Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 253 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-февралы №36
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-августундагы № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-августундагы №149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пунктундагы "Президентинин Администрациясынын экономикалык өнүгүү жана мониторинг" деген сөздөр "Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча Кеңеш жөнүндө жободо
2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Президенти (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 11-февралындагы № 11 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |