Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 26-марты № 150
"Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун түзүү жөнүндө
"Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун түзүү, өнүктүрүү жана киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун өнүктүрүү жана киргизүү Концепциясы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аталган Концепцияны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |