Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-январы № 11
"Аква Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомуна жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 92-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл округунун Ордокучпас участогунда Ысык-Көлдүн суу коргоо зонасында жайгашкан 1,5 га жерди балык ресурстарын тукумун көбөйтүү үчүн "Аква Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомго 10 жылдык мөөнөткө, жаратылышты коргоо мыйзамдары сакталганда пролонгациялоо мүмкүндүгү менен убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган сунушу кабыл алынсын.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер балык ресурстарын тукумун көбөйтүү үчүн "Аква Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомго 10 жылдык мөөнөткө, жаратылышты коргоо мыйзамдары сакталганда пролонгациялоо мүмкүндүгү менен убактылуу пайдаланууга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы жер-каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |