Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 24-октябры № 745
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон
каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарынан төлөөнүн тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси (мындан ары - Эреже) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Эрежеге ылайык Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөөнү төмөнкүдөй тартипте камсыз кылсын:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурдан баштап камсыздалган, каза болгон адамдын мурасчыларына:
2013-жылдын 1-январынан тартып:
а) Кыргыз Республикасынын жарандарына, туруктуу жашоого Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кеткен жана кетип жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга:
б) жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар иштеп жаткан жана Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн 2012-жылдын 1-январынан тартып бошотулган пенсионерлерге;
2013-жылдын 1-январынан тартып, бирок мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияга укук пайда болгон күндөн мурда эмес, төмөнкү камсыздандырылган адамдарга:
а) 2012-жылдын 1-январынан тартып пенсиянын топтоо бөлүгүн түзүүдөн чыгарылгандарга: 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектерге, жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аялдарга:
б) "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыгып жаткандарга;
в) "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккандарга.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |