Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 8-июнундагы № 1064-III токтому менен бекитилген |
Мыйзам жазуу техникасы боюнча
НУСКАМА
1. Мыйзам долбооруна коюлуучу жалпы талаптар
2. Мыйзам долбоорунун түзүмү
3. Бланктык сунуштамаларды жана шилтемелерди пайдалануунун тартиби
4. Мыйзам актыларын жарыялоонун расмий булактарын көрсөтүүнүн тартиби
5. Мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү
6. Күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмеги
Ушул Нускама "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
1. Мыйзам долбооруна коюлуучу жалпы талаптар
1.1. Мыйзам долбоору учур чакта, жыйнактуу жана буйрук түрүндө баяндалууга тийиш.
1.2. Мыйзам долбоорунун ичинде карама-каршылыктар болбоого, ырааттуу түзүлүүгө жана мыйзам жазуу техникасына ылайык келүүгө тийиш.
1.3. Мыйзам долбоорунун текстин баяндоодо адегенде жалпы, андан кийин кыйла айкын жоболор жайгаштырылат.
1.4. Мыйзам долбоорунун укуктук нормативдерин баяндоодо ашыкча жалпы, өтө майдаланган туюндурмалардан, ошондой эле бир эле маселе боюнча бирин-бири кайталаган жана көп сандаган сунуштамалардан качуу керек.
1.5. Мыйзам долбоорунун, бөлүмдөрдүн, бөлүктөрдүн, бөлүкчөлөрдүн, главалардын, параграфтардын жана статьялардын аталыштары жыйнактуу, так туюндурулган, жетиштүү түрдө кыска жана укуктук жөнгө салуунун мазмунун, ошондой эле негизги жүйөсүн чагылдырып турууга тийиш.
1.6. Мыйзам долбоорунун күчүнө киришинин тартиби жөнүндө нормативдик сунуштамалар жана мамлекеттик органдарга (уюмдарга) тапшырмалар мыйзам долбоорунун корутунду жоболору түрүндө баяндалат.
1.7. Мыйзам долбоорунун тексти адабий тилдин расмий-иштиктүү стилин жана юридикалык терминдерди, нормативдик сунуштамалардын маанисин баяндоонун тактыгын жана дааналыгын сактоо менен түшүнүктүү жана элпек тил менен баяндалат.
1.8. Мыйзам долбоорунун текстинде пайдаланылуучу терминдер менен түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир мааниде болууга тийиш.
1.9. Мыйзам долбоорунун текстинде карапайым сөздөрдү, көп маанилүү сөздөрдү жана сөз айкалыштарын, эпитеттерди, метафораларды, ошондой эле жалпыга белгилүүдөн тышкары кыскартылган сөздөрдү (аббревиатураларды) колдонууга жол берилбейт.
1.10. Географиялык объекттердин, администрациялык-аймактык бирдиктердин, мамлекеттик органдардын (уюмдардын), ошондой эле кызматтардын аталыштарынын кыскартылышы мыйзам актыларында толук расмий аталыштарына так ылайык көрсөтүлөт. Географиялык объекттердин, администрациялык-аймактык бирдиктердин, мамлекеттик органдардын (уюмдардын), ошондой эле кызматтардын аталыштарын кыскартууга ал аталыштар расмий болуп саналган учурларда гана жол берилет.
1.11. Эгерде географиялык объекттердин, администрациялык-аймактык бирдиктердин, мамлекеттик органдардын (уюмдардын), ошондой эле кызматтардын аталыштары бир нече сөздөн турса, анда расмий толук аталыштары мыйзам актысында биринчи жолу аталганда кийинки жоболордо пайдалануу үчүн тегерек кашаада кыскартылган (шарттуу) аталышын көрсөтүү менен берилет.
1.12. Мыйзам долбоорунда сандык, иреттик жана бөлчөк сандар цифралык, тамгалык жана тамгалык-цифралык түрлөрдө туюндурулуп берилет.
2. Мыйзам долбоорунун түзүмү
2.1. Мыйзам долбоорунун түрү жана аталышы беттин борборуна басылат.
2.2. Мыйзам долбоорунун түрүнүн аталышы баш тамгалар менен карартып басылат.
2.3. Мыйзам долбоорунун аталышы баш тамгалар менен карартып басылат.
2.4. Преамбула (киришүү) - мыйзам долбоорунун өз алдынча эмес, милдеттүү болуп саналбаган бөлүгү, ал мыйзам долбоорунун максаттары менен милдеттерин аныктап турат.
2.5. Преамбула:
1) нормативдик сунуштамаларды жана түшүнүктөрдүн аныктамаларын камтыбайт;
2) мыйзам актысынын чыгышына байланыштуу күчүн жоготту, өзгөртүлдү жана (же) толукталды деп табылууга тийиш болгон башка мыйзам актыларына шилтемелерди камтыбайт;
3) мыйзам долбоорун жөнгө салуунун жүйөсүн туюндурбайт;
4) статьяларга бөлүнбөйт жана номер коюлбайт.
2.6. Бөлүмдөр (часть), бөлүктөр (раздел), бөлүкчөлөр (подраздел), главалар, параграфтар, статьялар, статьялардын бөлүктөрү, пункттар, пунктчалар жана абзацтар мыйзам долбоорунун түзүмдүк бирдиктери болуп саналат.
2.7. Эгерде мыйзам долбоорунда главалар жок болсо "бөлүк" деген түзүмдүк бирдикти киргизүүгө жол берилбейт.
2.8. Тутумдаштырылган ири мыйзам долбоорлору (кодекс сыяктуулар) бөлүмдөргө, бөлүмдөр бөлүктөргө, бөлүктөр бөлүкчөлөргө, главалар параграфтарга бөлүнөт.
2.9. Мыйзам долбоорунун бөлүмү:
1) сөздөр менен белгиленет;
2) аталышы болушу мүмкүн.
2.10. Мыйзам долбоорунун бөлүгүнүн белгилениши жана аталышы беттин борборунда биринин астына бири баш тамгалар менен басылат.
2.11. Мыйзам долбоорунун бөлүгүнүн аталышы кара тамгалар менен басылат.
2.12. Эгерде кодекстин бөлүмүнүн белгилениши акын иреттик номерине көрсөтүп турбастан башка сөздөр менен белгиленсе, анда кодекстин бөлүмүнүн белгилениши аталыш түрүндө жол-жоболоштурулат.
2.13. Бөлүк:
1) рим цифралары менен белгиленүүчү иреттик номери болот;
2) аталышы болот.
2.14. Бөлүктүн белгилениши жана аталышы беттин борборунда биринин астына ири баш тамгалар менен басылат.
2.15. Бөлүктүн аталышы кара тамгалар менен басылат.
2.16. Бөлүкчө:
1) рим цифралары менен белгиленүүчү иреттик номери болот;
2) аталышы болот.
2.17. Бөлүкчөнүн белгилениши абзацтык чегинүү жана баш тамгалар менен басылып, андан кийин чекит менен бөлүкчөнүн номери коюлат.
2.18. Бөлүкчөнүн аталышы карартылган баш тамгаларда бөлүкчөнүн белгилениши менен бир сапта басылат.
2.19. Глава:
1) араб цифралары менен номерленет;
2) аталышы болот.
2.20. Главанын аталышы абзацтык чегинүү жана баш тамга менен басылып, андан кийин чекит менен главанын номери коюлат.
2.21. Главанын аталышы карартылган баш тамгаларда главанын аталышы менен бир сапта басылат.
2.22. Параграф:
1) "§" белгиси менен белгиленет;
2) араб цифралары менен белгиленүүчү иреттик номери болот;
3) аталышы болот.
2.23. "§" белгиси абзацтык чегинүүдөн кийин басылып, андан кийин чекит менен параграфтын номери коюлат.
2.24. Параграфтын аталышы карартылган баш тамгаларда параграф белгиси менен бир сапта басылат.
2.25. Мыйзам долбоорунун статьясы:
1) анын негизги түзүмдүк бирдиги болуп саналат;
2) араб цифралары менен белгиленүүчү иреттик номери болот;
3) аталышы болот, бирок өзгөчө учурларда анысы болбой калышы мүмкүн.
2.26. Статьянын белгилениши абзацтык чегинүү жана баш тамга менен басылып, андан кийин чекит менен статьянын номери коюлат.
2.27. Статьянын аталышы карартылган баш тамгаларда статьянын белгилениши менен бир сапта басылат.
2.28. Эгерде статьянын аталышы болбосо, анда статьянын номеринен кийин чекит коюлуп, статьянын белгилениши абзацтык чегинүү жана карартылган баш тамга менен басылат.
2.29. Мыйзам долбоорунун ар бир статьясы бир нормативдик сунуштаманы камтууга тийиш. Эгерде бир нормативдик сунуштаманы экинчиси жок толугу менен түшүнүүгө мүмкүн болбосо, мыйзам долбоорунун бир статьясында бир же бир нече нормативдик сунуштама жайгаштырылышы мүмкүн.
2.30. Статья бөлүктөргө бөлүнөт.
2.31. Статьянын бөлүктөрү чекити бар араб цифрасы менен белгиленет.
2.32. Статьялардын бөлүктөрү тегерек жарты кашаа менен жабылган араб цифралары менен белгиленүүчү пункттарга бөлүнөт.
2.33. Пункттар тегерек жарты кашаа менен жабылган алфавиттин кичине тамгалары менен белгиленүүчү пунктчаларга бөлүнөт.
2.34. Өзгөчө учурларда статьянын бөлүктөрү, пункттары жана пунктчалары абзацтарга бөлүнүшүн мүмкүн.
2.35. Абзац - тексттин биринчи сабында чегинүү менен бөлүнгөн жана статьянын баш тамга менен башталуучу бөлүгүнүн биринчи абзацынан тышкары баш тамгалар менен башталган, маанилик бирдикти түшүндүргөн бөлүгү. Абзацтар үтүрлүү чекит менен бүтөт (акыркы абзацтан башкасы).
Эгерде мыйзам долбоорунун мурдагы абзацы чекит менен бүтсө жана мааниси боюнча абзац менен улантууну талап кылса, анда мындай абзац баш тамга менен башталат.
Абзацтын белгиси болбойт.
2.36. Бир мыйзам долбоорунун статьясында же болбосо статьяларында бөлүктөрдүн текстинде кош чекиттен кийин келген пункттарды пунктчаларга да, абзацтарга да бөлүүгө жол берилбейт.
2.37. Бир мыйзам долбоорунун статьясынын бөлүктөрүндө же болбосо ар башка статьяларында пункттарды пункттун текстинде кош чекиттен кийин келген пункттарды пунктчаларга да, абзацтарга да бөлүүгө жол берилбейт.
2.38. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору өзүнө бир нече эл аралык келишимдерди камтыса же анда өзүнүн күчүнө киришинин тартиби жөнүндө жоболор болсо, аңда мындай мыйзам долбоору аталышы жок статьяларды камтыган мыйзам долбоорлору үчүн колдонулуучу жалпы эрежелерге ылайык жол-жоболоштурулат.
2.39. Ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорундагы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин аталышы кол коюлган түп нускадагы ошол эл аралык келишимдин аталышы менен толук окшош болууга тийиш.
2.40. Күчүн жоготту деп табылуучу мыйзам актыларына, ошондой эле мыйзам актыларынын тизмегин камтыган мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорунун:
1) статьяларынын аталышы болбойт;
2) тегерек жарты кашаа менен жабылган араб цифралары менен номерлеген пункттарга же белгиси жок абзацтарга бөлүнөт.
2.41. Пункттар тегерек жарты кашаа менен жабылган алфавиттин кичине тамгалары менен белгиленген пунктчаларга бөлүнөт.
2.42. Мыйзам долбоорунун статьяларынын, главаларынын, бөлүктөрүнүн жана башка түзүмдүк бирдиктеринин номерлери башынан аягына чейин катары менен кетүүгө тийиш. Ар бир главанын статьяларын өзүнчө номерлөөгө же ар бир бөлүктүн главаларын өзүнчө номерлөөгө жол берилбейт.
2.43. Ага өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүүдө жана мыйзам актысынын статьяларынын түзүмдүк бирдиктерин күчүн жоготту деп табууда мыйзам актысынын бөлүмдөрүнүн, бөлүктөрүнүн, главаларынын, статьяларынын номерин өзгөртүүгө жол берилбейт.
2.44. Ага өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүүдө жана мыйзам актысынын статьяларынын түзүмдүк бирдиктерин күчүн жоготту деп табууда мыйзам актысынын статьяларынын бөлүктөрүнүн номерлерин жана статьяларынын бөлүктөрүнүн пунктчаларынын тамга менен белгиленишине өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.
2.45. Эгерде толуктоолор мыйзам актысынын аягына киргизилсе, анда бөлүмдөрдүн, бөлүктөрдүн, главалардын, статьялардын коюлган номерлерин улантуу зарыл.
2.46. Эгерде толуктоолор статьянын түзүмдүк бирдигинин аягына киргизилсе, анда да коюлган номерлерди улантуу зарыл.
2.47. Эгерде мыйзам актысы жаңы түзүмдүк бирдиктер менен толукталып жатса, анда жаңы түзүмдүк бирдиктерди негизги цифралардын же тамга белгилеринин үстүндө жайгаштырылуучу кошумча цифралар менен белгилөө зарыл.
2.48. Мыйзам долбоорлорунун күчүнө кириши жөнүндө статьяларда "күчүнө кирүү" түшүнүгү пайдаланууга тийиш.
2.49. Эгерде мыйзам актысын күчүнө киргизүүнүн 1997-жылдын 14-февралындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жарыялоонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталгандан өзгөчөлөнгөн тартибин киргизүүнү белгилөө зарыл болсо, мыйзам долбоорун күчүнө киргизүүнүн өзгөчө тартиби жөнүндө статья киргизилет.
2.50. Мыйзам долбоорунда статьяларга, главаларга, бөлүктөргө, бөлүмдөргө же мыйзам долбооруна эскертүүлөр киргизүүгө жол берилбейт. Бул жоболорду өз алдынча статьялар катары туюндуруу же алар тиешелүү болгон түзүмдүк бирдиктин текстине түздөн-түз киргизүү зарыл.
2.51. Мыйзам долбоорлорунун тиркемелери болушу мүмкүн, аларда ар кандай тизмектер, таблицалар, графиктер, тарифтер, карталар, бланктардын, документтердин, чиймелердин ж.б. үлгүлөрү жайгаштырылат.
2.52. Эгерде мыйзам долбооруна карата бир нече тиркеме болсо, анда алар "№" белгисин көрсөтпөстөн араб цифралары менен номерленет. Мыйзам долбоорунун текстиндеги тиркемеге шилтеме жасалганда "№" белгиси көрсөтүлбөйт.
2.53. Тиркемелердин жана алар тиешелүү болгон мыйзам актысынын юридикалык күчү бирдей болот.
2.54. Тиркеменин белгиси беттин он жактагы жогорку бурчунда мыйзам долбоорунун текстинен кийин мыйзам долбоорун каттоо номерин жана ага кол коюлган датаны көрсөтпөстөн жайгаштырылат.
2.55. Тиркеменин аталышы беттин борборунда жайгаштырылат жана кара тамга менен басылат.
3. Бланктык сунуштамаларды жана
шилтемелерди пайдалануунун
тартиби
3.1. Эгерде укуктук нормативдердин байланышын жалпы түрдө көрсөтүү зарыл болсо, статьялардагы бланктык сунуштамалар башка нормативдик сунуштамаларга шилтеме берет.
3.2. Мыйзам долбоорундагы бланктык сунуштамалар:
1) мыйзам долбоорунун тармагына;
2) мыйзам актысынын түрүнө;
3) мыйзам актысынын аталышына;
4) белгилүү бир эрежелерге шилтеме жасашы мүмкүн.
3.3. Укуктук нормалардын өз ара байланышын көрсөтүү же кайталоолордон качуу зарыл болгон учурларда гана статьяларда башка статьяларга, ошондой эле мурда кабыл алынган мыйзам актыларына шилтеме жасоого жол берилет.
3.4. Шилтемелерди күчүнө кирген (колдонууга киргизилген) мыйзам актыларына гана жасоого мүмкүн. Күчүн жоготкон мыйзам актыларына жана мыйзам долбоорлоруна шилтеме жасоого жол берилбейт.
3.5. Кыйла жогорку юридикалык күчү бар актыга гана шилтеме жасоого жол берилет.
3.6. Мыйзам долбоорунда мыйзам актысына шилтеме жасоо зарыл болгондо реквизиттер төмөнкү иретте көрсөтүлөт: мыйзам актысынын түрү жана аталышы, ага кол коюлган дата жана каттоо номери.
3.7. Бир эле мыйзам актысына бир нече жолу шилтеме жасалганда ал биринчи жолу аталганда анын реквизиттери төмөнкү иретте көрсөтүлөт: мыйзам актысынын түрү, ага кол коюлган дата, мыйзам актысынын каттоо номери - кана аталышы, ал эми тегерек кашаада мыйзам актысынын түрү жана анын аталышы.
3.8. Жаңы редакцияда баяндалган мыйзам актысына шилтеме жасоодо анын реквизиттери төмөнкү иретте көрсөтүлөт: мыйзам актысынын туру, ал мыйзам актысын жаңы редакцияда баяндаган мыйзам актысына кол коюлган дата жана каттоо номери.
3.9. Кыргыз Республикасынын Конституциясына шилтеме жасоодо Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган дата жана анын башка реквизиттери көрсөтүлбөйт.
3.10. Кодекске шилтеме жасоодо кодекске кол коюлган дата жана анык каттоо номери көрсөтүлбөйт.
3.11. Кодекстин бир нече бөлүктөн турган айкын статьясына шилтеме жасоодо кодекстин бөлүгүнүн номери көрсөтүлбөйт.
3.12. Мыйзам актысына толугу менен эмес, анын түзүмдүк бирдигине гана шилтеме жасоонун зарылдыгы болгондо адегенде ошол айкын бирдик (чонунан баштап) көрсөтүлөт.
3.13. Бөлүктөрдүн (раздел), главалардын, статьялардын, бөлүктөрдүн (часть), пункттардын белгилери цифралар менен, пунктчалардын белгилери алфавиттин кичине тамгалары менен басылат.
3.14. Аларга шилтеме жасоодо абзацтардын белгилери сөздөр менен көрсөтүлөт.
Мында өзү курамында турган түзүмдүк бирдик башталган ошол абзац биринчи деп эсептелет.
3.15. Мыйзам долбоорлорундагы шилтемелер жогорку же теңдеш юридикалык күчү бар мыйзам актыларына жасалышы мүмкүн. Юридикалык күчү төмөн турган нормативдик укуктук актыга шилтеме жасоого жол берилбейт.
3.16. Мыйзам долбоорунун текстинде өз кезегинде шилтеме болуп саналган башка мыйзам актыларынын нормативдик сунуштамаларына шилтеме жасоого жол берилбейт.
4. Мыйзам актыларын жарыялоонун расмий
булактарын көрсөтүүнүн тартиби
4.1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы", "Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин жыйнагы", "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жыйнагы" жана "Эркинтоо" газетасы Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын жана мыйзамдарын расмий жарыялоонун булактары болуп саналат.
4.2. Эгерде мыйзам актысына өзгөртүүлөр жана (же толуктоолор киргизилсе же мыйзам актысы күчүн жоготту деп табылса, анда аны жарыялоонун булагы милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
4.3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысынын" реквизиттери тегерек кашаада төмөнкү иретте көрсөтүлөт: аталышы, басылманын жылы, номери жана мыйзам актысынын каттоо номери.
4.4. "Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин жыйнагынын" реквизиттери тегерек кашаада төмөнкү иретте көрсөтүлөт: аталышы, басылманын жылы, мыйзам актысынын номери жана каттоо номери.
4.5. "Кыргыз Республикасынын мыйзамдар жыйнагынын" реквизиттери тегерек кашаада төмөнкү иретте көрсөтүлөт: аталышы, томдун номери жана бети.
4.6. "Эркинтоонун" реквизиттери тегерек кашаада төмөнкү иретте көрсөтүлөт: аталышы, жарыялануу жылы, күнү жана айы.
4.7. Көлөмү чоң мыйзам актысынын тексти жарыялоонун расмий булагы катары "Эркинтоонун" бир нече санында жарыяланганда газетанын мыйзам актысынын тексти жарыяланган бардык номерлеринин датасы көрсөтүлөт.
5. Мыйзам актыларына өзгөртүүлөр
жана (же) толуктоолор киргизүү
5.1. Өзгөртүүлөр киргизүү деп төмөнкүлөр эсептелет:
1) сөздөрдү, цифраларды алмаштыруу;
2) сөздөрдү, цифраларды, сүйлөмдөрдү алып салуу;
3) күчүнө кире элек мыйзам актысынын түзүмдүк бирдиктерин алып салуу;
4) мыйзам актысынын түзүмдүк бирдигинин жаңы редакциясы;
5) мыйзам актысынын же анын түзүмдүк бирдиктеринин колдонулушун токтотуу;
6) мыйзам актысынын жаңы түзүмдүк бирдиктеринин колдонулушун узартуу.
5.2. Толуктоо киргизүү деп төмөнкүлөр эсептелет:
1) мыйзам актысынын статьяларын, түзүмдүк бирдиктерин жаңы сөздөр, цифралар же сүйлөмдөр менен толуктоо;
2) мыйзам актысын түзүмдүк бирдиктер менен толуктоо.
5.3. Жаңы укуктук жөнгө салууну белгилөөчү мыйзам долбоорлору менен бир мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна өзгөртүлүүгө жана (же) толукталууга тийиш болгон мыйзам актылары же алардын түзүмдүк бирдиктери жөнүндө өз алдынча мыйзам долбоорлорун киргизүү керек. Жаңы укуктук жөнгө салууну белгилөөчү мыйзам долбоорлорунда мыйзам долбоорлоруна же алардын түзүмдүк бирдиктерине өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүүнү камтыган статьялардын болушуна жол берилбейт.
5.4. Мыйзам актыларынын же алардын түзүмдүк бирдиктеринин колдонулушун токтотуу жөнүндө же колдонулушун узартуу жөнүндө статьялардын болушуна жол берилген тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлору жана мамлекеттик (республикалык) бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттары жөнүндө мыйзам долбоорлору бул эрежеге жатпайт.
5.5. Мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү өз алдынча мыйзам актылары менен жол-жоболоштурулат, анда өз кезегинде ар бир мыйзам актысына киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана же толуктоолор өз алдынча статьялар менен жол-жоболоштурулат.
5.6. Мыйзам актысына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү менен бир убакта ал мыйзам актысынын түзүмдүк бирдиктерин күчүн жоготту деп тапканда өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү жөнүндө жана күчүн жоготкондук тууралу жоболор бир статьяда жайгаштырылышы мүмкүн. Мында киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор менен күчүн жоготту деп табуу ырааттуу (статьялар боюнча) баяндалууга тийиш.
5.7. Мыйзам актысына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүүдө актынын түрү, актыга кол коюлган дата, анын каттоо номери, аталышы, ошондой эле анын расмий жарыяланылышын тиешелүү булактары милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
5.8. Мыйзам долбоорунун мазмунуна жараша мыйзам долбоорунун аталышы тиешелүү сандагы "өзгөртүү" жана (же) "толуктоо" деген сөздөрдү камтып турат.
5.9. Эгерде статья эки же андан ашык өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду камтып турса, ар бир статьянын биринчи абзацына карата ошол эле норма колдонулат.
5.10. Мыйзам актысынын бир же эки (андан ашпаган) статьясына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүүдө мыйзам долбоорунун аталышын айкындаштыруу максатка ылайыктуу.
5.11. Өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор дайыма негизги мыйзам актысына киргизилет.
5.12. Аны толуктаган мыйзам актысына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү жолу менен негизги мыйзам актысына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүүгө жол берилбейт.
5.13. Негизги мыйзам актысына убактылуу мүнөздөгү укуктук нормаларды киргизүүгө жол берилбейт.
5.14. Белгилүү бир маселелер боюнча убактылуу (жалпы белгиленгенден айырмаланган) укуктук жөнгө салууну белгилөө зарыл болгондо өз алдынча мыйзам актысы кабыл алынат.
5.15. Мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүүдө тиешелүү текст тырмакчага алынат.
5.16. Мыйзам актысына киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор ага өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилүүчү түзүмдүк бирдикти көрсөтүү менен ырааттуу (статьялар боюнча) баяндалат.
5.17. Ар башка мыйзам актылары менен кабыл алынган, бир нече бөлүктөн турган кодекстерге өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүүдө кодекстин өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткан бөлүгү милдетүү түрдө көрсөтүлөт.
5.18. Мыйзам актысын тиешелүү главалардын, бөлүктөрдүн, бөлүмдөрдүн кошулган жеринде турган статьялар, глава, бөлүк менен толуктоодо мыйзам актысынын тиешелүү главасына, бөлүгүнө, бөлүмүнө шилтеме жасоо менен толукталуучу статьянын, главанын, бөлүктүн орун алган жери так көрсөтүлөт.
5.19. Мыйзам актысына жалпыланган түрдөгү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор (анын ичинде "текст боюнча" деген туюндурманы пайдалануу менен сөздөрдү жана сөз айкалыштарын) киргизүүгө жол берилбейт.
5.20. Жалпы эреже боюнча ар бир өзгөртүү жана (же) толуктоо өзгөртүлүп жана (же) толукталып жаткан мыйзам актысынын түзүмдүк бирдигин көрсөтүү менен өзүнчө жол-жоболоштурууга тийиш.
5.21. Мыйзам актысынын же анын түзүмдүк бирдигинин бир статьясына жалпыланган түрдөгү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү гана ушул эрежеге жатпашы мүмкүн.
5.22. Эгерде мыйзам долбоорунун пунктунун биринчи сүйлөмү ага өзгөртүү жана (же) толуктоо киргизилип же күчүн жоготту деп табылып жаткан мыйзам актысынын преамбуласына, түзүмдүк бирдигине (бирдиктерине) шилтеме камтып турса, анда сүйлөмдүн шилтеме жасалган бөлүгү биринчи сөздөн баштап кара тамгалар менен бөлүп көрсөтүлөт.
5.23. Мыйзам актысына өзгөртүү жана (же) толуктоо киргизүүдө адегенде кайсы түзүмдүк бирдик өзгөртүлүп жана (же) толукталып жаткандыгы, андан кийин өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун мүнөзү көрсөтүлөт. Мыйзам актысына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүүнү эн чоң түзүмдүк бирдиктен баштап жол-жоболоштуруу керек.
5.24. Статьяга, статьянын бөлүгүнө, пунктка, пунктчага, абзацка толуктоолор киргизүүдө алардан кийин толуктоо турууга тийиш болгон сөздөр көрсөтүлөт.
5.25. Эгерде мыйзам актысынын түзүмдүк бирдигинин статьясы сөздөр менен толукталса жана ал толуктоо ошол түзүмдүк бирдиктин аягында турууга тийиш болсо, анда ал толуктоо андан кийин турууга тийиш болгон айкын түзүмдүк бирдик көрсөтүлөт.
5.26. Мында толукталган түзүмдүк бирдиктин аягында пайдаланылуучу тыныш белгиси киргизилген толуктоодон кийин ага көрсөтүүсүз сакталып калат.
5.27. Мыйзам долбоорунун ар кандай түзүмдүк бирдигинин статьясына бир нече өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүүдө статьянын аталышы кош чекит менен көрсөтүлүп, андан кийин статьянын белгиленишин кайталабастан киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун мүнөзү менен статьянын түзүмдүк бирдигинин белгилениши саналып өтөт.
5.28. Мыйзам долбоорунун статьясын тиешелүүлүгүнө жараша статьянын, бөлүктүн, пункттун же пунктчанын аягында жайгаштыруу зарыл болгон бөлүктөр, пункттар же пунктчалар менен толуктоодо толукталып жаткан бөлүктөрдүн, пункттардын же пунктчалардын иреттик номери милдеттүү тартипте көрсөтүлөт.
5.29. Мындай учурлардын бир катарында зарыл болгон тыныш белгилерин алмаштыруу мыйзам актысынын учурдагы редакциясын даярдоодо жүзөгө ашырылат (мыйзам долбоорунун текстинде айтылбастан).
5.30. Статьянын түзүмүн сактап калуу максатында:
1) абзацтар менен толуктоо тиешелүү түзүмдүк бирдиктин аягында гана жүргүзүлөт;
2) мурда турган абзацтардын ортосуна жаны абзац киргизүү зарыл болгондо мыйзам актысынын статьясынын абзац тиешелүү болгон түзүмдүк бирдигинин жаңы редакциясы берилет;
1) абзацты күчүн жоготту деп табууда кийинки абзацтарды санап өтүү жүргүзүлбөйт. Күчүн жоготкон абзац саноого ал түзүмдүк бирдикке кийин өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизгенде катышат.
5.31. Мыйзам актысынын жаңы редакциясына, эреже катары, жол берилбейт.
5.32. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мурда колдонуудагы мыйзам актысын күчүн жоготту деп табуу менен бир убакта жаңы мыйзам актысын төмөнкү учурларда кабыл алат:
1) мыйзам актысын маңызы боюнча кайра иштеп чыгууну талап кылган жана анын айрым түзүмдүк бирдиктеринин жаңы редакциясы менен чектелип калууга мүмкүнчүлүк бербеген өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду мыйзам долбооруна киргизүү зарыл болгон;
2) мыйзам актысына анын дээрлик бардык түзүмдүк бирдиктеринё тиешелүү болгон өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү зарыл болгон;
3) мыйзам актысынын айрым түзүмдүк бирдиктери гана маанисин жарым-жартылай сактап калган;
4) бөлүнбөс бөлүгүндө күчүн жоготту деп табылган мыйзам актысына өзгөртүү жана (же) толуктоо киргизүү зарыл болгон.
5.33. Мыйзам актысынын түзүмдүк бирдиги жаңы редакцияда:
1) ошол түзүмдүк бирдикке олуттуу өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү зарыл болгон;
2) мыйзам актысынын түзүмдүк бирдигинин текстине бир нече жолу өзгөртүү жана (же) толуктоо киргизилген учурларда баяндалат.
5.34. Мыйзам актысынын түзүмдүк бирдигин жаңы редакцияда баяндоо ал түзүмдүк бирдиктин арадагы редакцияларынын баарын күчүн жоготту деп табуу үчүн негиз болуп саналбайт.
5.35. Жаңы редакцияда баяндоо менен тиркемеге өзгөртүү жана (же) толуктоо киргизүү зарыл болгондо тиркеменин жаңы редакциясынын тексти ага тиркеме болуп саналбаган, өзгөртүлүп жана (же) толукталып жаткан мыйзам актысынын текстине киргизилет.
5.36. Цифралык белгилерди алмаштыруу зарыл болгондо "сандар" эмес, "цифралар" деген термин пайдаланылат.
5.37. Сөздөрдү жана цифраларды алмаштыруу зарыл болгондо "сөздөр" деген термин колдонулат.
5.38. Эгерде мыйзам долбоорунда мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү жөнүндө статьялар менен бир убакта күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмеги бар статья камтылса, анда мындай статьянын болушу мыйзам долбоорунун аталышында милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш.
6. Күчүн жоготту деп табылууга тийиш
болгон мыйзам актыларынын тизмеги
6.1. Эгерде алар жаңы актыга киргизилген сунуштамаларга каршы келсе же аларга кирип кетсе, мыйзам актысынын кабыл алынышына байланыштуу бардык актылар же алардын түзүмдүк бирдиктери күчүн жоготту деп табылууга тийиш.
6.2. Колдонуудагы мыйзам актысынын түзүмдүк бирдиктери күчүн жоготту деп табылганда номерлери сакталып калат жана күчүн жоготкон мыйзам актысынын түзүмдүк бирдиктерин таануу жөнүндө мыйзам актысына шилтеме берилет.
Шилтеме жасоодо реквизиттер төмөнкү иретте көрсөтүлөт: мыйзам актысынын түрү, ага кол коюлган дата жана каттоо номери.
6.3. Күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине төмөнкүлөр кирет:
1) толугу менен күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актылары. Мында мыйзам актысынын өзү, ошондой эле негизги мыйзам актысынын текстине мурда өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген мыйзам актыларынын баары өзүнчө көрсөтүлөт;
2) жарым-жартылай күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актылары, б.а. эгерде мыйзам актысы бүт бойдон эмес, анын айрым түзүмдүк бирдиктери (мыйзам актысынын номер коюлган түзүмдүк бирдиктеринин баары, анын ичинде абзацтары). Мында мыйзам актысынын түзүмдүк бирдигинин өзү, ошондой эле ал түзүмдүк бирдикке мурда өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген мыйзам актыларынын баары өзүнчө көрсөтүлөт;
3) өзгөчө учурларда бөлүнгүс бөлүгүндө күчүн жоготкон (эгерде өз алдынча түзүмдүк бирдикке бөлүнбөгөн бөлүгү деп түшүнүлсө) мыйзам актылары (же алардын түзүмдүк бирдиктери).
6.4. Күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмеги жаңы укуктук жөнгө салууну белгилеген мыйзам долбоорунда өз алдынча статья, мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү жана айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө мыйзам долбоорунда өз алдынча статья же статьялар, ошондой эле өз алдынча мыйзам долбоору болушу мүмкүн.
6.5. Бир мезгилде мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү жана ошол эле мыйзам актысынын түзүмдүк бирдиктерин күчүн жоготту деп табууну жол-жоболоштуруу ушул Нускаманын 5.6-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
6.6. Күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмеги юридикалык жактан негизделген жана мүмкүн болушунча толук болууга тийиш.
6.7. Эгерде Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун мыйзам менен бекитилген Указы күчүн жоготсо, анда күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине Указ жана аны бекиткен мыйзам (же болбосо анын бир бөлүгү) өзүнчө киргизилет. Мында бул тизмекке Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Указына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизген мыйзам актылары өз-өзүнчө киргизилет.
6.8. Эгерде Кыргыз ССР (Кыргыз Республикасынын) Жогорку Советинин токтому менен киргизилген мыйзам күчүн жоготсо, анда күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине мыйзам жана аны күчүнө киргизүү жөнүндө токтом өз-өзүнчө киргизилет.
Мында тизмекке мыйзамга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизген мыйзам актылары өз-өзүнчө киргизилет.
6.9. Эгерде кодекс күчүн жоготсо, анда күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине кодекстин өзү, кодексти колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзам (же Кыргыз ССР Жогорку Советинин токтому, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому) же кодексти бекитүү жөнүндө мыйзам өз-өзүнчө киргизилет.
Мында кодекске өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген мыйзам актылары тизмекке өз-өзүнчө киргизилет.
6.10. Күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине мыйзам актысын киргизүүдө мыйзам актысынын түрү жана аталышы, ага кол коюлган дата, каттоо номери, ошондой эле аны расмий жарыялоонун булагы көрсөтүлүүгө тийиш.
6.11. Алар менен негизги мыйзам актысына ар кайсы убакта өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген бардык мыйзам актыларын (алардын түзүмдүк бирдиктерин) өз-өзүнчө күчүн жоготту деп табуусуз мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табууга жол берилбейт.
6.12. Ар бир мыйзам актысы күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине өзүнчө айрым киргизилет. Мындай тизмекке камтылган мыйзам актыларынын катар номери болушу мүмкүн (мындай учурда алар пункттар деп эсептелет жана тегерек жарты кашаа менен жабылган араб цифралары менен номерленет).
6.13. Аталышы өзгөртүлгөн жана (же) толукталган мыйзам актысын бүт бойдон күчүн жоготту деп табууда күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине ал мыйзам актысы алгачкы аталышын жана расмий жарыяланышынын булагын көрсөтүү менен киргизилет. Мыйзам актысынын алгачкы аталышын өзгөрткөн жана (же) толуктаган мыйзам актысы тизмекке өзүнүн расмий жарыялануу булагын көрсөтүү менен өзүнчө түрдө киргизилет.
6.14. Аталышы өзгөртүлгөн жана (же) толукталган мыйзам актысынын түзүмдүк бирдигин күчүн жоготту деп табууда күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине мыйзам актысы өзгөртүлгөн жана (же) толукталган аталышы менен анын аталышын өзгөрткөн жана (же) толуктаган мыйзам актысы расмий жарыяланган алгачкы булакты көрсөтүү менен киргизилет.
6.15. Аталышы өзгөртүлгөн жана (же) толукталган мыйзам актысынын бөлүнгүс бөлүгүн күчүн жоготту деп табууда күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине мыйзам актысы өзгөртүлгөн жана (же) толукталган аталышы менен расмий жарыялоонун булагын, ошондой эле анын аталышын өзгөрткөн жана (же) толуктаган мыйзам актысынын расмий жарыялоо булагын көрсөтүү менен киргизилет.
6.16. Мыйзам актысынын алгачкы редакциясында жок болгон (кийин толукталган) түзүмдүк бирдигин күчүн жоготту деп табууда күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине өз-өзүнчө түрүндө:
1) расмий жарыялоонун алгачкы булагын жана түзүмдүк бирдик толукталган мыйзам актысынын расмий жарыялоо булагын көрсөтүү менен ал түзүмдүк бирдик;
2) күчүн жоготуучу түзүмдүк бирдикти толуктаган мыйзам актысынын түзүмдүк бирдиги жарыялоонун расмий булагын көрсөтүү менен киргизилет.
6.17. Күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегиндеги мыйзам актылары хронологиялык тартипте (аларга кол коюлган дата боюнча) жайгаштырылат. Кол коюунун бирдей датасынын чегиндеги мыйзам актылары улам көбөйгөн тартипте алардын каттоо номерлерине ылайык жайгаштырылат.
6.18. Күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын бир тизмегиндеги алардан баштап мыйзам актылары күчүн жоготту деп табылган ар башка даталар тизмекте күчүн жоготуунун тиешелүү датасына (мөөнөтүнө) ылайык бөлүнүп түзүлөт.
6.19. Эгерде мыйзам актысында калгандарынын баары күчүн жоготкондон кийин бир статья же түзүмдүк бирдик калса жана ал күчүн жоготту деп табылууга тийиш болсо, анда ошол статьяны же түзүмдүк бирдикти гана эмес, бүткүл мыйзам актысын толугу менен күчүн жоготту деп табуу зарыл.
6.20. Эгерде мыйзам актысында алар менен мурда чыгарылган мыйзам актылары күчүн жоготту деп табылган статьялар бар болсо, анда бул мыйзам актысын күчүн жоготту деп табуу зарыл болгондо ал өзүндөгү мындай статьялардын бар экендигине карабастан толугу менен күчүн жоготту деп табылат.
6.21. Күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине жаңы мыйзам актысы кабыл алынганга чейин колдонууда болгон мыйзам актыларын гана эмес, мурда иш жүзүндө күчүн жоготкон же болбосо кийинки мыйзам актысына кирип кеткен, бирок белгиленген тартипте күчүн жоготту деп табылбай калган маселе боюнча мыйзам актыларын да киргизүү керек.
6.22. Күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине колдонуу мөөнөтү бүткөн убактылуу мүнөздөгү мыйзам актылары (нормалар) киргизилбейт. Алардын колдонуу мөөнөтү бүтпөгөн учурда гана убактылуу мүнөздөгү мыйзам актылары (нормалар) күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине киргизилет.
Эгерде убактылуу мүнөздөгү мыйзам актысынын же анын түзүмдүк бөлүгүнүн колдонулушу белгисиз мөөнөткө узартылса, анда тизмекке негизги мыйзам актысы, ошондой эле анын колдонулушун узарткан мыйзам актысы да киргизилет.
6.23. Эгерде күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон пункт же күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон статья тиешелүүлүгүнө жараша күчүн жоготууга тийиш болгон тиркемеге көрсөтүүнү камтып турса, анда күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине ошол пункт же ошол статья гана киргизилип, ал да күчүн жоготту деп эсептелүүгө тийиш болгон тиркеме өзүнчө көрсөтүлбөйт.
6.24. Эгерде мыйзам актысынын пунктунда же статьясында тиркемени бекитүү менен катар өз маанисин сактап калган башка маселелерге тиешелүү көрсөтмөлөр камтылса, ал эми тиркеме толугу менен күчүн жоготту деп табылууга тийиш болсо, анда күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине ошол пункттун же ошол статьянын тиркемеге тиешелүү бөлүгү гана көрсөтүлөт.
6.25. Эгерде тиркеме толугу менен күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн болбосо, анда күчүн жоготту деп табылууга тийиш болгон мыйзам актыларынын тизмегине тиркеменин түзүмдүк бирдиктери гана киргизилет.
6.26. Эгерде мыйзам актысы күчүнө кире элек, ал эми мындай зарылдыктын кереги жок болсо, "жокко чыгарылсын" деген термин пайдаланылат.
6.27. ССР Союзунун мыйзамдарына карата "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулбайт деп табылат" деген түшүнүк пайдаланылат.