КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 23-октябры № 743
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 "Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу жободо:
- 1.1-пункттун төртүнчү абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;
- 1.1-пунктча төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- аймактык бөлүм - ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген компетенциянын чегинде өз ишин жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү.";
- 2.1-пункттун төртүнчү абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;
- 4.1-пунктта "социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөрүнө" деген сөздөр "аймактык бөлүмгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6.2-пункттун биринчи абзацында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;
- 6.3-пункттун 2-пунктчасында "жана жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;
- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "аймактык бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:
- 215-пункттун биринчи абзацында "(эгерде жашы жете элек мүлктүн менчик ээси болуп саналса, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн - арыз түрүндөгү макулдугу, эгерде жашы жете элек негизги ээси болуп саналса - райондук администрациянын токтому түрүндөгү уруксаты) үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн" деген сөздөр "(эгерде жашы жете элек мүлктүн менчик ээси же негизги ээси болуп саналса, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн - арыз түрүндөгү алдын ала уруксаты) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 215-пункттун үчүнчү абзацында "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмүнүн" деген сөздөр "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 231-пунктта "үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн уруксаты" деген сөздөр "балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн алдын ала уруксаты" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 521 "Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункттун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- асыроонун негиздүүлүгү жөнүндө корутунду - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берүүчү, асыроону белгилөө жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу үчүн негиз болуучу документ";
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Асырап алууну асырап алууга талапкердин арызы боюнча сот белгилейт.";
- 5-пункттун экинчи абзацында "жергиликтүү мамлекеттик администрация, шаардын мэриясы" деген сөздөр "сот" деген сөзгө алмаштырылсын;
6-пунктта:
- төртүнчү абзацта "Жергиликтүү мамлекеттик администрация, шаардын мэриясы" деген сөздөр "Сот" деген сөзгө алмаштырылсын;
- бешинчи абзацта "багып алган ата-энелери жашаган жердеги жергиликтүү мамлекеттик администрацияда же шаардын мэриясында күбөлөндүрүлгөн" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пунктта:
экинчи абзацында ", камкорчулардын (көзөмөлдөөчүлөрдүн), багып алган ата-энелердин" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Камкордукта (көзөмөлдө) турган балдарды асыроо үчүн аларды камкордукка алуучулардын (көзөмөлдүк кылуучулардын) жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.
Багып алган үй-бүлөдөгү балдарды асыроо үчүн аларды багып алган ата-эненин жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.
Ата-эненин камкордугусуз калган жана окутуу-тарбиялоо мекемелеринде, калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде, дарылоо мекемелеринде жана башка ушундай мекемелерде жүргөн балдарды асыроо үчүн бул мекемелердин жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу зарыл.";
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Асырап алуучунун курагы 60 жаштан ашпоого тийиш. Баланын ата-энеси кайтыш болгон, белгисиз болгон же сот тарабынан дайынсыз жок деп табылган, сот тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган, сот тарабынан жүйөөсүз деп табылган себептер боюнча сот тарабынан ата-энелик укугунан ажыратылган, алты айдан ашык бала менен бирге жашабаган жана аны тарбиялоодон жана багуудан качкан учурларда, ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен баланын туугандары болуп саналган 60 жаштан ашкан адамдар, ошондой эле баланы камкордукка алуучу, көзөмөлчүсү болуп саналган адамдар асырап алуучулар болушу мүмкүн.";
- 20-пункттун үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 133-беренесиндеги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексинин 48, 49-беренелериндеги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 30-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"30. Баланы асыроо жөнүндө материалдарды жарандык сот өндүрүш тартибинде сот карап чыгууга тийиш.";
- 35-пунктта:
сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- ушул Жободо каралган тартипте тиешелүү корутунду берүүгө.";
тогузунчу абзацында "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын" деген сөздөр "соттун" деген сөзгө алмаштырылсын;
онунчу абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 48-пункттун экинчи абзацында "Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 133-беренесиндеги (1-пункттун сегизинчи абзацынан башкасы)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө Кодексинин 48- жана 49-беренелериндеги (48-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктчасынан башкасы)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 50-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 52-пункттун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 55-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"55. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча каттоо эсебинен чыгаруу "Ички миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүмү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан таризделет.
Кыргыз Республикасында асыралган балдарды консулдук эсепке коюу алар асырап алуучулар жашаган мамлекетке кеткен күндөн тартып 15 күндүк мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |