Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-январы № 46
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизаларынын мамлекеттик борборунун соттук-экспертизалык ишин андан ары өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
3-пунктундагы "310" жана "107" деген цифралар тиешелүү түрдө "328" жана "125" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пунктун аткарууга байланышкан чараларды көрсүн.
3. Бул токтом 2013-жылдын 1-февралынан баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |