Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-февралы №72
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын ведомосттору, 2008-ж., № 5, 474-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү жана сандагы "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү жана сандагы "аткаруучу" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 2-берененин 1-бөлүгүндө:
1) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"шаар тибиндеги поселок (поселок) - административдик-аймактык бирдик, анын чегинде жергиликтүү коомчулук жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүргүзөт;";
2) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылган өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары;";
3) онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Жергиликтүү башкаруунун аткаруучу органы болуп шаарларда мэрия, айыл округдарында жана шаар тибиндеги поселоктордо (поселокто) айыл өкмөтү эсептелет;";
4) он экинчи жана он үчүнчү абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
5) он төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"айыл округунун башчысы, поселоктун башчысы - шайлануучу кызмат адамы, айыл өкмөтүнүн башчысы;";
6) он алтынчы жана он жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"мэр - республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаардын шайлануучу кызмат адамы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы;
мэрия - шаарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын функцияларын ишке ашыруу боюнча мэрдин ишин камсыздоо үчүн түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы. Республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясынын курамына түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр кириши мүмкүн;".
10-беренеде:
1) 2-бөлүктүн биринчи абзацындагы "Президент Өкмөттүн сунушу боюнча" деген сөздөр "Өкмөт" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Президент" деген сөз "Өкмөт" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын мыйзамсыз актыларын жокко чыгаруу жөнүндө соттук чечим белгиленген процессуалдык тартипте чыгарылганда:
- Президент тиешелүү жергиликтүү кеңешти таратат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду жарыялайт;
- Премьер-министр республикалык жана облустук маанидеги шаардын тиешелүү мэрин бошотот жана жаңы курамдагы тиешелүү жергиликтүү кеңеш мэрди шайлаганга чейин мэрдин милдетин аткаруучуну дайындайт;
- райондун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы-аким райондук маанидеги шаардын тиешелүү мэрин, айыл өкмөтүнүн башчысын бошотот жана райондук маанидеги шаардын мэринин, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлгөнгө чейин алардын милдеттерин аткаруучуларды ушул Мыйзамда белгиленген тартипте дайындайт.".
4. 27-беренеде:
1) 2-бөлүктүн 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"8) депутаттар тарабынан шаардын мэрине, айыл округунун башчысына ишеним көрсөтпөө;";
2) 2-бөлүктүн 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"14) Өкмөт бекитүүчү типтүү нормативдердин негизинде мэрдин, айыл округунун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;";
3) 3-бөлүктүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Премьер-министр сунуш кылган талапкерлердин ичинен республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин ушул Мыйзамда каралган тартипте шайлоо;
- райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысын-аким сунуш кылган талапкерлердин ичинен райондук маанидеги шаарлардын мэрлерин ушул Мыйзамда каралган тартипте шайлоо;";
4) 5-бөлүктүн 5-пунктунда "райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын" деген сөздөр "райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-акимдин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 5-бөлүмдүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6) өзүнүн милдеттерин тиешелүү түрдө аткарбагандыгы же толук аткарбагандыгы үчүн райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына-акимге райондук кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен, аны бошотуу жөнүндө сунушту Премьер-министрге жиберүү менен, ишеним көрсөтпөө.
Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысын-акимди бошотуу жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын 63-беренесинин 6 жана 7-бөлүктөрүнүн талаптарын эске алуу менен кабыл алынат.";
6) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) ушул Мыйзамда каралган тартипте райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын-акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды киргизүү.".
5. 31-берененин 2-бөлүгүндөгү "шаардык башкаруунун, поселкалык башкаруунун" деген сөздөр "райондук маанидеги шаарлардын мэрияларынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6. 37-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоону жана кызматтан четтетүүнү макулдашуу тартибин Өкмөт белгилейт.".
7. 38-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"38-берене. Республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэринин
кызмат ордуна киришүүсүнүн жана аны кызматтан
бошотуунун тартиби
1. Республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэрин шайлоо төрт жылдык мөөнөткө, Премьер-министр сунуш кылган экиден кем эмес талапкердин ичинен, жашырын добуш берүү жолу менен шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлөт.
2. Шаардын мэрин шайлоону Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы белгилейт.
Республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэрин шайлоону өткөрүү тартибин Өкмөт бекитет.
Эгерде шайлоого шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса шайлоо өттү деп эсептелет. Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы саны боюнча көпчүлүк добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Шаардын шайланган мэри Премьер-министрдин буйругу менен бекитилип, ага тиешелүү күбөлүк берилет.
3. Эгерде республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэри шайланбай калса, анда Премьер-министр тиешелүү кеңешке башка талапкерлерди кайрадан сунуш кылат.
Эгерде республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэрин тиешелүү кеңеш кайрадан шайлабай калса, Премьер-министрдин сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду белгилейт.
Премьер-министр жаңы курамдагы тиешелүү жергиликтүү кеңеш мэрди шайлаганга чейин мэрдин милдетин аткаруучуну дайындайт.
4. Премьер-министр шаардын мэрин ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкүдөй учурларда бошотушу мүмкүн:
- жеке арызынын негизинде;
- мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн нормативдик укуктук актыларын, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды толук эмес аткарса же аткарбаса Кыргыз Республикасынын министринин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин сунушу боюнча, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин макулдугу менен;
- соттун айыптоочу өкүмүнүн күчүнө киришинин негизинде;
- сот аны аракетке жараксыз деп тааныган учурда;
- аны каза болду, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген учурда, ошондой эле каза болсо;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарга туруктуу жашоого кеткен учурда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкса, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алса;
- дайыма эмгекке жараксыз болгондугуна байланыштуу өзүнүн кызматтык милдеттерин аткара албаган учурда;
- шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен ишеним көрсөтпөө жарыяланса;
- тараптардын эркине баш ийбеген жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзамдын кабыл алынышы, мыйзамдарда каралган башка жагдайлар).
5. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен мэрге ишеним көрсөтпөө жарыяланса Премьер-министр аны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же шаардык кеңештин чечимине макул болбоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
6. Эгерде шаардык кеңеш үч айдын ичинде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки добушу менен шаардын мэрине ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимди кайталап кабыл алса, анда Премьер-министр мэрди ээлеген кызматынан бошотот.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия белгиленген тартипте шаардын жаңы мэрин шайлоону белгилейт.
7. Мэр мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулса, Премьер-министр жаңы мэр шайланганга чейин төрт айлык мөөнөткө мэрдин милдетин аткаруучуну өзүнүн буйругу менен дайындай алат.".
8. 5-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5-глава. Райондук маанидеги шаардын мэриясы".
7. 41-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"41-берене. Райондук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна
киришүүсүнүн жана аны кызматтан бошотуунун тартиби
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу бийлигин жүргүзүү максатында райондук маанидеги шаарда шаардын мэриясы түзүлөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маселелери боюнча мэр жергиликтүү кеңешке отчет берет, ал эми өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жогору турган мамлекеттик бийлик органдарына отчет берет.
3. Райондук маанидеги шаардын мэрин шайлоо төрт жылдык мөөнөткө, Премьер-министр менен макулдашылып, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-аким сунуш кылган экиден кем эмес талапкердин ичинен жашырын добуш берүү жолу менен шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлөт.
4. Райондук маанидеги шаардын мэрин шайлоону Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы белгилейт.
Райондук маанидеги шаардын мэрин шайлоону өткөрүү тартибин Өкмөт бекитет.
5. Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы саны боюнча көпчүлүк добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде шайлоого тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса райондук маанидеги шаардын мэрин шайлоо өттү деп эсептелет.
6. Эгерде райондук маанидеги шаардын мэри шайланбай калса, анда райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы-аким тиешелүү кеңешке башка талапкерлерди кайрадан сунуш кылат.
7. Эгерде райондук маанидеги шаардын мэрин тиешелүү кеңеш кайрадан шайлабай калса, Премьер-министрдин сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду белгилейт.
Жаңы курамдагы тиешелүү жергиликтүү кеңеш мэрди шайлаганга чейин райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким Премьер-министр менен макулдашып, мэрдин милдетин аткаруучуну дайындайт.
8. Райондук маанидеги шаардын мэринин кызмат ордуна жогорку билимге ээ, мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде эки жылдык иш стажы бар, Кыргыз Республикасынын аракетке жарамдуу жараны талапкер боло алат.
Кылган кылмышы үчүн соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлган же алып салынбаган Кыргыз Республикасынын жараны райондук маанидеги шаардын мэри жана поселоктун башчысы болуп шайлана албайт.
9. Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы аким райондук маанидеги шаардын мэрин ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкүдөй учурларда Премьер-министр менен макулдашып, бошотушу мүмкүн:
- жеке арызынын негизинде;
- соттун айыптоочу өкүмүнүн күчүнө киришинин негизинде;
- сот аны аракетке жараксыз деп тааныган учурда;
- аны каза болду, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген учурда, ошондой эле каза болсо;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарга туруктуу жашоого кеткен учурда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкса, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо;
- дайыма эмгекке жараксыз болгондугуна байланыштуу өзүнүн кызматтык милдеттерин аткара албаган учурда;
- шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен ишеним көрсөтпөө жарыяланса;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жагдайлар боюнча.
10. Мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн нормативдик укуктук актыларын, өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды толук эмес аткарса же аткарбаса Премьер-министр менен макулдашуу боюнча, шаардык кеңештин сессиясынын макулдугу менен, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен райондук маанидеги шаардын мэри ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким тарабынан бошотулушу мүмкүн;
11. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен мэрге ишеним көрсөтпөө жарыяланса райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким аны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же жергиликтүү кеңештин чечимине макул болбоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
12. Эгерде жергиликтүү кеңеш үч айдын ичинде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки добушу менен райондук маанидеги шаардын мэрине ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимди кайталап кабыл алса, анда райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким Премьер-министр менен макулдашып, мэрди ээлеген кызматынан бошотот. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы белгиленген тартипте райондук маанидеги шаардын жаңы мэрин шайлоону белгилейт.
13. Мэр мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулса, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - аким Премьер-министр менен макулдашып, жаңы мэр шайланганга чейин мэрдин милдетин аткаруучуну өзүнүн буйругу менен дайындай алат.".
9. 42-беренеде:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"42-берене. Райондук маанидеги шаардын мэриясынын компетенциясы";
2) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Райондук маанидеги шаардын мэриясы:";
10. 43-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"43-берене. Райондук маанидеги шаардын мэринин ыйгарым укуктары
Райондук маанидеги шаардын мэри:
1) мэрияны жетектейт жана анын ишинин жыйынтыктары үчүн белгиленген тартипте жооп берет;
2) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана Өкмөттүн актыларынын, ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган жергиликтүү кеңештин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
3) өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын тиешелүү түрдө уюштуруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарында, коомдук жана башка уюмдарында, ошондой эле чет өлкөдө тиешелүү шаардын атынан чыгат;
5) кызматка кирген күндөн баштап үч айдан кем эмес мезгилде аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун жогорку кеңештин бекитүүсүнө берет;
6) жергиликтүү бюджеттин долбоорун жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө берет, жарым жылда бир жолудан кем эмес жергиликтүү кеңештин алдында иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун программасынын аткарылышы жөнүндө отчет берет;
7) эки жылда бир жолудан кем эмес эл алдында өзүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө курултайда отчет берет;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча сунуштарды жергиликтүү кеңешке киргизет;
9) райондук маанидеги мекемелерди кошпогондо, тиешелүү мамлекеттик аймактык мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык райондук маанидеги шаарлардын вице-мэрлерин, мэриянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
11) жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кошпогондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүргүзөт;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечет.".
11. 44-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"44-берене. Райондук маанидеги шаардын вице-мэри
1. Райондук маанидеги шаардын вице-мэри райондук шаардын мэри жок болгон мезгилде анын милдеттерин аткарат.
2. Райондук маанидеги шаардын вице-мэри ыйгарым укуктарынын аткарылышы үчүн райондук маанидеги шаардын мэринин алдында жооп берет.".
12. 45-берененин 1-бөлүгү "айылдык округда" деген сөздөн кийин "жана поселокто" деген сөздөр менен толукталсын.
13. 46-берененин 2-пункту "округдун" деген сөздөн кийин "жана поселоктун" деген сөздөр менен толукталсын.
14. 47-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"47-берене. Айыл округунун жана поселоктун башчысынын кызмат
ордуна киришүүсүнүн жана аны кызматтан бошотуунун
тартиби
1. Айыл округунун жана поселоктун башчысы төрт жылдык мөөнөткө, Премьер-министр менен макулдашылып, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким сунуш кылган экиден кем эмес талапкердин ичинен жашырын добуш берүү жолу менен айылдык кеңештин депутаттары тарабынан шайланат.
2. Айыл округунун жана поселоктун башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы белгилейт.
Айыл округунун жана поселоктун башчысын шайлоону өткөрүү тартибин Өкмөт бекитет.
3. Эгерде шайлоого тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса айыл округунун жана поселоктун башчысын шайлоо өттү деп эсептелет. Тиешелүү кеңештин депутаттарынын жалпы саны боюнча көпчүлүк добуш алган талапкер шайланды деп эсептелет.
4. Эгерде депутаттар айыл округунун жана поселоктун башчысын шайлабай калса, анда райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким тиешелүү жергиликтүү кеңешке башка талапкерлерди кайрадан сунуш кылат.
5. Эгерде айыл округунун жана поселоктун башчысын тиешелүү кеңеш кайрадан шайлабай калса, Премьер-министрдин сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду белгилейт.
Жаңы айыл округунун жана поселоктун башчысы шайлаганга чейин райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким Премьер-министр менен макулдашып, айыл округунун жана поселоктун башчысынын милдетин аткаруучуну өзүнүн буйругу менен дайындайт.
6. Айыл округунун жана поселоктун башчысы болуп жергиликтүү кеңештин депутаты болуп эсептелген адам шайланса, ал өзүнүн жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотууга милдеттүү.
7. Айыл округунун жана поселоктун башчысынын кызмат ордуна жогорку билимге ээ, мамлекеттик же муниципалдык кызматта кеминде эки жылдык иш стажы бар, Кыргыз Республикасынын аракетке жарамдуу жараны талапкер боло алат.
Кылган кылмышы үчүн соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлган же алып салынбаган Кыргыз Республикасынын жараны айыл округунун башчысы болуп шайлана албайт.
8. Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - аким айыл округунун жана поселоктун башчысын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкүдөй учурларда Премьер-министр менен макулдашып, бошотушу мүмкүн:
- жеке арызынын негизинде;
- мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн нормативдик укуктук актыларын толук эмес аткарса же аткарбаса жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин макулдугу менен;
- соттун айыптоочу өкүмүнүн күчүнө киришинин негизинде;
- сот аны аракетке жараксыз деп тааныган учурда;
- аны каза болду, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген учурда, ошондой эле каза болсо;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарга туруктуу жашоого кеткен учурда;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкса, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо;
- дайыма эмгекке жараксыз болгондугуна байланыштуу өзүнүн кызматтык милдеттерин аткара албаган учурда;
- айыл округунун жана поселоктун кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен ишеним көрсөтпөө жарыяланса.
9. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен айыл округунун жана поселоктун башчысына ишеним көрсөтпөө жарыяланса райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы аким аны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же жергиликтүү кеңештин чечимине макул болбоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
10. Эгерде тиешелүү кеңеш үч айдын ичинде тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн эки добушу менен айыл округунун жана поселоктун башчысына ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимди кайталап кабыл алса, анда райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким Премьер-министр менен макулдашып, аны ээлеген кызматынан бошотот.
11. Айыл округунун жана поселоктун башчысы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулса, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - аким Премьер-министр менен макулдашып, жаңы айыл округунун жана поселоктун башчысы шайланганга чейин айыл округунун жана поселоктун башчысынын милдетин аткаруучуну өзүнүн буйругу менен дайындай алат.".
15. 58-берененин 3-бөлүгүнүн "Президентке жана" деген сөздөр алынып салынсын.
16. 63-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин.
"63-берене. Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация
башчысы - акими
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишин райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - аким жеке башкаруу принциптеринде жетектейт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын - акимдин кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү, жогорку билимге ээ болгон жана Өкмөт белгилеген квалификациялык талаптарга жооп берген жараны талапкер боло алат.
2. Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - аким райондук кеңештин сунушу боюнча Премьер-министрге сунушталган талапкерлердин ичинен Премьер-министр тарабынан дайындалат.
Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин бош кызмат орду түзүлгөн учурда Премьер-министр 10 жумушчу күндүн ичинде талапкерлерди (экиден кем эмес) райондук кеңештин кароосуна сунуштайт.
Райондук кеңеш чечим кабыл алат жана Премьер-министр тийиштүү сунушун киргизген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкер тууралуу сунушун 15 жумушчу күндүн ичинде киргизет.
Эгерде райондук кеңеш жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын - акиминин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушун киргизбеген учурда Премьер-министр башка талапкерлерди райондук кеңешке кайталап сунуштайт.
Райондук кеңеш райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушун белгиленген мөөнөттө кайталап киргизбеген учурда Премьер-министрдин сунушу боюнча Президент райондук кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана райондук кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - акими дайындалганга чейин Премьер-министр ушул берененин нормаларына ылайык райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын - акимдин милдеттерин аткаруучуну дайындайт.
Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын акимдерин сунуштоо жана дайындоо тартибин Өкмөт белгилейт.
3. Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - акими райондун аймагындагы башкы мамлекеттик кызмат адамы болуп саналат.
4. Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - акими Премьер-министрдин жана Өкмөттүн алдында ведомствосуна караштуу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
5. Тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалдын начарлашына, мыйзамдуулуктун бузулушуна алып келген өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган учурда, ошондой эле жаманатты кылган иш-аракети үчүн райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысын - акимин ээлеген кызматынан Премьер-министр өз алдынча мөөнөтүнөн мурда бошотушу мүмкүн.
6. Тийиштүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен кабыл алынган райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысына - акимине ишеним көрсөтпөө жарыяланган учурда Премьер-министр аны ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо жергиликтүү кеңештин чечими менен макул болбоого акылуу.
7. Үч ай өткөндөн кийин тийиштүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен кабыл алынган, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысына - акимине кайталап ишеним көрсөтпөө жарыяланган учурдан Премьер-министр райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысын - акимин жергиликтүү кеңештин сунушу боюнча кызматынан бошотот.
8. Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - акими ушул берененин нормаларына ылайык дайындалганга чейин Премьер-министр райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - акиминин милдетин аткаруучуну дайындайт.".
17. 64-берене күчүн жоготту деп табылсын.
18. 65-беренеде:
1) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"65-берене. Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация
башчысынын - акимдин ыйгарым укуктары";
2) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы аким:";
3) 1-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик бийликтин органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоону жана кызматтан бошотууну макулдашуунун тартибин Өкмөт белгилейт;";
4) 1-бөлүктүн 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"12) ушул Мыйзамда белгиленген учурларда айыл округунун башчысын, поселоктун башчысын, райондук маанидеги шаардын мэрин ээлеген кызматынан бошотот;";
5) 1-бөлүктүн 13-пунктундагы "Президент, Өкмөт жана Премьер-министр" деген сөздөр "Премьер-министр жана Өкмөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 2-бөлүктөгү "Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы" деген сөздөр "райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы аким" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - аким Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Премьер-министрге белгиленген тартипте өтүнүч берет.".
19. 67-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"67-берене. Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация
башчысынын - акимдин биринчи орун басары жана орун
басарлары
Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын - акимдин биринчи орун басары жана анын орун басарлары райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын - акимдин сунушу боюнча же жеке демилгеси боюнча Премьер-министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким жок болгон мезгилде, ал өзүнүн ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын акимдин милдеттерин райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын - акимдин биринчи орун басары аткарат.".
2-берене.
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Облустук мамлекеттик администрациялар жана алардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимине чейин өздөрүнүн милдеттерин аткарууну улантышат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- бул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүшсүн;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|