отчетун жана декларацияларын электрондук санариптик кол коюусуз берүү мүмкүнчүлүгү саналат, бул отчет берүү процессинин өзүн жеңилдетет.
Эгерде салык отчеттору Интернет-сервистин жардамы менен берилген болсо, электрондук иш кагазы салык төлөөчүнүн электрондук санариптик кол коюуусу менен күбөлөндүрүүгө жатпайт. Логинди жана Паролду колдонуу, салык төлөөчүнү талаптагыдай жана жетиштүү идентификациялоо жана бухгалтердик жана салык отчетторун салык органдарынын Интернет-сайты аркылуу берүү кызматынан пайдалануу укугун ырастоо болуп саналат.
Азыркы учурда салык отчетторун электрондук түрдө берүүнүн жол-жобосу электрондук санариптик кол коюунун болуусун талап кылганы менен татаалдашкан. Ошондой эле, бүгүнкү күндө салык отчетторун электрондук түрдө берүү кызматы белгилүү бир акы үчүн оператор-уюмдары аркылуу ишке ашырылат. Салык отчетторун Интернет-сервистин жардамы аркылуу берүү акысыз болот, бул болсо негизги артыкчылыктардын бири болуп саналат.
Салык декларацияларын кагаз жүзүндө берүүгө салыштырмалуу аны электрондук түрүндө берүү салык төлөөчүлөргө убакытты үнөмдөө, иш кагаздарын көчүрмөлөөнүн жоктугу, отчеттуулуктагы катачылыктарга жол бербөө, салык органдарына багышталган отчеттун жеткирилгендиги тууралуу ырастоону алуу, маалыматтын купуялуулугу, салык отчетторунун жана декларацияларынын форматтары өзгөргөн учурларда отчетторду электрондук түрдө берүүнүн форматтарынын версияларын автоматтык түрдө жаңылоо, маалыматты тез-ыкчам иштеп чыгуу, техникалык каталарды кетирбөө ж.б. сыяктуу артыкчылыктарды берет.
Интернет аркылуу отчетторду берүүнүн шарттары болуп: түйүнгө туташуу, салык төлөөчүдө логиндин жана паролдун болуусу жана ушулардын негизинде салык органдарына маалыматтарды жөнөтүү саналат.
Ошондой эле белгилеп кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-июлундагы № 144 токтому менен бекитилген салык отчеттуулугунун формаларын толтуруу жана берүү тартиби тууралуу Жобо бүгүнкү күндө күчүндө турат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан салык төлөөчүлөрдүн салык отчетторун электрондук түрдө берүүсү боюнча жогоруда айтылган Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керектиги тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому иштелип чыккан. Ушул кароого киргизилген Мыйзам долбоор кабыл алынган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине киргизилүүчү тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор күчүнө киргенде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда көрсөтүлгөн токтомун макулдаштыруу демилгеленет.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тууралуу" Мыйзамынын талаптарына ылайык ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий ачык сайтында жарыяланган. Ошону менен бирге коомдук талкуулоо чегинде Мыйзам долбоордун жоболорун жакшыртуу боюнча кандайдыр бир сунуштар келип түшкөн эмес.
Кошумча белгилеп кетүүчү нерсе, бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоону талап кылбайт.
Төрага К.Абдалиев
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Күчүндөгү редакция │ Сунушталуучу редакция │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│28-берене. Салык төлөөчүнүн │28-берене. Салык төлөөчүнүн │
│ электрондук документи │ электрондук документи │
│ жана цифралык │ жана цифралык │
│ колтамгасы │ колтамгасы │
│ │ │
│Салык төлөөчүнүн электрондук │ЭГЕРДЕ КОДЕКСТЕ БАШКАЧА КАРАЛБАСА,│
│документи жана цифралык колтамгасы│салык төлөөчүнүн электрондук │
│деп Кыргыз Республикасынын │документи жана санариптик кол │
│мыйзамдарынын электрондук цифралык│коюусу болуп, Кыргыз │
│колтамга жөнүндөгү талаптарына │Республикасынын мыйзамдарынын │
│ылайык түзүлгөн жана колтамга │электрондук санариптик кол коюу │
│коюлган документ саналат. │жөнүндөгү талаптарына ылайык │
│Электрондук санарип колтамгалуу │түзүлгөн жана кол коюлган коюлган │
│электрондук документтерди │документ саналат. │
│алмашуунун тартиби Кыргыз │Электрондук санарип колтамгалуу │
│Республикасынын Өкмөтү тарабынан │электрондук документтерди │
│бекитилет. │алмашуунун тартиби Кыргыз │
│ │Республикасынын Өкмөтү тарабынан │
│ │бекитилет. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│86-берене. Салыктык отчетторду │86-берене. Салыктык отчетторду │
│ түзүүнүн жана берүүнүн │ түзүүнүн жана берүүнүн │
│ тартиби │ тартиби │
│ │ │
│4. Электрондук салык отчетун │4. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН │
│түзүүдө электрондук документ салык│МЫЙЗАМДАРЫНДА КАРАЛГАН УЧУРЛАРДАН │
│төлөөчүнүн электрондук цифралык │ТЫШКАРЫ электрондук салык отчетун │
│койгон колу менен күбөлөндүрүлүүгө│түзүүдө электрондук документ салык│
│тийиш. │төлөөчүнүн электрондук цифралык │
│ │койгон колу менен күбөлөндүрүлүүгө│
│ │тийиш. │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │86-берене. Салыктык отчетторду │
│ │ түзүүнүн жана берүүнүн │
│ │ тартиби │
│ │ │
│ │10. САЛЫК ОТЧЕТУН ЭЛЕКТРОНДУК │
│ │ТҮРДӨ ЭЛЕКТРОНДУК САНАРИПТИК КОЛ │
│ │КОЮСУЗ БЕРҮҮГӨ КЫРГЫЗ │
│ │РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ АНЫКТАГАН │
│ │ТАРТИПТЕ ЖОЛ БЕРИЛЕТ. │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
"
КРнын Өкмөтүнө караштуу МСКнын төрагасы К.Абдалиев