Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 токтомунун негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-январы № 40
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 280 жана 281-беренелеринин ченемдерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 16-пункт "жалпы көлөмүнүн" деген сөздөн мурда "салык салынуучу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 22-пункттагы "күндөн тартып" деген сөздөр "күндөн кийин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 23-пункттагы "күндөн тартып 60 күндөн" деген сөздөр жана цифралар "күндөн кийин 60 календардык күндөн" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
- 29-пункттун 1-пунктчасынын он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- материалдык ресурстарды берүүчүлөрдүн салыктык катталган орду боюнча салык органдарына КНС боюнча эсеп-фактуранын аларга берилген бланктары жөнүндө жиберилген сурамдардын натыйжалары (утурлама текшерүүгө камтылган берүүчүлөрдү кошпогондо);".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |