Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн Мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Мамлекеттик реестрдин мазмуну
3. Мамлекеттик реестрди жүргүзүү
4. Салык төлөөчүнү мамлекеттик реестрден шарттуу түрдө чыгаруу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык иштелип чыккан жана салык төлөөчүлөрүнүн Мамлекеттик реестрин (мындан ары Мамлекеттик реестри) жүргүзүүнүн максатын, түзүлүшүнүн принциптерин, мазмунун түзүү жана пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик реестр төмөнкү максаттар үчүн түзүлөт:
- салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик салык эсебин камсыздоо;
- салык контролун ишке ашыруу;
- салык отчетун жүргүзүү.
3. Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтар мамлекеттик маанидеги маалыматтык ресурстарга кирет.
4. Мамлекеттик реестр төмөнкү принциптерде түзүлөт:
- анда камтылган маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы;
- салык контролун ишке ашыруу максатында анда камтылган маалыматтардын пайдаланылышынын натыйжалуулугу;
- мыйзамдарга ылайык алууга мүмкүндүгү бар Мамлекеттик реестрди пайдалануучуларга берилүүчү маалыматтын оперативдүүлүгү, тактыгы;
- мамлекеттик маанидеги башка маалымат ресурстарына шайкештик жана мыйзамдарга ылайык алар менен маалыматтык өз ара аракеттенүүсү.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
- Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтардын тактыгын контролдоону жүргүзөт;
- Мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтардын сакталышын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды сактоонун жана алуунун белгиленген режимин карманууну камсыз кылат.
6. Республикасынын Салык кодексинде башкача белгиленбесе, Мамлекеттик реестрдеги салык төлөөчүлөр жөнүндөгү маалыматтар салыктык жашыруун сыр болуп саналат.
2. Мамлекеттик реестрдин мазмуну
7. Мамлекеттик реестр салык төлөөчүлөр жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
7.1. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына карата:
- салык төлөөчү каттоодо турган салык органынын аталышын жана кодун;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин (ИСН);
- ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун кодун (ИУЖК);
- уюштуруучулук-укуктук формасын көрсөтүү менен юридикалык жактын аталышын;
- юридикалык дарегин;
- жетекчинин аты-жөнүн, ИСНнин, паспорт номерин жана сериясын, ал эми ал жок болсо - инсандыгын тастыктоочу башка документин;
- бухгалтердин, башкы бухгалтердин аты-жөнүн, ИСНнин, паспортунун сериясын жана номерин, ал жок болсо - инсандыгын тастыктоочу башка документин;
- филиалдар, өкүлчүлүктүү мамлекеттик каттоодон өткөн башка өзүнчө бөлүктөр жөнүндө кабарларын;
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкарыда банктарда жана банктык эмес каржылык-кредиттик мекемелерден эсептерди ачкандыгы жана жапкандагы тууралуу кабарларды;
- ачык акционердик коомдор жана керек-жарак кооперативдеринен тышкары уюштуруучулар (катышуучулар, мүлк ээлери) тууралуу маалыматтар;
- юридикалык жакты жоюу жана кайра түзүү жөнүндө чечимдин датасын;
7.2. чет мамлекеттик уюмдарга карата:
- салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин;
- уюмдардын жана мекемелердин жалпы республикалык классификаторунун кодун (ИУЖК);
- салык төлөөчү каттоодо турган салык органынын аталышын жана кодун;
- аталышын;
- жайгашкан (катталган) ордун;
- уставдык фонддун өлчөмү жана түзүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды;
- жетекчи жана/же башка башкаруу органдары жөнүндө маалыматтарды;
- банктардан жана банктык эмес каржылык-кредиттик мекемелерде эсептерди ачкандыгы жана жапкандагы тууралуу маалыматтар (Кыргыз Республикасындагы эсептер жана Кыргыз Республикасында алардын иши жүргүзүлүүчү эсептер жөнүндөгү);
7.3. жеке жактарга карата:
- салык төлөөчү каттоодо турган салык органынын аталышын жана кодун;
- аты-жөнүн;
- паспорттун маалыматтарын, ал эми ал жок болгон учурда инсандыгын тастыктоочу башка документин;
- туулган күнү жана жылын;
- жашаган жерин;
- телефон номерин;
- жарандыгы (букаралыгы) тууралуу кабарларды;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин;
- ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун кодун (ИУЖК);
- банктарда (банктык эмес каржы-кредиттик мекемелерде) эсептерди ачкандыгы же жапкандыгы тууралуу кабарларды;
- жеке ишкердин ишин токтотуу жөнүндөгү чечимдин датасын.
3. Мамлекеттик реестрди жүргүзүү
8. Мамлекеттик реестр кагаз жана электрондук түрлөрдө жүргүзүлөт.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Мамлекеттик реестрди жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарынан берилүүчү маалыматтарды бирдиктүү маалыматтар банкына жыйноо жолу менен жүргүзөт, эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана жеке ишкерлерди мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарда башкача каралбаса.
10. Салык органы маалыматтарды Мамлекеттик реестрге киргизүүнү, маалыматтарды, анын ичинде салык төлөөчүнү жоюу тууралуу маалыматтарды да жаңыртууну камсыз кылат.
11. Салык органы тарабынан төмөнкү учурларда Мамлекеттик реестрге салык төлөөчү өз ишин токтотту деген жазуу киргизилет:
11.1. юридикалык жактар:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишин токтоткон учурда;
Кыргыз Республикасынын аймагында өз өкүлчүлүктөрүн ачкан чет мамлекеттик уюмдар - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен же башка ыйгарым укуктуу органдан өкүлчүлүктөрдү ачууга алынган уруксат мөөнөтү бүткөндөн эрте эмес;
11.2. Өзүнчө балансы жана учурдагы (эсептик) же башка банктык эсеби бар юридикалык жактын филиалдары, өкүлчүлүктөрү жана башка өзүнчө бөлүмдөрү - ишин токтоткон учурда;
11.3. жеке жактар:
- каза болгон учурда;
- Кыргыз Республикасынан туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен жана мындай субъект тарабынан Кыргыз Республикасына карата салык милдеттенмелери аткарылган учурда;
- ишкердик ишин токтоткон учурда.
Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жашоочу чет мамлекеттик жарандар же жарандыгы жок адамдар - алардын салык милдеттенмелери бүткөндөн кийин, бирок Кыргыз Республикасында ишкердик ишин жүргүзүүгө укук берүүчү атайын уруксааттын колдонуу мөөнөтү бүткөндөн мурда эмес.
12. Мамлекеттик реестрден резидент эместерди чыгаруу салык салуу объектилерине карата Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган менчик жер пайдалануу, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу жана Кыргыз Республикасында салык милдеттенмелерин аткаруу сыяктуу укуктарын токтоткон учурда жүргүзүлөт.
4. Салык төлөөчүнү мамлекеттик реестрден шарттуу түрдө чыгаруу
13. Салык төлөөчүнү Мамлекеттик реестрден шарттуу түрдө чыгаруу, эгерде салык төлөөчү акыркы 12 айдын ичинде салык органдарына отчет тапшырбаса жана/же ишкердик ишинин болбогондугу тууралуу ырастаган башка белгилер болгон учурда жүргүзүлөт.
14. Салык төлөөчүнү Мамлекеттик реестрден шарттуу түрдө чыгаруу салык карызы жок болгондо идентификациялык салык номерин сактоо менен жүргүзүлөт.
15. Салык төлөөчү Мамлекеттик реестрден шарттуу түрдө чыгарылганда ушул главанын 13-пунктуна ылайык салык органы тарабынан Мамлекеттик реестрге жазуу жазылып, аракетсиз салык төлөөчү катары белги көрсөтүлөт.