Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 11-мартындагы 2022-жылдын № 131 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-февралы № 90
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 257-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Окуу куралдарынын, мектепке таандык буюмдардын жана илимий басылмалардын тизмесинде:
2-пунктта:
- 9-пунктча төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Юсупова А. Кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн окуу китеби - Чет тили (англ. тили), 8-кл. (жаңы басылышы).";
- 10-пунктча төмөнкү мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Юсупова А. Кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн окуу китеби - Чет тили (англ. тили), 9-кл. (жаңы басылышы).
Алымов Б. Кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн окуу китеби - Кыргыз адабияты, 9-кл. (4-кайра иштелип басылышы).";
- 11-пунктча төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Юсупова А. Кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн окуу китеби - Чет тили (англ. тили), 10-11-кл. (жаңы басылышы).";
- "башкалар" деген 13-пунктчадагы "13" деген цифралар "14" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2012-жылдын 1-декабрынан тартып колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр |
Ж.Сатыбалдиев |