Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-апрели №154
Мамлекеттин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттигинин (JIКА) билдирүүсүнүн негизинде төмөндөгү автомашиналарды мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартуу режиминде бажылык тариздесин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоо технологиялары борборунун балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин:
- "Тоyоtа Lа№d Сruisеr 100" маркасында, 2001-жылы чыгарылган, өңү ак, кыймылдаткыч № 1FZ0485832, кузов № JTGHJ09J717001184;
- "Тоyоtа Lа№d Сruisеr 100" маркасында, 2000-жылы чыгарылган, кыймылдаткыч № 1FZ0453777, кузов № JTGHJ09J217000413;
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоо технологиялары борборуна бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашиналарды балансына алуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев
|