КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-февралы №33
"Бишкек шаарында 2010-жылдын 5-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Займ (атайын операциялар) жөнүндө (ЦАРЭС региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча долбоорго кошумча) макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2010-жылдын 5-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Займ (атайын операциялар) жөнүндө (ЦАРЭС региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча долбоорго кошумча) макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2010-жылдын 5-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Займ (атайын операциялар) жөнүндө (ЦАРЭС региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча долбоорго кошумча) макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2010-жылдын 5-ноябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Займ (атайын операциялар) жөнүндө (ЦАРЭС региондук жол коридорун жакшыртуу боюнча долбоорго кошумча) макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол жоболор аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте маалымдасын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|