Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-февралы № 74
Товарларды чектелбеген, чектелген жана эки этаптуу тоорук ыкмасы менен сатып алууга стандарттуу тендердик документтерди, Котировкаларды сурап алуу ыкмасы менен товарларды сатып алууга стандарттуу тендердик документтерди, товарларды сатып алуу жол-жоболору протоколунун формасын, котировкаларды сурап алуу ыкмасы боюнча товарларды сатып алуу жол-жоболору протоколунун формасын, тендердик билдирмелерди ачуу протоколунун формасын бекитүү жөнүндө
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Товарларды чектелбеген, чектелген жана эки этаптуу тоорук ыкмасы менен сатып алууга стандарттуу тендердик документтер жана Котировкаларды сурап алуу ыкмасы менен товарларды сатып алууга стандарттуу тендердик документтер;
- товарларды сатып алуу жол-жоболору протоколунун формасы;
- котировкаларды сурап алуу ыкмасы боюнча товарларды сатып алуу жол-жоболору протоколунун формасы;
- тендердик билдирмелерди ачуу протоколунун формасы.
2. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |