Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-апрели №156
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, тамеки тармагында акциз салыгын алуу боюнча фискалдык саясатты жакшыртуу жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Долбоор
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" 2008-жылдын 22-октябры, № 78-81) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 153-берене төмөнкүдөй түшүнүктөр менен толукталсын:
"31) "Максималдуу чекене баа (МЧБ)" - түздөн түз таңгакчага, товарга чапталган ярлыкта же сигареттин кутучасында көрсөтүлгөн чекене баа (баанын жогорку жеткен чеги), ал чакан сандарда жеке керектөөгө сатылуучу товарларга белгиленет.
2. 287-беренеде:
1-бөлүктөгү онунчу позициядагы "Тамеки буюмдарынын категориясы", (папирос, сигаретанын) тиби" деген сөздөр жана он биринчиден он бешинчиге чейинки позициялар алып салынсын.
1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалган экинчи абзац менен толукталсын:
"Сигарет үчүн акциздин базалык ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
┌──────────┬────────┬─────────────┬───────────────────────────────────┐
│ Акциздик │ТЭИ ТНин│Салык базасын│ Базалык салык ставкасы
│ товарлар │ коду │өлчөө бирдиги│
├──────────┼────────┼─────────────┼───────────────────────────────────┐
│Чыпкалуу │ 2402 │ 1000 даана │Максималдуу чекене баасына жараша │
│сигареттер│ │ │эсептелүүчү эсептик наркынын 5тен │
│ │ │ │12 пайыз өлчөмүндө адвалордук │
│ │ │ │элементи + 1000 даанасы үчүн │
│ │ │ │кеминде 80ден 130 сом өлчөмүндөгү │
│ │ │ │белгиленген минималдуу чек менен │
│ │ │ │1000 даанасы үчүн 50дөн 300 сомго │
│ │ │ │чейинки өлчөмдө эсептелүүчү өзгөчө │
│ │ │ │бөлүгү │
├──────────┼────────┼─────────────┼───────────────────────────────────┤
│Чыпкасыз │ 2402 │ 1000 даана │Максималдуу чекене баасына жараша │
│сигареттер│ │ │эсептелүүчү эсептик наркынын 3төн │
│ │ │ │3,6 пайыз өлчөмүндө адвалордук │
│ │ │ │элементи + 1000 даанасы үчүн │
│ │ │ │кеминде 18,50дөн 24,20 сом │
│ │ │ │өлчөмүндөгү белгиленген минималдуу │
│ │ │ │чек менен 1000 даанасы үчүн 5тен 6 │
│ │ │ │сомго чейинки өлчөмдө эсептелүүчү │
│ │ │ │өзгөчө бөлүгү │
└──────────┴────────┴─────────────┴───────────────────────────────────┘
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилиги жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 301-3 берене менен толукталсын:
"301-3-берене. Максималдуу чекене баасын көрсөтпөстөн тамеки
буюмдарын өндүрүү, импорттоо жана сатуу
Таңгакчаларда, кутучаларда максималдуу чекене баасын көрсөтпөстөн тамеки буюмдарын өндүрүү, импорттоо жана сатуу үчүн жарандарга он бештен жыйырма эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө, юридикалык жактарга тамеки буюмдарын конфискациялоо менен беш жүздөн жети жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтө административдик айып салууга алып келет.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 346-1-берене менен толукталсын:
"346-1-берене. Керектөөчүгө товар сатууда бааны негизсиз көтөрүп
жиберүү
Таңгакчада, товарга чапталган ярлыкта, сигареттин кутучасында көрсөтүлгөн максималдуу чекене бааларды көтөрүп жиберүү үчүн - жарандарга он бештен жыйырма эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө, юридикалык жактарга - тамеки буюмдарын конфискациялоо менен үч жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтө административдик айып салууга алып келет.
3. 508-берененин 1-бөлүгүндө "300, 301-беренелер" деген сөздөр жана сандар "301-3" деген сандар, ал эми "308, 339-345-беренелер," деген сөздөр жана сандар "346-1" деген сандар менен толукталсын.
4. 556-1-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жыйырма экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "салык кызматынын органдары (300, 301, 301-3, 302, 308, 340, 342, 346-1, 405-беренелер)".
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
┌─┬────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│№│ Учурдагы пайдаланылып жаткан │ "Кыргыз Республикасынын айрым │
│ │ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы │ мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү │
│ │ │ жана толуктоолорду киргизүү │
│ │ │ жөнүндө" Мыйзам долбоору │
├─┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1│ Кыргыз Республикасынын салык │Кыргыз Республикасынын Салык │
│ │ кодекси │кодексиндеги өзгөртүүлөрдүн │
│ │ │ долбоору │
├─┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │Пайдаланылып жаткан салык │1. 153-статья төмөнкү түшүнүктөр │
│ │кодексинин 153-статьясында бул │менен толукталсын: │
│ │термин жок │31) ["Максималдык баа"] - аз санда│
│ │ │жеке керектөөлөр үчүн сатылуучу │
│ │ │товарларга коюлуучу, товарга │
│ │ │бекитилген түздөн-түз таңгакта, │
│ │ │ярлыкта көрсөтүлгөн чекене баа │
│ │ │(баанын эң жогорку жеткен чеги). │
├─┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │287-берене. Акциздин базалык │2. 287-статьядагы: │
│ │ ставкалары │- 1-бөлүктүн онунчу позициясындагы│
│ │ │"Тамеки буюмдарынын │
│ │Акциздин базалык ставкалары │категориялары", "Тиби (сигареттер,│
│ │төмөнкүдөй өлчөмдөрдө │папиростор)" деген сөздөр жана он │
│ │белгиленет: │биринчи позициядан он бешинчи │
│ │┌───────────┬────┬──────┬──────┐│позицияга чейин алып салынсын. │
│ ││ Акциздик │ТЕИ │Ченөө │Салык-││1-бөлүк төмөнкүдөй мазмунда │
│ ││ товарлар │ ТН │ бир- │ тын ││баяндап экинчи абзац менен │
│ ││ │коду│ диги │база- ││толукталсын: │
│ ││ │ │(сал- │ лык ││"Сигареттер үчүн акциздин базалык │
│ ││ │ │ыктык)│став- ││ставкасы төмөнкү көлөмдө │
│ ││ │ │база) │калары││белгиленет: │
│ │├─────┬─────┼────┼──────┼──────┤│┌──────┬────┬──────┬─────────────┐│
│ ││[Та- │[Тиби│ │ │ │││Акциз-│ТЕИ │Ченөө │ Салыктын ││
│ ││меки │(си- │ │ │ │││ дик │ ТН │ бир- │ базалык ││
│ ││буюм-│га- │ │ │ │││товар-│коду│ диги │ ставкалары ││
│ ││дар- │рет- │ │ │ │││ лар │ │(сал- │ ││
│ ││дын │тер, │ │ │ │││ │ │ыктык)│ ││
│ ││кате-│папи-│ │ │ │││ │ │база) │ ││
│ ││гори-│рос- │ │ │ ││├──────┼────┼──────┼─────────────┤│
│ ││яла- │тор)]│ │ │ │││Чыпка-│2402│1000 │1000 даана ││
│ ││ры] │ │ │ │ │││луу │ │даана │үчүн 80ден ││
│ │├─────┼─────┼────┼──────┼──────┤││ │ │ │130 сомго ││
│ ││I │Чып- │2402│1000 │13,00 │││ │ │ │чейин ││
│ ││ │ка- │ │даана │сом │││ │ │ │белгиленген ││
│ ││ │сыз, │ │ │ │││ │ │ │минималдык ││
│ ││ │папи-│ │ │ │││ │ │ │чектин ││
│ ││ │рос- │ │ │ │││ │ │ │көлөмүндө, ││
│ ││ │тор │ │ │ │││ │ │ │1000 даана ││
│ │├─────┼─────┼────┼──────┼──────┤││ │ │ │үчүн ││
│ ││II │Чып- │2402│1000 │32,50 │││ │ │ │максималдуу ││
│ ││ │калуу│ │даана │сом │││ │ │ │чекене баага ││
│ │├─────┼─────┼────┼──────┼──────┤││ │ │ │50дөн 300 ││
│ ││III │Чып- │2402│1000 │91,00 │││ │ │ │сомго чейинки││
│ ││ │калуу│ │даана │сом │││ │ │ │көлөмдө ││
│ │├─────┼─────┼────┼──────┼──────┤││ │ │ │эсептелүүчү ││
│ ││IV │Чып- │2402│1000 │195,5 │││ │ │ │атайын ││
│ ││ │калуу│ │даана │сом │││ │ │ │бөлүктөн ││
│ │├─────┼─────┼────┼──────┼──────┤││ │ │ │эсептелүүчү ││
│ ││V │Чып- │2402│1000 │297,00│││ │ │ │эсептик ││
│ ││ │калуу│ │даана │сом │││ │ │ │нарктан 5 тен││
│ │└─────┴─────┴────┴──────┴──────┘││ │ │ │12 процентке ││
│ │ ││ │ │ │чейинки ││
│ │ ││ │ │ │көлөмдөгү ││
│ │ ││ │ │ │адвалордук ││
│ │ ││ │ │ │элемент. ││
│ │ │├──────┼────┼──────┼─────────────┤│
│ │ ││Чыпка-│2402│1000 │1000 даана ││
│ │ ││сыз, │ │даана │үчүн 18,5 ││
│ │ ││папи- │ │ │сомдон 24,2 ││
│ │ ││ростор│ │ │сомдон кем ││
│ │ ││ │ │ │эмес ││
│ │ ││ │ │ │белгиленген ││
│ │ ││ │ │ │минималдык ││
│ │ ││ │ │ │чектин ││
│ │ ││ │ │ │көлөмүндө, ││
│ │ ││ │ │ │1000 даана ││
│ │ ││ │ │ │үчүн ││
│ │ ││ │ │ │максималдуу ││
│ │ ││ │ │ │чекене баага ││
│ │ ││ │ │ │+ 5 сомдон 6 ││
│ │ ││ │ │ │сомго чейинки││
│ │ ││ │ │ │көлөмдө ││
│ │ ││ │ │ │эсептелүүчү ││
│ │ ││ │ │ │атайын ││
│ │ ││ │ │ │бөлүктөн ││
│ │ ││ │ │ │эсептелүүчү ││
│ │ ││ │ │ │эсептик ││
│ │ ││ │ │ │нарктан 3 төн││
│ │ ││ │ │ │12 процентке ││
│ │ ││ │ │ │чейинки ││
│ │ ││ │ │ │көлөмдөгү ││
│ │ ││ │ │ │адвалордук ││
│ │ ││ │ │ │элемент. ││
│ │ │└──────┴────┴──────┴─────────────┘│
├─┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │ Кыргыз Республикасынын │[2-статья.] │
│ │ администрациялык жоопкерчилик │Кыргыз Республикасынын │
│ │ жөнүндө кодекси │Администрациялык жоопкерчилик │
│ │ │жөнүндө кодексине (Кыргыз │
│ │ │Республикасынын Жогорку Кеңешинин │
│ │ │Ведомосттору, 1999-ж., № 2, ст.77)│
│ │ │төмөнкү толуктоолор киргизилсин: │
├─┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │ Пайдаланылып жаткан кодексте │1. Кодекс төмөнкү мазмундагы 301-3│
│ │ 301-3-статья жок │статья менен толукталсын: │
│ │ │"301-3-статья. Максималдык чекене │
│ │ │ баасы │
│ │ │ көрсөтүлбөстөн │
│ │ │ тамеки буюмдарын │
│ │ │ чыгаруу, импорттоо │
│ │ │ жана сатуу │
│ │ │ │
│ │ │Таңгакта максималдык чекене баасы │
│ │ │көрсөтүлбөстөн тамеки буюмдарын │
│ │ │чыгаруу, импорттоо жана сатуу - │
│ │ │жарандарга эсептик көрсөткүчтүн он│
│ │ │бештен жыйырмага чейинки, кызмат │
│ │ │адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн │
│ │ │элүүдөн жүзгө чейинки, юридикалык │
│ │ │жактарга - тамеки буюмдарын │
│ │ │конфискациялоо менен 500 дөн жети │
│ │ │жүзгө чейинки көлөмүндө │
│ │ │администрациялык айып салууга алып│
│ │ │келет.". │
├─┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │ Пайдаланылып жаткан кодексте │2. Төмөнкү мазмундагы 346-1-статья│
│ │ 346-1-статья жок │менен толукталсын: │
│ │ │346-1-статья. Товарды керектөөчүгө│
│ │ │ саткан учурда │
│ │ │ негизсиз бааларды │
│ │ │ жогорулатуу │
│ │ │ │
│ │ │Товарга бекитилген таңгакта, │
│ │ │ярлыкта көрсөтүлгөн максималдык │
│ │ │бааны жогорулатуу - жарандарга │
│ │ │эсептик көрсөткүчтүн он бештен │
│ │ │жыйырмага чейинки, кызмат │
│ │ │адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн │
│ │ │элүүдөн жүзгө чейинки, юридикалык │
│ │ │жактарга - тамеки буюмдарын │
│ │ │конфискациялоо менен 300 дөн беш │
│ │ │жүзгө чейинки көлөмүндө │
│ │ │администрациялык айып салууга алып│
│ │ │келет. │
├─┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│ │508-статья. Судьялар │508-статья. Судьялар │
│ │ │ │
│ │Райондук, шаардык соттордун │Райондук, шаардык соттордун │
│ │судьялары ушул Кодекстин 49-68, │судьялары ушул Кодекстин 49-68, │
│ │70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, 85, │70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, 85, │
│ │85-1, 87, 91-1, 92, 92-2, 93, │85-1, 87, 91-1, 92, 92-2, 93, │
│ │95, 102, 105, 140, 142, 147, │95, 102, 105, 140, 142, 147, │
│ │148, 149, 149-1, │148, 149, 149-1, │
│ │151-157-статьяларында, │151-157-статьяларында, │
│ │228-статьянын экинчи бөлүгүндө, │228-статьянын экинчи бөлүгүндө, │
│ │230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │
│ │232-статьянын экинчи жана үчүнчү│232-статьянын экинчи жана үчүнчү │
│ │бөлүктөрүндө, 234-статьянын │бөлүктөрүндө, 234-статьянын │
│ │биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын│биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын │
│ │бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда,│бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда, │
│ │240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, │
│ │241-статьянын биринчи, үчүнчү │241-статьянын биринчи, үчүнчү │
│ │жана төртүнчү бөлүктөрүндө, │жана төртүнчү бөлүктөрүндө, │
│ │242-статьянын экинчи бөлүгүндө, │242-статьянын экинчи бөлүгүндө, │
│ │246, 250-статьяларында, │246, 250-статьяларында, │
│ │254-статьясынын экинчи │254-статьясынын экинчи │
│ │бөлүгүндө, 264, 265, 271, 273, │бөлүгүндө, 264, 265, 271, 273, │
│ │277-статьяларында, │277-статьяларында, │
│ │286-статьясынын экинчи │286-статьясынын экинчи │
│ │бөлүгүндө, 286-1-статьясында, │бөлүгүндө, 286-1-статьясында, │
│ │289-статьясынын экинчи │289-статьясынын экинчи │
│ │бөлүгүндө, [300, │бөлүгүндө, [300, │
│ │301]-статьяларында, │301]-статьяларында, │
│ │302-статьясынын биринчи │[301-3]-статьясында, │
│ │бөлүгүндө, 305-статьясынын │302-статьясынын биринчи │
│ │экинчи, үчүнчү, төртүнчү │бөлүгүндө, 305-статьясынын │
│ │бөлүктөрүндө, [308, 339-345,] │экинчи, үчүнчү, төртүнчү │
│ │354, 363, 364, 368, 369, 370, │бөлүктөрүндө, [308, 339-345, │
│ │371, 373, 374, │346-1], 354, 363, 364, 368, 369, │
│ │382-статьяларында, │370, 371, 373, 374, │
│ │390-статьясынын экинчи │382-статьяларында, │
│ │бөлүгүндө, 391, │390-статьясынын экинчи │
│ │392-395-статьяларында, │бөлүгүндө, 391, │
│ │400-статьясынын экинчи │392-395-статьяларында, │
│ │бөлүгүндө, │400-статьясынын экинчи │
│ │400-1-400-2-статьяларында, │бөлүгүндө, │
│ │404-406, 409-1, 409-2, │400-1-400-2-статьяларында, │
│ │412-статьяларында, │404-406, 409-1, 409-2, │
│ │417-статьясынын биринчи │412-статьяларында, │
│ │бөлүгүндө, 420, 422, │417-статьясынын биринчи │
│ │422-1 - 422-4, 454, 476, 481, │бөлүгүндө, 420, 422, │
│ │505-1-505-10-статьяларында │422-1 - 422-4, 454, 476, 481, │
│ │каралган администрациялык укук │505-1-505-10-статьяларында │
│ │бузуулар жөнүндө иштерди карайт │каралган администрациялык укук │
│ │жана администрациялык жаза │бузуулар жөнүндө иштерди карайт │
│ │чараларды көрөт. │жана администрациялык жаза │
│ │Ушул Кодекстин 503-статьясынын │чараларды көрөт. │
│ │биринчи бөлүгүндө, 504-10, │Ушул Кодекстин 503-статьясынын │
│ │504-14, 504-16, 504-17, 504-19, │биринчи бөлүгүндө, 504-10, │
│ │504-23, 504-32, 504-33, 504-36, │504-14, 504-16, 504-17, 504-19, │
│ │505, 505-17-статьяларында │504-23, 504-32, 504-33, 504-36, │
│ │каралган администрациялык укук │505, 505-17-статьяларында │
│ │бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай│каралган администрациялык укук │
│ │администрациялык укук бузуу │бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай │
│ │жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн │администрациялык укук бузуу │
│ │ишти орган же кызмат адамы │жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн │
│ │судьянын кароосуна өткөрүп │ишти орган же кызмат адамы │
│ │берген учурларда судьялар │судьянын кароосуна өткөрүп │
│ │тарабынан каралат. │берген учурларда судьялар │
│ │ │тарабынан каралат. │
├─┼────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2│[556-1-статья. Администрациялык │[556-1-статья. Администрациялык │
│ │ укук бузуулар │ укук бузуулар │
│ │ жөнүндө │ жөнүндө │
│ │ протоколдорду │ протоколдорду │
│ │ түзүүгө ыйгарым │ түзүүгө ыйгарым │
│ │ укуктуу кызмат │ укуктуу кызмат │
│ │ адамдары] │ адамдары] │
│ │ │ │
│ │1. Администрациялык укук │1. Администрациялык укук │
│ │бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча │бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча │
│ │соттор тарабынан кароо ишке │соттор тарабынан кароо ишке │
│ │ашырылуучу администрациялык укук│ашырылуучу администрациялык укук │
│ │бузуулар жөнүндө протоколду │бузуулар жөнүндө протоколду │
│ │түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу: │түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу: │
│ │1) ага ыйгарым укуктуу кызмат │1) ага ыйгарым укуктуу кызмат │
│ │адамдары: │адамдары: │
│ │салык кызматынын органдары (300,│салык кызматынын органдары (300, │
│ │301, 302, 308, 340, 342, │301, [301-3], 302, 308, 340, 342, │
│ │405-статьялар); │405-статьялар); │
└─┴────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
Министр | У.Ташбаев |