Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-февралы №58
"2010-жылдын 9-декабрында Москва шаарында кол коюлган Чарбакер субъекттердин Бажы союзунун алкагындагы талаштары боюнча Евразия экономикалык шериктештигинин сотуна кайрылуу жана алар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Евразия экономикалык шериктештигинин Мамлекеттер аралык кеңешинин (мамлекет башчыларынын деңгээлинде) 2010-жылдын 9-декабрындагы "Чарбакер субъекттердин Бажы союзунун алкагындагы талаштары боюнча Евразия экономикалык шериктештигинин сотуна кайрылуу жана алар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишим тууралуу" чечиминин 2-пунктуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2010-жылдын 9-декабрында Москва шаарында кол коюлган Чарбакер субъекттердин Бажы союзунун алкагындагы талаштары боюнча Евразия экономикалык шериктештигинин сотуна кайрылуу жана алар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
2010-жылдын 9-декабрында Москва шаарында кол коюлган Чарбакер субъекттердин Бажы союзунун алкагындагы талаштары боюнча Евразия экономикалык шериктештигинин сотуна кайрылуу жана алар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишим ратификацииялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болгон Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине Кыргыз Республикасы аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|