Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 1-апрели № 162
Ашхабад шаарында 2012-жылдын 5-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн Жетекчилер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Ашхабад шаарында 2012-жылдын 5-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн Жетекчилер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 25 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |