Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген |
Салык төлөөчүлөрдүн салык мыйзамдарын сактоосу боюнча салык органдарынын кызмат адамдары тарабынан камералдык текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Камералдык текшерүүнүн мөөнөттөрү жана ыкмалары
1-глава Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо салык төлөөчүлөрдүн салык отчетторун камералдык текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча (мындан ары - камералдык текшерүү) салык органдарынын ишин уюштуруунун бирдиктүү принциптерин белгилейт.
2. Камералдык текшерүү жүргүзүүнүн максаты салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын өз убагында жана толук аткарылышына контролдукту жана көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыруу болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 100 жана 107-беренелеринин ченемдерине ылайык камералдык текшерүү салык төлөөчү тарабынан сунушталган (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген учурларда) салык декларацияларынын, эсептөөлөрдүн жана отчеттордун (мындан ары - салык отчету) жана бухгалтерлик отчеттун, ошондой эле салык органында болгон салык төлөөчүнүн иши жөнүндөгү башка документтердин негизинде салык кызматы органы турган жерде түздөн-түз жүргүзүлөт.
4. Камералдык текшерүүнү жүргүзүүдө салык органынын кызмат адамдары, алардын кызматтык милдеттерине ылайык Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин ченемдеринде аныкталган, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптерин жетекчиликке алууга милдеттүү.
2-глава Камералдык текшерүүнүн мөөнөттөрү жана ыкмалары
5. Камералдык текшерүү салык органынын жетекчисинин кандайдыр-бир атайын чечимисиз салык органынын кызмат адамы тарабынан анын кызматтык милдеттерине ылайык жүргүзүлөт.
6. Камералдык текшерүү жүргүзүүдө салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүдөн кошумча кабарларды талап кылууга, салыктын эсептелишинин тууралыгын жана өз убагында төлөнүшүн ырастаган түшүнүктөрдү, маалымкатты жана документтерди алууга укуктуу. Камералдык текшерүү өткөрүү жөнүндө салык төлөөчү кабарланбайт.
7. Салык органынын кызмат адамы камералдык текшерүү жүргүзүүдө мамлекеттик статистика органдары туруктуу негизде чыгарган маалыматтарын пайдаланат: топтомдорун, бюллетендерди, ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасынын маалыматтарын, автотранспорт каражаттарын, анын ичинде тракторлорду, моторлуу кайыктарды (суу мотоциклдерин ж.б.), өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, ошондой эле аларга чиркелчү прицептерди каттоо жөнүндө маалыматтарды, башкача айтканда салык салынуучу объекттерди каттоону жүргүзгөн органдардан кагаз түрүндө алынчу бардык маалыматты колдонушат.
8. Камералдык текшерүүнү жүргүзүүдө салык органынын кызмат адамы мыйзамдарга ылайык салык салуу объекттерине укуктардын өтүүсүнө байланышкан бүтүмдөрдү каттоону жүргүзүүчү органдардан алынган маалыматтарды пайдалана алат.
9. Сунуш кылынган салык жана бухгалтердик отчеттордун негизинде салык органынын кызмат адамы төмөндөгүлөрдү текшерет:
- тиркемелерге ылайык (алар болгондо) салык салынуучу объектти аныктоонун тууралыгын;
- документтин формасында (декларацияда, эсептөөлөрдө жана отчеттордо) каралган саптардын жана графалардын көрсөткүчтөрүнө жараша салык отчетторунда көрсөтүлгөн маалыматтарды арифметикалык эсептөөнүн тууралыгын;
- салык органында болгон маалыматтарга жараша экономикалык ишке байланышкан зыянды жана башка салыктык кемитүүлөрдү билдирген которуунун негиздүүлүгүн;
- салык төлөөчүнүн салыктар боюнча жеңилдиктерди жана ставкаларды колдонуусу тууралыгын жана алардын колдонуудагы мыйзамдарга ылайыктуулугун.
10. Салык базасын эсептөөнүн тууралыгын текшерүү этабында төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
- салык базасын эсептөө үчүн зарыл болгон айрым отчеттук жана эсептик көрсөткүчтөрдүн ортосундагы логикалык байланышты текшерүү;
- отчеттук көрсөткүчтөрдүн мурдагы отчеттук мезгилдин ушундай көрсөткүчтөрү менен салыштыруу;
- бухгалтердик отчеттуулук менен салык отчеттуулугунун көрсөткүчтөрүн текшерүү;
- салык органында болгон бухгалтердик жана салык отчеттуулугунун маалыматтарын, башка булактардан алынган, төлөөчүнүн каржылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарга ылайыктуулугу көз карашында баалоо.
11. Текшерүү жүргүзгөн салык органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан камералдык текшерүүнүн натыйжалары боюнча укук бузуунун бети ачылган учурда, камералдык текшерүүнүн маалымат каты эркин формада түзүлөт. Мында салык органынын жетекчисинин (жетекчинин орун басарынын) атына камералдык салык текшерүүсүн жүргүзүү үчүн жооптуу бөлүмдүн начальниги менен макулдашылган билдирүү каты түзүлөт.
Эгер камералдык текшерүүнүн натыйжалары боюнча салык органынын кызмат адамы салык суммасын төмөндөтүү же жогорулатуу фактысын, ошондой эле салык отчетун толтурууда кетирилген башка каталарды аныктаган учурда салык органы аныкталган каталыктар жөнүндө зарыл түшүндүрмөлөрдү берүү же 15 календардык күндүн ичинде тиешелүү оңдоолорду киргизүү талабы менен салык төлөөчүгө кат жүзүндө кабарлайт.
12. Көрсөтүлгөн түшүндүрмөлөрдү берүүчү салык төлөөчү салык органына салыктык жана (же) бухгалтердик эсепти каттоолорунан жазып алууларды, салык отчетуна киргизилген маалыматтардын аныктыгын ырастаган башка документтерди кошумча берүүгө укуктуу.
Камералдык текшерүү жүргүзүүдө салык органынын кызмат адамы ошондой эле салык жеңилдиктерин пайдаланган салык төлөөчүдөн белгиленген тартипте бул жеңилдиктерге укуктуу экенин ырастаган документтерди талап кылууга укуктуу.
13. Камералдык текшерүү аныктаган каталыктар салык төлөөчү тарабынан белгиленген мөөнөттө четтетилбеген учурда салык органы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 82 жана 83-беренелеринин талаптарына ылайык маалымдоо жөнөтүүгө укуктуу.
Бул учурда салык органынын маалымдоосу салык төлөөчүгө кол койдуруу менен тапшырылат же салык төлөөчүнүн аны алгандыгы фактысы жана датасы жөнүндө күбөлөндүргөн башка ыкма менен берилет.
Маалымдоо почта боюнча заказдык кат менен жиберилген учурда, маалымдоо алынган же тапшыруу жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн алуудан баш тартуу датасында алынган деп эсептелинет.
14. Эгер салык төлөөчү өзү берген салык отчетунан маалыматтар чагылдырылбагандыгын же толук эмес чагылдырылгандыгын, ага тете эле, төлөнүүгө тийиш болгон салык суммасынын төмөндөшүнө алып келген каталыктарды өз алдынча тапкан учурда салык отчетуна зарыл толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.
15. Салык органына Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган тартипке жана мөөнөттөргө ылайык салык отчетуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз жолдогон жана салыктын жетпеген суммасын жана туумду бюджетке төлөгөн салык төлөөчү (эгер көрсөтүлгөн арыз салык отчетун берүү мөөнөтү жана салыкты төлөө мөөнөтү өткөндөн кийин жиберилген учурда) салык отчетун түзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
16. Камералдык текшерүүнүн натыйжалары боюнча салык органынын талаптарына салык төлөөчү макул болбогон учурда, салык төлөөчү белгиленген мыйзам тартибинде бул органдын аракетине арызданууга укуктуу.
17. Камералдык текшерүүнүн натыйжалары салык органдары тарабынан көчмө салык текшерүүлөрүн пландоо жана даярдоо, анын ичинде кайра текшерүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.