Редакцияот 27.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 27-февралы № 102

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын бирдиктүү казыналык эсебинин иштөө тартиби жөнүндө убактылуу нускамасын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык, мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын бирдиктүү казыналык эсебинин иштөө тартиби жөнүндө убактылуу нускамасын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

5-пункттагы "мамлекеттик комитет," деген сөздөр алып салынсын;

6-пунктта:

- "мамлекеттик комитет," деген сөздөр алып салынсын;

- "администрациялык ведомстволор" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев