Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-январы № 14
Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат (тиркелет) көңүлгө алынсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары квартал, сайын жетишкендиктерди жана проблемаларды талдоо, ички жана тышкы факторлордун таасирин, ошондой эле отчёттук жылдын аягына чейинки күтүлгөн көрсөткүчтөрдү эске алуу менен отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигине Кыргыз Республикасынын 2011-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча талдоо жүргүзүү жана аналитикалык материал даярдоо үчүн социалдык-экономикалык абал жөнүндө отчёт берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө жалпыланган маалымат берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |