Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-январы № 12
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсеби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40, 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
Минералдык-чийки зат базасын андан ары өнүктүрүү жана ыкчам кайра жаратуу, геологиялык чалгындоо иштерин туруктуу каржылоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.( КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-январындагы № 40 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 "Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө жободо:
39-пунктта "бир ай ичинде" деген сөздөр "биринчи арыз берилгенден кийин 20 календардык күндүн ичинде" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
50 жана 51-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
99-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Юридикалык жак бөлүнгөн же бөлүү жолу менен башка юридикалык жак түзүлгөн учурда бөлүнбөс лицензиялык участок бөлүнбөйт.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын өкүлдөрү. Ар бир фракция бирден өкүлдү аныктайт;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү;
3) жер казынасын пайдалануунун объекти жайгашкан айыл аймагына кирген, айылдык кеңештин жыйынында көрсөтүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү. Ошол эле учурда төмөнкү адамдар конкурстук комиссиянын мүчөлөрү боло алышпайт:
- соттуулугу жоюлбагандар;
- конкурска катышуучу менен туугандык байланышта болгондор, же конкурска катышуучулардын жетекчилери жана түзүүчүлөрү, же алардын акыркы менчик ээлери болгондор;
- конкурска катышуучулар же анын түзүүчүсү менен эмгек мамилесинде тургандар.";
10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"10. Конкурстук комиссия өзү бекиткен регламентке ылайык ишин жүргүзөт. Комиссиянын тизмедеги курамынын жарымынан көбү катышса, комиссиянын жыйыны мыйзамдуу болуп эсептелет.";
27-пунктта:
- он экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- өзүнө бонустун (жер казынасын пайдалануу укугуна салыктын) суммасын кошкон конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунуш кылынган баа, ошол эле учурда конкурсант тарабынан жогору баа сунушталышы мүмкүн. Бонусту кошпогондо жыйынтыктоочу сумма төмөнкү ирээтте бөлүштүрүлөт: 85 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине которулат, 7 пайызы - жер казынасынын объекти жайгашкан жер боюнча облустардын, райондордун өнүктүрүү фонддоруна, 7 пайызы - Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсепке жана 1 пайызы - комиссиянын иш органынын атайын эсебине которулат. Облустардын жана райондордун өнүктүрүү фонддоруна которулган каражаттар андан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын бюджеттерине бөлүштүрүлөт.";
- төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алар конкурсту өткөрүү боюнча аныктаган критерийлердин жана башка шарттардын негизинде иштелип чыккан сунуштары боюнча жер казынасы объектисинин баасынын минималдуу чегин белгилейт.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
24-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"24. Комиссия төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- аукционду уюштуруучунун өкүлдөрүнөн;
- кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнөн;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлүнөн;
- аймагында жер казынасын пайдалануу объектиси жайгашкан тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү кеңешинин өкүлүнөн, ал жергиликтүү кеңештин жыйынында аныкталат. Жергиликтүү кеңештин тийиштүү чечими комиссиянын курамына кошуу үчүн негиз болуп эсептелет.";
65-пункттагы "70 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине, 15 пайызы жер казынасынын объектиси жайгашкан жердеги жергиликтүү бюджетинин кирешесине жана 15 пайызы аукционду уюштуруучунун атайын эсебине которулат" деген цифралар жана сөздөр "85 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине, 7 пайызы - жер казынасынын объектиси жайгашкан жер боюнча жергиликтүү бюджеттин кирешесине, 1 пайызы - аукционду уюштуруучунун атайын эсебине жана 7 пайызы - Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсепке которулат" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөмдү эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
1-тиркеме "Кендердин чачындысы" деген саптан кийин төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын:
"
┌────────────────────┬───────┬───────┬───────┬───────┬───────┬────────┐
│Металлдар │ 0,5│ 1 │ 2,5│ 5 │ 10 │ 15 │
└────────────────────┴───────┴───────┴───────┴───────┴───────┴────────┘
";
2-тиркеме "Кендердин чачындысы" деген саптан кийин төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын:
"
┌────────────┬──────┬─────┬────┬─────┬─────┬─────┬─────┬────┬─────┬───┐
│Металлдар │ 0,25 │ 0,5 │ 1 │ 1,5 │ 2,5 │ 4 │ 4,5 │ 5 │ 5,5 │ 6 │
└────────────┴──────┴─────┴────┴─────┴─────┴─────┴─────┴────┴─────┴───┘
";
3-тиркеме "Кендердин чачындысы" деген саптан кийин төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын:
"
┌────────────┬──────┬─────┬────┬─────┬─────┬─────┬─────┬────┬────┬────┐
│Металлдар │ 2,5 │ 2,5 │ 10 │ 25 │ 30 │ 35 │ 40 │ 45 │ 50 │ 55 │
└────────────┴──────┴─────┴────┴─────┴─────┴─────┴─────┴────┴────┴────┘
".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ