Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 19-октябры № 731
Бишкек шаарында 2012-жылдын 12-сентябрында кол коюлган, "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- Бишкек шаарында 2012-жылдын 12-сентябрында кол коюлган, "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Бишкек шаарында 2012-жылдын 12-сентябрында кол коюлган, "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 12-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Каржылоо жөнүндөгү макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы тууралуу Азия өнүктүрүү банкына билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Бүгүнкү күнү Республиканын эң ири Токтогул ГЭСиндеги бардык жабдуулар эскирип бүттү жана толук алмаштырууну талап кылат. Станциянын эң эле зарыл деген жабдууларын жаңыртуу максатында Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) "Электр станциялары" ААКсы менен биргеликте Токтогул ГЭСиндеги агрегаттарды карап чыгып, эксперттик баасын берди. Изилдөө жана талдоо иштеринин жыйынтыгында начар, керектен чыгуу алдында турган жана оңдоп-түзөтүү иштеринин өткөрүлүүсү зарыл болуп жаткан агрегаттар аныкталды.
Макулдашуунун максаты төмөндөгүлөрдөн турат:
1. Токтогул ГЭСин реабилитациялоо - генералдык подрядчик менен "толук бүтүрүү" келишиминин негизинде толук көлөмдө аткарыла турчу иш жана кызмат көрсөтүүлөр менен бирге долбоорлоо, даярдоо, жабдуу, монтаж, тестирлөө жана оңдоо иштеги электр жана механикалык жабдууларды (генератордук өчүргүчтөр, негизги генераторлор менен жеке керектөөдөгү генераторлорду жүргүзүү системасы, гидротурбинанын айлануу жыштыгынын регулятору, 500 кВ кабель, 6 кВ көмөкчү жабдуулар жана башка көптөгөн контролдоп-өлчөөчү приборлор) жаңысына алмаштыруу каралган. Бул иш-чаралар үчүн 40 млн. АКШ доллар караштырылууда (салык алымдарынын кошпогондо). Долбоорду башкаруу үчүн "Электр станциялары" ААК консультант жалданмай болду, ошого 4 млн. АКШ доллары каралган.
2. Кыргыз энерго эсеп Борборун түзүү. Энерго эсеп борбору АСКУЭни энергия агымынын аныктап, бекитилген методологияга ылайык ачыктык ыкмасы аркылуу тармактагы каржы агымын бөлүштүрүүнү башкарууга алуу үчүн колдонот жана муну менен ал тармактагы компаниялардын каржы жана бюджетти туура пландап алуусуна шарт түзөт. Биринчи этапта эсептик борборду жөнгө салуу жана башкаруу иштери, алгачкы эки жыл ичинде эл аралык көтөрмөлөөчү (подрядчик) тарабынан жүзөгө ашырылат жана кийинчерээк бул функция жергиликтүү адистерге өткөрүлүп берилет. Энерго эсеп борбору эсептик борборду башкарууга алуу үчүн көтөрмөлөөчүнү жалдай турган Энергетика жана өнөр жай министрлигинин (ЭжӨМ) компетенциясында болот; эсептик борбор боюнча көтөрчөлөөчүнүн кызмат көрсөтүү наркы грант түрүндө ЭжӨМге бөлүнүп бериле турган гранттык каражаттардын эсебинен жабылат. Компоненттин бюджети 3 млн. АКШ доллар.
3. Нарын ГЭС каскадындагы плотиналардын абалын жана коопсуздугун изилдөөгө алуу. Нарын ГЭС каскадындагы плотиналар (атап айтканда: Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон ГЭСтери) 1960-1995-жылдар мезгилинде салынган. Андан бери гидрологиялык жана сейсмикалык коопсуздугу үчүн долбоорлоо критерийлери күчтөндүрүлгөн. Нарын дарыясындагы ГЭСтер сейсмикалык жактан коркунучтуу аймакта жайгашышкан жана жер көчкү, кар көчкү өңдүү геологиялык коркунучтарга ээ. Мындан сырткары, азыркы иштеп жатышкан плотиналардын долбоорлору гидрология жана суулардын мезгилдик кирүү көлөмүндөгү вариацияга климаттын өзгөрүү таасиринин эсепке албайт. Плотиналардын структуралык коопсуздугу баалоого муктаж, ошондой эле плотиналардын мониторинг процедураларын карап чыгуу зарыл. Зарыл болгон калыбына келтирүүчү иш-чараларды аныктап алуу үчүн плотиналардын коопсуздугун баалап алуу талап кылынат. Компоненттин бюджети 2 млн. АКШ долларын түзөт жана Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Калктын калың катмарын энергетика тармагындагы өнүгүү жана өткөрүлүп жаткан реформалардын пайдасы туурасында кабардар кылып турууга багытталган коомдук маалымат берүү программасы. Компоненттин бюджети 400 миң. АКШ долларын түзөт жана Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.
2012-жылдын 11-июнундагы Директорлор кеңешинин чечими менен Азия Өнүктүрүү Банкы ушул Долбоор боюнча бюджетин 55 миллион АКШ долларынын көлөмүндө бекитти, анын ичинде 15 миллион АКШ долларды кредиттик бөлүк жана 40 миллион АКШ долларды гаранттык бөлүк түзөт. Белгилей кетүүчү жагдай, бул гранттын 72,73% түзгөндүгү.
Долбоордун жалпы каржылануусу 62 млн. АКШ долларды түзөт жана алардын 55 млн. АКШ долларын (89%) АӨБ, ал эми калган 7 млн. долларды (11%) кошумча каржылоо түрүндө Кыргыз Республикасы берет (салыктан жана чогултуулардан бошотуу же төлөө түрүндө).
Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кредиттик бөлүк 8-жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо 32 жылга берилет жана жеңилдетилген мезгил ичинде анын жылдык үстөгү 1%ды түзсө, жеңилдетилген мезгил бүткөн соң 1,5%ды түзөт. Жеңилдетилген мезгил 2020-жылы аяктайт. Ал эми кредитти жабуу мөөнөтү 2044-жылдын 15-февралы.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги "Электр станциялары" ААКсына 15 млн. доллар кредит, жана 34,6 млн. доллар грантты кошкондо жалпы суммасы 49,6 млн. доллар өлчөмүндөгү каржы каражатын рекредитациялайт. Ал 1,5% жылдык үстөгү менен 25 жылга берилсе, анын 5 жылы жеңилдетилген мезгилди түзөт.
Жогорудагы чараларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлигине грант эсебинен 5,4 млн. доллар бөлүнөт.
Бул мыйзамдын долбоору колдонулуп жаткан Кыргыз Республикасынын закондорунун нормаларына жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин нормаларына каршы келбейт.
Долбоор ишкердүүлүктүн жөнгө салууга багытталбаганы жөнөтүлгөн эмес жана регулятивдик таасирде тандоого болбойт.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамдын 6, 7, жана 8-беренесине ылайык Келишим кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мекемелери менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттеринде жактырылган (2012-жылдын 25-июнундагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы комитетинин, № К-1856, 2012-жылдын 16-июлдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер комитетинин жана № К-1731, 2012-жылдын 28-июндагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономиканын тармактарын өнүктүрүү комитетинин тыянактары), ошондой эле Келишимдин долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-сентябрындагы № 453-з буйругу менен жактырылган.
Бул жерден белгилей кетчү нерсе, Мыйзамдын долбоорун кабыл алуунун артынан эч кандай социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс көрүнүштөр болбойт.
Эгер "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоору салыктардан жана топтомдордон бошотулса (Келишимдин 5-Тиркемесинин 7-беренесинин (а) тарамчасы), бул Мыйзамдын долбоору кабыл алынганда мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттардын муктаждыгы жоголот.
Долбоорду жүзөгө ашыруунун болжолдуу мөөнөтү - 4 жыл.
Токтогул ГЭСинин Кыргыз энергосистемасына маанилүүлүгүн эске алып, өлкө калкын электр энергиясы менен камсыздоону, Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтери үчүн күйүүчү отун сатып алуу максатында электр энергиясын коңшу өлкөлөргө экспорттоо зарылдыгын эске алсак, анын реконструкцияланышы өтө маанилүү экендиги талашсыз жана Токтогул ГЭСинин ишин 30-40 жылга узартууга мүмкүнчүлүк берет.
Эл аралык финансылык уюмдардын эсебинен Токтогул гидроэлектр станциясын реконструкциялоо жана жакшыртуу биринчи жолу жүзөгө ашырылат. Жогорудагы айтылган гидроэлектростанциясы ишке киргенден баштап аталган тармакка бул өңдүү каражат тартуу болгон эмес.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жана убакыттын тардыгына байланыштуу (Келишимдин 6.01 Бөлүмүнүн VI беренесине ылайык, мамлекеттин ичиндеги макулдашуу тартиби үчүн кол коюлгандан кийин 60 календардык күн бекитилген) "Бишкек шаарында 2012-жылдын 12-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкы ортосундагы "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрлиги колдоп берүүнү суранат.
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри | А.Калмамбетов |
1. Бишкек шаарында 2012-жылдын 12-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүсү маселеси боюнча.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын нормаларына жалпысынан ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык Макулдашуу ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитети (2012-жылдын 25-июну), Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитет (2012-жылдын 28-июну) жана Эл аралык иштер боюнча комитет менен (2012-жылдын 16-июлу) макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-сентябрындагы № 453-б буйругу менен жактырылган.
2. Макулдашууну ратификациялоонун мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана башка кесепеттер жөнүндө маселе боюнча:
Макулдашуунун шарттарына ылайык Азия өнүктүрүү банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоорун ишке ашыруу максатында 15 млн. АКШ доллар суммасында насыя жана 40 млн. АКШ доллар суммасында грант берилет.
Мында бул долбоордун жалпы каржыланышы (62 млн. АКШ долларын түзөт. анын ичинен 7 млн. АКШ долларын (11%) тең каржылоо иретинде Кыргыз Республикасы берет.
Насыялык бөлүк Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 32 жылга берилет. жеңилдетилген мезгилин кошкондо - 8 жыл, жеңилдетилген мезгилдин ичинде жылдык пайыздык ставка - 1% жана жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин - 1,5%.
Жеңилдетилген мезгил 2020-жылы аяктайт. Насыяны жабуу мөөнөтү 2044-жылдын 15-февралында аяктайт. Пайыздардын жыйынтык суммасы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 1 млн. АКШ доллары өлчөмүндө аныкталган.
Бул долбоорду ишке ашыруу Токтогул ГЭСинде азыркы учурда эскилиги жеткен негизги жана көмөкчү жабдууларды алмаштырууга жана оңдоого мүмкүндүк берет. Бул чаралар Токтогул ГЭСинин ишинин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, муну менен катар республиканын энергия коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле кийин бул ГЭСти пайдалануу жана техникалык жактан тейлөө боюнча иш-чараларга кеткен чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле долбоордун алкагында ГЭСтин Нарын каскадынын плотиналарынын абалын жана коопсуздугун керектүү таасир этүү чараларын берүү менен изилдөө жүргүзүү каралууда.
Эл аралык финансы уюмдарынын каражаттарынын эсебинен Токтогул ГЭСин реконструкциялоону жана модернизациялоону каржылоо биринчи жолу жүзөгө ашырылып жатканын белгилей кетүү зарыл.
Бул долбоорду жүзөгө ашыруу Токтогул ГЭСинин ишин 30-40 жылга узартууга мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр | Н.Момуналиев |