Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 22-октябры № 735
Ашхабад шаарында 2012-жылдын 30-майында кол коюлган, КМШга катышуучу мамлекеттердин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча координациялык кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Ашхабад шаарында 2012-жылдын 30-майында кол коюлган, КМШга катышуучу мамлекеттердин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча координациялык кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуунун 3-беренесинде каралган ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ашхабад шаарында 2012-жылдын 30-майында кол коюлган, КМШга катышуучу мамлекеттердин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча координациялык кеңешин түзүү жөнүндө Макулдашуу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу болуп аныкталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |