Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-январы № 33
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
Айрым ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы № 47 "Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (нормативдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (нормативдик баасын) аныктоо тартибинин 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.1. Бул Тартип айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (мындан ары - нормативдик баа) аныктоодо: жерди пайдалануунун натыйжалуулугунун деңгээлин белгилөө, жер салыгынын ставкаларын эсептөө, жоготууларды калыбына келтирүү үчүн колдонулат".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тарып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |