Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 29-марты № 160
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 787 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, ошондой эле монополиялык иштердин алдын алуу, республиканын базарларынын натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 787 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 5-апрелинде № 26 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |