Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы №31 токтому менен бекитилген |
Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 357, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 558, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 374 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - Реестр) катталган (кайра катталган) жана ишин токтоткон юридикалык жактар, филиалдар (өкүлчүлүктөр) жөнүндө маалыматтар камтылган китеп болот.
2. Реестр катуу мукабалуу болот, барактары сапаттуу кагаздан жасалат, барактарына номур коюлууга, көктөлүүгө, каттоочу органдын гербдүү мөөрү басылып бекитилүүгө жана жетекчинин же анын юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо маселесин тейлеген орун басарынын колу коюлууга тийиш.
3. Реестрге жазуулар мамлекеттик же расмий тилде, даана жазылат, кырып өчүрүүгө болбойт. Оңдоолор реестрге жазууларды жазган адамдын колу менен ырасталышы керек.
4. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар болот:
- мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук, кыскартылган (бар болсо) фирмалык аталышы;
- каттоо жөнүндө буйрук чыккан дата жана номуру;
- алгачкы мамлекеттик каттоо датасы;
- уюштуруучулук-укуктук формасы жана менчик формасы;
- юридикалык жакты түзүү жолу (уюштуруу же өзгөртүп түзүү);
- каттоо номуру, идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН), ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун (мындан ары - ИУЖК) коду;
- юридикалык дареги (жайгашкан жери);
- телефон жана факс номуру, электрондук дареги;
- юридикалык жактын уюштуруучулары жөнүндө маалымат;
- уставдык капиталдын (үлүштүк фонддун) өлчөмү, уюштуруучулардын (катышуучулардын) (акционердик коомдордон башка) үлүштөрүнүн өлчөмү;
- юридикалык жак жоюлуу процессинде турганы жөнүндө маалымат;
- юридикалык жактын жоюлушу жөнүндө маалымат;
- жетекчи жөнүндө маалымат;
- филиалды (өкүлчүлүктү) түзгөн юридикалык жак жөнүндө маалымат;
- эскертүү;
- жазууларды киргизген кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты, колу.
5. "Мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук, кыскартылган (бар болсо) фирмалык аталышы" графасында уюштуруу документтерине ылайык уюштуруучулук-укуктук формасын көрсөтүү менен юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук, кыскартылган (бар болсо) фирмалык аталышы көрсөтүлөт.
6. "Каттоо жөнүндө буйрук чыккан датасы жана номуру" графасында юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтоткондугун каттоо жөнүндө буйрук чыккан дата жана анын номуру көрсөтүлөт.
7. "Алгачкы мамлекеттик каттоо датасы" графасында юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) алгачкы мамлекеттик каттоо жөнүндө буйруктун датасы жана номуру тууралуу жазуу жазылат.
8. "Уюштуруучулук-укуктук формасы жана менчик формасы" графасында юридикалык жактын уюштуруучулук-укуктук формасы жана менчигинин формасы көрсөтүлөт.
9. "Юридикалык жакты түзүү жолу (уюштуруу же өзгөртүп түзүү)" графасында юридикалык жакты түзүү жолу (уюштуруу же өзгөртүп түзүү) көрсөтүлөт.
10. "Каттоо номуру, ИСН, ИУЖК коду" графасында ар бир катталган (кайра катталган) юридикалык жакка, филиалга (өкүлчүлүккө) таризделчү жана архивдик каттоо делосуна да ыйгарылчу каттоо номуру, ИСН, ИУЖК коду көрсөтүлөт. Ушул графада мамлекеттик реестрге жазуу жазылган күн да көрсөтүлөт.
11 ."Юридикалык дареги (жайгашкан жери)" графасына юридикалык жактын юридикалык дареги же филиалдын (өкүлчүлүктүн) жайгашкан жери жөнүндө жазуулар жазылат.
12. "Телефон жана факс номуру, электрондук дареги" графасында юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) телефон жана факс номуру, электрондук дареги көрсөтүлөт.
13. "Юридикалык жакты уюштуруучулар жөнүндө маалымат" графасында каттоо документтерине ылайык юридикалык жакты уюштуруучулардын фирмалык аталышы (аталыштары) жана (же) фамилиясы (фамилиялары) жана инициалдары көрсөтүлөт.
14. "Уставдык капиталдын (үлүштүк фонддун) өлчөмү, уюштуруучулардын (катышуучулардын) (акционердик коомдордон башка) үлүштөрүнүн өлчөмү" графасында чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталынын өлчөмү, уюштуруучулардын (катышуучулардын) (акционердик коомдордон башка) үлүштөрүнүн өлчөмдөрү көрсөтүлөт.
15. "Юридикалык жак жоюлуу процессинде турганы жөнүндө маалымат" графасында юридикалык жак жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө жазуу жазылат.
16. "Юридикалык жактын жоюлушу жөнүндө маалымат" графасында юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) жоюу жөнүндө маалымат жана иштин токтотулушун каттоо жөнүндө буйрук чыккан күн жана анын номуру көрсөтүлөт.
17. "Жетекчи жөнүндө маалымат" графасында каттоо документтерине ылайык биринчи жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты көрсөтүлөт.
18. "Филиалды (өкүлчүлүктү) түзгөн юридикалык жак жөнүндө маалымат" графасында филиалды (өкүлчүлүктү) түзгөн юридикалык жактын толук фирмалык аталышы көрсөтүлөт.
19. "Эскертүү" графасында башка маалыматтар, ошондой эле өзгөчө белгилөөлөр көрсөтүлөт.
20. "Жазууларды киргизген кызмат адамынын фамилиясы, аты, атасынын аты" графасында иш-милдетине Реестрди жүргүзүү кирген адам жөнүндө тиешелүү маалыматтар көрсөтүлөт.
21. Номурларын коюуда жаңылыштыктар аныкталганда, жазууларга оңдоолор киргизилгенде эскертүүлөр графасына өзгөчө белгилөөлөр түшүрүлөт.
Реестрди алууга аны жүргүзүүгө жана сактоого жооптуу жана анын ишин текшерүүгө укуктуу кызмат адамы акылуу.
22. Юридикалык жакты каттоо номурунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- Реестрдин катар номуру;
- каттоочу органдын коду (1-таблица);
- уюштуруу-укуктук формасынын көрсөтүлүшү (2-таблица).
1-таблица
N | Каттоочу органдын коду | Каттоочу органдын аталышы |
1 | 3300 | Юстиция министрлиги |
2 | 3301 | Бишкек шаарынын Юстиция башкармасы |
3 | 3302 | Ысык-Көл облусунун Юстиция башкармасы |
4 | 3303 | Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармасы |
5 | 3304 | Нарын облусунун Юстиция башкармасы |
6 | 3306 | Ош облусунун Юстиция башкармасы |
7 | 3307 | Талас облусунун Юстиция башкармасы |
8 | 3308 | Чүй облусунун Юстиция башкармасы |
9 | 3309 | Баткен облусунун Юстиция башкармасы |
10 | 3310 | Ош шаарынын Юстиция башкармасы |
2-таблица
N | Уюштуруу-укуктук формасы | Белгиленилиши |
1 | Мамлекеттик ишкана | МИ |
2 | Муниципалдык ишкана | МИ |
3 | Толук шериктештик | ТШ |
4 | Коммандиттик шериктештик | КШ |
5 | Жоопкерчилиги чектелген коом | ЖЧК |
6 | Кошумча жоопкерчиликтеги коом | КЖК |
7 | Ачык акционердик коом | ААК |
8 | Жабык акционердик коом | ЖАК |
9 | Дыйкан (фермер) чарба | ДЧ |
10 | Коммерциялык кооператив | КК |
11 | Коммерциялык эмес кооператив | КэК |
12 | Коомдук бирикме | КБ |
13 | Коомдук фонд | КФ |
14 | Мекеме | М-е |
15 | Диний уюм | ДУ |
16 | Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиги | ТМШ |
17 | Фонддук биржа | ФБ |
18 | Юридикалык жактардын бирикмеси (ассоциация, союз) | ЮЖБ |
19 | Саясий партия | СП |
20 | Сууну пайдалануучулардын бирикмеси (ассоциациясы) | СПБ |
21 | Топтолмо пенсиялык фонд | ТПФ |
22 | Иш берүүчүлөрдүн бирикмеси | ИБ |
23 | Кесиптик бирлик | КБ |
24 | Кесиптик бирликтердин бирикмеси | КББ |
25 | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы | СЖП |
26 | Кыргыз Республикасынын Борбордук банкы | ББ |
27 | Филиал | Ф-л |
28 | Өкүлчүлүк | Ө-к |
29 | Жамаат | Ж-т |
30 | Ссуда-аманат турак жай-курулуш кассасы | САК |
31 | Адвокатура | А-а |
32 | Адвокаттар коллегиясы | АК |
33 | Адвокаттык бюро | АБ |
34 | Кесипкөй аудитордук бирикме | КАБ |
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июнундагы № 357, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 558, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 374 токтомдорунун редакцияларына ылайык)