КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 112 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-январы № 16
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнчаайрым чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин өркүндөтүү жана оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ншин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункттагы "курамына Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кайгуул-күзөт кызматынын бөлүмдөрүн кошуу менен" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы жөнүндө жободо:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "ЖККнын жогору турган бөлүмдөрүнүн буйруктарын, тескемелерин жана көрсөтмөлөрүн ЖККнын төмөн турган бөлүмдөрү өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча аткарууга милдеттүү.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |