Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 22-октябры № 736
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекет ичиндеги процедураларды аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр
| Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россия тарапка Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги процедураларды аткарганы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясына Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын нормаларына ылайык келет, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин нормаларына каршы эмес.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен, 2012-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жана Эл аралык иштер боюнча комитети менен макулдашылган. Макулдашууга Кыргыз Республикасынын финансы министри О.В.Лаврова жана Россия Федерациясынын финансы министринин орун басары С.А.Сторчак кол коюшкан.
2. Макулдашууну ратификациялоонун мүмкүн болгон финансылык-экономикалык натыйжалары жөнүндө маселе боюнча.
Кол коюлган Макулдашуунун жоболорунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын төмөнкүдөй категориялары жөнгө салынат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясына карызын жөнгө салуу жөнүндө 2005-жылдын 5-сентябрындагы макулдашуу боюнча 188,9 млн. АКШ долларын түзгөн карыз (мындан ары - 2005-жылдын 5-сентябрындагы Макулдашуу);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасына мамлекеттик кредит берүү жөнүндө 2009-жылдын 3-февралындагы макулдашуу боюнча 300,0 млн. АКШ долларын түзгөн карыз (мындан ары - 2009-жылдын 3-февралындагы Макулдашуу).
2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Макулдашуу 2005-жылдын 5-сентябрындагы Макулдашуу боюнча 188,9 млн. АКШ доллары суммасындагы карызды бир жолу жана толук көлөмдө кечүүгө мүмкүндүк берет. Кечүү 2012-жылдын 20-сентябрындагы Макулдашуу күчүнө кирген күндөн баштап ишке ашырылат.
Мындан тышкары, 2009-жылдын 3-февралындагы Макулдашуу боюнча 300,0 млн. АКШ доллары суммасындагы карыз 2016-жылдын 16-мартынан баштап 10 жыл бою бирдей өлчөмдөрдө эсептен чыгарылат (б.а. 10 жыл бою ар жылы 30,0 млн. АКШ доллары эсептен чыгарылат). 2016-жылдын 16-мартына чейин Кыргыз Республикасы проценттерди гана тейлейт.
Жалпысынан, Макулдашуу Кыргыз Республикасынын 2049-жылга чейин төлөнүүгө тийиш болгон карыздык милдеттенмелеринин көлөмүн негизги карыз боюнча 488,9 млн. АКШ доллары суммасында, проценттер боюнча 110,1 млн. АКШ доллары суммасында азайтууга мүмкүндүк берет. Мында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына мамлекеттик карызын тейлөөнүн суммасы 2013-жылдын мартынан 2016-жылдын мартына чейинки мезгилде 33,7 млн. АКШ долларынан 8,0 млн. АКШ долларына чейин азаят. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызы өлкөнүн бүткүл тышкы мамлекеттик карызынын 17,2%ин түзөөрүн айта кетүү зарыл.
Макулдашууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын тышкы мамлекеттик карызын азайтууга, өлкөнүн Өкмөтүнө каражаттардын бир бөлүгүн тышкы карызды төлөө үчүн бошотууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин башка маанилүү сарптоо статьяларына жумшоого мүмкүндүк берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы мамлекеттик карызын бир топ жеңилдетет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр | Н.Момуналиев
|
2012-жылдын 31-августуна карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызы 2,8 млрд. АКШ долларын түзөт.
2012-жылдын 20-сентябрында Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин Кыргыз Республикасына расмий визитинин жүрүшүндө Россия Федерациясынын алдында Кыргыз Республикасынын мурда берилген кредиттер боюнча карызын жөнгө салуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууга кол коюлган.
Кол коюлган Макулдашуунун жоболору менен Россия Федерациясынын алдында Кыргыз Республикасынын карызынын төмөнкү категориялары жөнгө салынат:
- 2005-жылдын коюлган Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын кыскарышы өлкөнүн Өкмөтү үчүн тышкы карызды төлөөгө каражаттардын бир бөлүгүн бошотууга жана аларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин олуттуу чыгаша статьяларына багыттоого мүмкүнчүлүк түзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын жүгүн көрүнүктүү жеңилдедет.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Мыйзамына ылайык Макулдашуу күчүнө кириши үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүү зарыл.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Россия Федерациясынын алдында Кыргыз Республикасынын мурда берилген кредиттер боюнча карызын жөнгө салуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну" ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароого киргизет.
Министр | О.Лаврова
|
5-сентябрындагы Мурда берилген кредиттер боюнча Россия Федерациясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын карызын жөнгө салуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуусу боюнча карыз, ал 188,9 млн. АКШ долларын түзөт (мындан ары 2005-жылдын 5-сентябрындагы Макулдашуу);
- 2009-жылдын 3-февралындагы Кыргыз Республикасына мамлекеттик кредитти берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтү ортосунда Макулдашуу боюнча карыз, ал 300,0 млн. АКШ долларын түзөт (мындан ары - 2009-жылдын 3-февралындагы Макулдашуу).
2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Макулдашуу 2005-жылдын сентябрындагы Макулдашуу боюнча 188,9 млн. АКШ доллары өлчөмүндө карызды бир жолу жана толук көлөмдө эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет. Эсептен чыгаруу 2012-жылдын 20-сентябрындагы Макулдашуунун күчүнө кирүү датасында жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, 2009-жылдын 3-февралындагы Макулдашуу боюнча 300,0 млн. АКШ доллары суммасында карыз, 2016-жылдын 16-мартынан баштап, жылдык тең үлүштөр менен 10 жылдын ичинде эсептен чыгарылат (б.а. 10-жылдын ичинде жыл сайын 30,0 млн. АКШ доллары). 2016-жылдын 16-мартына чейин Кыргыз Республикасы пайыздарды гана тейлейт.
Жалпысынан, 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Макулдашуу негизги карыз боюнча 488,9 млн. АКШ долларына жана 2049-жылга чейин төлөөгө жаткан пайыздар боюнча 110,1 млн. АКШ долларына Кыргыз Республикасынын карыздык милдеттенмелеринин көлөмүн кыскартууга мүмкүндүк түзөт. Алсак, 2013-жылдан 2016-жылдын мартына чейин Россия Федерациясы алдында мамлекеттик карызды тейлөө суммасы 33,7 млн. АКШ доллары суммасынан 8.0 млн. АКШ долларына чейин кыскарат. Россия Федерациясынын алдында Кыргыз Республикасынын карызы өлкөнүн жалпы мамлекеттик тышкы карызынын 17,2% тартибин түзөөрүн белгилеп кетүү керек.