Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-январы № 43
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 88 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"2. Төмөнкүлөрдө кызматкерлердин штаттык саны этап-этабы менен кыскартылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында, салыктык администрациялоону автоматташтыруу системасы киргизилгенден кийин, 2014-жылдын 1-январынан баштап - 122 орунга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында, Автоматташтырылган бирдиктүү маалымат системасын киргизүүнү эске алуу менен, 2014-жылдын 1-январынан баштап - 127 орунга;
- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияда, айрым функциялар боюнча иш жүргүзүү токтотулганына байланыштуу, 2012-жылдын биринчи жарымынын аягында - 9 орунга;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда, пенсия системасын автоматташтырууга байланыштуу, эки этап менен:
2012-жылдын 1-мартынан баштап - 30 орунга;
2014-жылдын 1-январынан баштап - 121 орунга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында эки этап менен:
2012-жылдын 1-мартына чейин - 83 орунга;
2013-жылдын 1-мартына чейин - 30 орунга.";
- 3-пунктундагы "2012-жылдын 1-апрелине чейин" деген цифралар жана сөздөр "2014-жылдын 1-январына чейин" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "I жарымындагы" деген цифра жана сөз "2013-жылдын I жарымындагы" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |