Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 2-апрели № 168
Ялта шаарында 2012-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин дары-дармек каражаттарын (дары-дармек препараттарын), медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы (медициналык буюмдарды) жүгүртүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Ялта шаарында 2012-жылдын 28-сентябрында кол коюлган Евразия экономикалык шериктештигине мүчө мамлекеттердин дары-дармек каражаттарын (дары-дармек препараттарын), медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы (медициналык буюмдарды) жүгүртүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетине ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралуу билдирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 5-апрелинде № 26 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |