Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-февралы №78
Иш күнүн которуу жөнүндө
Дем алыш жана иш эмес майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эки дем алыш күнү менен беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2011-жылдын 7-мартындагы иш күнү 2011-жылдын 5-мартындагы дем алыш күнүнө которулсун.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасында 2011-жылдын 4-мартында № 17 жарыяланды
Премьер-министри | А.Атамбаев |