Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-апрели №153
"Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда 2010-жылдын 2-декабрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) алкагында адамдарды, транспорт каражаттарды жана товарларды трансчегаралык ташуулар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда 2010-жылдын 2-декабрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) алкагында адамдарды, транспорт каражаттарды жана товарларды трансчегаралык ташуулар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда 2010-жылдын 2-декабрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) алкагында адамдарды, транспорт каражаттарды жана товарларды трансчегаралык ташуулар жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө белгиленген тартипте маалымдасын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|