Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-февралы №77
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы №49 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Жарлыгына ылайык, ачыктык принциптерин киргизүү, отун-энергетикалык комплексин башкаруу жана жөнгө салуу жоопкерчилигин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча байкоочу кеңешинин курамы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-сентябрындагы №200 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 77 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын энергетика министри - Байкоочу кеңештин тең төрагасы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору;
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Түндүк электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Ош электр" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык конкурстук негизде тандалып алынган коомдук уюмдардан 8 өкүл.