Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 3-апрели № 169
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоокиргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын (макулдашуу боюнча).
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2003-ж., № 10, 462-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 6-статьяда:
үчүнчү абзацтагы ошондой эле Мамлекеттик күзөт кызматы жана Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр алып салынсын;
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы II-I глава менен толукталсын:
"II-I глава
Кыргыз Республикасынын Президентинин
мамлекеттик резиденциясы
10-1-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик
резиденциясынын статусу
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясы режимдик мүнөзгө ээ болгон мамлекеттик маанидеги объект болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген тартипте бекитилүүчү тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жогорку кызмат адамдарынын убактылуу жашап туруусу үчүн арналган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын ишин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлөт.
10-2-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик
резиденциясынын кыймылсыз мүлк объекттерине карата
укуктар
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк обьекттери мамлекеттик менчик болуп саналат, мамлекеттен ажыратылбайт жана менчиктештирилбейт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жер бөлүп берүүгө тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан, мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчикке берилген кыймылсыз мүлк объекттеринин менчик ээлери аларды ээликтен ажыратууга же башка жол менен жактардын чектелбеген чөйрөсүнө аларды сатып алуу үчүн сунуш кылууга, ошондой эле ага ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча өзүнүн укугун өткөрүп берүүгө күрөөгө коюуга жана аны башка ыкмалар менен чектөөгө укугу жок.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан менчик ээлери менен макулдашылган баа боюнча сатылуучу кыймылсыз мүлк обьекттерин сатып алууга өзгөчө укукка ээ.
10-3-берене. Өзүнө таандык болушу мүмкүн болбогон кыймылсыз мүлк
объектине адамдын менчик укугунун токтотулушу
Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын аймагында жайгашкан жана ага ээлик кылууга укугу жок жактын менчигине жарандык мыйзамдардын ченемдерине ылайык таандык болуп калган кыймылсыз мүлк объекти менчик ээсинен ага менчик укугу пайда болгон учурдан тартып бир жылдын ичинде өзүнүн ээлигинен ажыратылууга тийиш. Ээликтен ажыратуу ушул Мыйзамдын 10-2-статьясынын эрежесин сактоо менен ишке ашырылууга тийиш.
Кыймылсыз мүлк объекти ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө менчик ээси тарабынан ээликтен ажыратылбаган учурларда бул объект анын мүнөзүн жана арналышын эске алуу менен, кызыкдар мамлекеттик органдын арызы боюнча чыгарылган соттун чечими менен мамлекеттик менчикке өткөрүлүп берилүүгө тийиш, мында анын сот тарабынан аныкталган наркы мурдагы менчик ээсине төлөнүп берилет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объектин менчик ээсинен мажбурлап алып коюуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жол берилет.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти