Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-февралы №38
2011-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграциялык квотаны аныктоо жөнүндө
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. 2011-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. 2011-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген ушул токтом менен аныкталган иммиграцияга квота Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри 2011-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген иммиграцияга квотаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекиткен учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Тиркеме
┌─────────────────────────────────────────────────────┬───────────────┐
│ Региондун аталышы │ Саны (адам) │
├─────────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│Бишкек шаары │ 440 │
├─────────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│Ош шаары │ 70 │
├─────────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│Баткен облусу │ 128 │
├─────────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│Жалал-Абад облусу │ 150 │
├─────────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│Ысык-Көл облусу │ 50 │
├─────────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│Нарын облусу │ 53 │
├─────────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│Ош облусу │ 91 │
├─────────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│Талас облусу │ 18 │
├─────────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│Чүй облусу │ 300 │
├─────────────────────────────────────────────────────┼───────────────┤
│Бардыгы │ 1300 │
└─────────────────────────────────────────────────────┴───────────────┘