Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-февралы № 89
Мамлекеттин менчигине алынган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жаран Аван Ихлак Ахмед Исм Дин Авандын арызынын негизинде "Honda Odyssey" маркасындагы, 2000-жылы чыгарылган, кузов № RA6-1070923 автомашинаны жана "Honda Odyssey" маркасындагы, 2000-жылы чыгарылган, кузов № RA6-1090253 автомашинаны мамлекеттин пайдасы үчүн баш тартуу режиминде бажылык тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашиналарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автомашиналарды белгиленген тартипте балансына өткөрүп алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж.Сатыбалдиев
|