Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-январы № 33
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Айрым ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-августундагы № 427 "Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуу-сатуу тартиби жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун жергиликтүү органы" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү жергиликтүү орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пунктунун бешинчи абзацы "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" деген сөздөрдөн кийин "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү жергиликтүү орган" деген сөздөр менен толукталсын;
16-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Райондук жер комиссиясынын курамына: райондук мамлекеттик администрациянын башчысы же орун басары - төрага; кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү жергиликтүү органдын начальниги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык органдарынын өкүлдөрү; айыл аймактарынын башчылары, айылдык кеңештердин депутаттары кирет";
- 20-пунктунун 6-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6) жер участогу жайгашкан калктуу конушта жердин базар наркын эсепке алуу менен жер участогунун баштапкы наркын жана жер участогунун сапаттык мүнөздөмөсү жөнүндө корутундуга ылайык (балл менен) сатылуучу мамлекеттик жерлердин баасын аныктайт. Участокто жер менен бекем байланышкан кыймылсыз мүлк болгондо, кыймылсыз мүлктү баалоонун бекитилген методикасына ылайык анын наркын аныктайт;"
- 29-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү жергиликтүү орган каттоодо сатылуучу жерлердин сатып алуу-сатуу бааларын белгилейт жана ар бир калктуу конушта жерлердин базар наркы жөнүндө маалыматтар базасын түзөт.";
- 31-пунктунун биринчи абзацындагы "(нормативдик)" деген сөз "(базар)" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 32-пунктунун биринчи абзацындагы ("нормативдик") деген сөз "(базар)" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "Айыл чарба багытындагы жер участогун сатып алуу-сатуунун типтүү келишими" тиркемеси ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы № 47 "Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (нормативдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (нормативдик баасын) аныктоо тартибинин 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.1. Бул Тартип айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (мындан ары - нормативдик баа) аныктоодо: жерди пайдалануунун натыйжалуулугунун деңгээлин белгилөө, жер салыгынын ставкаларын эсептөө, жоготууларды калыбына келтирүү үчүн колдонулат".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тарып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Тиркеме
"Тиркеме
__________________________ шаары (кыштагы, айылы)
201_-жылдын "__" ______ № ___
Биз, төмөндө кол койгондор _______________________________________
(жеке адамдардын
_______________________________________________________________________
аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, же анын атынан чыккан
_______________________________________________________________________
ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
мындан ары "Сатуучу" деп аталуучу, бир тараптан, жана _________________ _______________________________________________________________________
(жеке адамдардын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы
_______________________________________________________________________
же анын атынан чыккан ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
мындан ары "Сатып алуучу" деп аталуучу, экинчи тараптан, төмөндөгүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк.
1. Келишимдин предмети
1.1. Келишимге тиркелген жер участогунун планынын чек арасындагы _________________ менчигинде болгон жер участогун Сатуучу сатат, ал эми (менчиктин түрү)
Сатып алуучу алат, ошондой эле жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлккө, атап айтканда ____________________ менчик укугуна ээ болот.
(менчиктин түрү)
1.2. Жер участогунун жайгашкан жери жана анын маалыматтары.
Идентификациялык номери (коду) ___________________________________
Жалпы аянты ________ га, анын ичинде айдоо ________ га, көп жылдык мөмө бактар _______ га, чабынды _____ га, башка жерлер ______ га.
1.3. Максаттуу багыты ____________________________________________
1.4. Пайдалануудагы чектөөлөр жана түйшүктөр _____________________
1.5. Бөлүнүүчүлүгү жана бөлүнбөстүгү _____________________________
2. Жер участогунун баасы
2.1. Ушул келишим боюнча жер участогунун баасы ___________________ _________________________ сомду түзөт.
3. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3.1. Сатып алуучу төмөнкү укуктарга ээ:
__________________________________________________________________
3.2. Сатуучу төмөнкү укуктарга ээ:
__________________________________________________________________
3.3. Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
- Сатуучуга жер участогунун наркын _______________________________
(төлөп берүү формасы)
201_-жылдын "__" _______ чейин _____________________ сом төлөп берүүгө;
- Келишимдин шартын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жер участогун пайдаланууда чектелген укуктарды жана андагы түйшүктөрдү сактоого ______________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(Келишимдин башка шарттары)
3.4. Сатуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
- жер участогун Келишимдин шартына ылайык өткөрүп берүүгө;
- жер участогуна болгон бардык түйшүктөр жана чектелген укуктар жөнүндө Сатып алуучуга билдирүүгө.
4. Тараптардын жоопкерчиликтери
Келишимдин шарттарын аткарбагандыгы же тийиштүү эмес аткаргандыгы үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
5. Талаш-тартыштарды кароо тартиби
Бул Келишимден келип чыгуучу же ага тийиштүү бардык пикир келишпестиктер жана талаптар, же аны бузуулар, токтотуулар же жараксыздыкка чыгаруулар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилбесе, анда сот аркылуу чечилүүгө тийиш.
6. Келишимдин колдонулушу
Келишим кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү жергиликтүү органдарда милдеттүү түрдө каттоодон өтүүгө тийиш.
Келишим үч нускада түзүлдү, анын бири Сатып алуучуга, экинчиси Сатуучуга, үчүнчүсү жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча аймактык органга берилет.
Сатуучу __________________________________________________________
(Аты-жөнү)
Дареги ___________________________________________________________
Алыш-бериш/эсеби _________________________________________________
Сатып алуучу _____________________________________________________
(Аты-жөнү)
Дареги ___________________________________________________________
Алыш-бериш/эсеби _________________________________________________
Колу Колу
МО МО
201_-жылдын "__" ________ катталган, участоктун каттоо № _________ _________________ коду ________________________________________________
________________ ________________________________________________
(колу) (Аты-жөнү)
МО".
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-январы № 33
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
Айрым ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы № 47 "Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (нормативдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (нормативдик баасын) аныктоо тартибинин 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.1. Бул Тартип айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (мындан ары - нормативдик баа) аныктоодо: жерди пайдалануунун натыйжалуулугунун деңгээлин белгилөө, жер салыгынын ставкаларын эсептөө, жоготууларды калыбына келтирүү үчүн колдонулат".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тарып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |