Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели №160
"Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-июлунда кол коюлган "Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү" долбоору боюнча грант жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Реконструкциялоо жана өнүктүрүү эл аралык банкынын (Глобалдык экологиялык фондунун ишке ашыруучу агенттигинин милдетин аткаруучу) ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-июлунда кол коюлган "Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү" долбоору боюнча грант жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Реконструкциялоо жана өнүктүрүү эл аралык банкынын (Глобалдык экологиялык фондунун ишке ашыруучу агенттигинин милдетин аткаруучу) ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул мыйзам долбоорун кароо учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев
|
Долбоор
1-берене.
Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-июлунда кол коюлган "Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү" долбоору боюнча грант жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Реконструкциялоо жана өнүктүрүү эл аралык банкынын (Глобалдык экологиялык фондунун ишке ашыруучу агенттигинин милдетин аткаруучу) ортосундагы макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө Реконструкциялоо жана өнүктүрүү эл аралык банкына белгиленген тартипте маалымдасын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|