Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2013-жылдын 29-марты № 155
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясаттын алкагында, салыктарды төлөө мөөнөтүн синхрондоштуруу жана салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 40-берененин 3-бөлүгүндө:
6-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
төмөнкү мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) Жогорку технологиялар паркындагы салык режимин.".
2. 60-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) салык кызматы органы тарабынан КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жөнүндө чечим кабыл алынган күн.".
3. 97-берененин 5-бөлүгү "салыктык отчетунда" деген сөздөрдөн кийин "жана төлөм документинде" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 112-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту "тамак-аш" деген сөздөрдөн кийин соода" деген сөз менен толукталсын.
5. 170-берененин 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"3) Ушул Кодекске ылайык киреше салыгы салынбаган кирешелерге карата мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдөн тышкары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү чыгарып салуулардан;".
6. 177-берененин 1-бөлүгүндөгү "15инен" цифралары "20сынан" цифраларына алмаштырылсын.
7. 215-беренедеги "отчеттук кварталдан кийинки айдын 25инен" деген сөздөр жана цифралар "кирешелер төлөнгөн айдан кийинки айдын 20сынан" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын.
8. 221-берененин 4-бөлүгүндөгү "15инен" цифралары "20сынан" цифраларына алмаштырылсын.
9. 229-беренеде:
4-бөлүгүнүн 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ушул бөлүктө каралган учурларда каттоо катталуу тууралуу арыз берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.";
7-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"7. Субъектти КНС төлөөчү катары каттоодо салык органы салык төлөөчү катталуу тууралуу арыз берген күндөн тартып 10 күндүн ичинде каттоо документин (мындан ары - каттоо документи) берүүгө милдеттүү, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:".
10. 270-берененин 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) ушул Кодекстин 271-беренесинин 8-бөлүгүндө каралган учурдан тышкары, салык алынуучу субъект сатылып алынган материалдык ресурстардын наркын төлөөнү накталай эмес жана накталай формаларда жүргүзсө.".
11. 271-берене төмөнкү мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Сатылып алынган материалдык ресурстарга КНС накталай эсептешүү менен сатылып алынган, наркы КНС боюнча отчеттук салык мезгили үчүн 300,0 миң сомдон ашкан сумманы түзгөн материалдык ресурстарга карата чегерилүүгө тийиш эмес.".
12. 327-берененин 9-бөлүгүндөгү таблицанын "Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү" деген сабындагы "0,2" цифрасы "1,0" цифрасына алмаштырылсын.
13. 332-берененин 5-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"5. Салык төлөөчү мүлк салыгы боюнча учурдагы жылга төмөнкүдөй маалыматтык эсеп берет:
1) 1, 2 жана 3-топтогу мүлк объекттери боюнча:
а) учурдагы жылдын 1-мартына чейин - уюмдар;
б) учурдагы жылдын 1-апрелине чейин - жеке адамдар;
2) 4-топтогу мүлк объекттери боюнча:
а) 1-мартка чейин - уюмдар;
б) 1-апрелге чейин - жеке адамдар.".
14. 341-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун биринчи абзацындагы "жер" деген сөз алып салынсын.
15. 348-берененин 1-бөлүгүндө:
6-пункт "дискотека" деген сөздөн кийин "жана түнкү клубдар" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) автотранспорт каражаттарын жуугуч кызматтар.";
онунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Дискотекалар жана түнкү клубдар кызматы деп бий аянтчаларын бергендиги үчүн белгилүү акы же акча каражаттарынын ар кандай алдын ала белгиленген суммасын алуучу жайлар көрсөткөн кызматтар түшүнүлөт.".
16. 349-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"
┌──────────────────────────────────┬────────────────────┬─────────────┐
│9) автотранспорт каражаттарын │1 жуугуч │4000 сом │
│жуугуч кызматтар │орун │ │
└──────────────────────────────────┴────────────────────┴─────────────┘
".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам 1-берененин 12, 15-16-бөлүктөрүнөн тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 12-бөлүгү ушул Мыйзам кабыл алынган жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 15-16-бөлүктөрү расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти