Редакцияот 27.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 27-марты № 154

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартибин жана шарттарын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун жатак-абактарында жаза өтөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускама бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы ички ведомстволук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 29-мартында № 24 жарыяланды

 

Премьер-министри 

 

Ж. Сатыбалдиев