Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2013-жылдын 5-апрели № 175

Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелерин бекитүү жөнүндө

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомдун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелери бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 12-апрелинде № 28 жарыяланды

 

Премьер-министри

 

Ж. Сатыбалдиев