Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-февралындагы № 47 токтому менен бекитилген |
1. Киришүү
2. Программанын принциптери
3. Программаны башкаруу
4. Эл аралык кызматташтык
5. Программанын максаты
6. Программанын стратегиялык багыттары
Тиркеме. 2013-2017-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасына
1. Киришүү
Калкты иммунизациялоо 2015-жылга карата балдардын өлүмүн үчтөн экиге кыскартуу чөйрөсүндө Миң жылдыктын өнүгүү максаттарына жетүүнүн маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (мындан ары - ДСУ) тарабынан адамдын саламаттыгын коргоого кошкон натыйжалуу салым катары таанылды.
Калкты үзгүлтүксүз пландуу иммуназициялоо мамлекет үчүн өзүн экономикалык жактан актап жана бир катар жугуштуу оорулардын, ошондой эле саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү башка медициналык кийлигишүүлөргө салыштырмалуу өлүмдүн жана майыптуулуктун кесепеттерин алдын алуунун натыйжалуу чарасы болуп саналат.
Кыргызстанда математикалык жана эпидемиологиялык моделдөөнүн ыкмаларын колдонуу менен биринчи жолу 2010-жылы жүргүзүлгөн иммунопрофилактиканын экономикалык натыйжалуугун изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, калктын 50%да вакцинация жок болгон учурда кызамык менен ооруган адамдарды дарылоого кеткен чыгым жыл сайын 260,0 млн. сомдон көп каражатты түзсө, кызамыкка каршы вакцинаны сатып алуу жылына 9,0 млн. сомдон ашпайт.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөөлөр календары он жугуштуу ооруларга карата милдеттүү вакцинацияны камтыйт: полиомиелит, кургак учук, кептөөр, көк жөтөл, сенек, кызамык, тепки, кызылча, В вирус гепатити жана гемофилдик инфекция.
Вакциналары бар жугуштуу оорулар менен натыйжалуу күрөшүү үчүн Кыргыз Республикасында 1994-жылдан бери вакцинация жүргүзүү аркылуу ооруларды жана өлүмдү басаңдата турган стратегияларды ишке ашырууга карата комплекстүү, пландуу ыкма колдонулуп келет. Бул максатта 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан биринчи "1996-2000-жылдарга карата иммунопрофилактика" Улуттук программасы, 2001 жана 2006-жылдары экинчи жана үчүнчү программалар бекитилген, алар 2001-2005 жана 2006-2010-жылдары ишке ашырылган.
2013-2017-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасы (мындан ары Программа) вакциналар бар болгон жугуштуу оорулардын жайылышын контролдой турган өлкөнүн иммунопрофилактика кызматын колдоо жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан төртүнчү программалык документ болуп саналат.
Программа - бул жыл сайын декреттелген контингенттин 900 миңден ашык адамын, же өлкө калкынын жалпы санынын 18% камтыган ири масштабдуу программа.
Программанын максаттуу калкынын 73%ын 0дөн 16 жашка чейинки балдар түзөт, алардын ичинде 11%ы - бул жаңы төрөлгөндөр жана ымыркайлар.
Калктын декреттелген тобун пландуу иммунизациялоону жүргүзүү үчүн республикага жыл сайын 2,5 млн. доза вакцина келет.
Жогоруда саналган программалардын жана баскычтуу негиздүү иш-чаралардын алкагындагы пландуу максаттуу иштердин аркасында көптөгөн өмүрлөрдү сактап калуу боюнча жакшы ийгиликтерге жетишкенге, иммунопрофилактика менен контролдонгон оор жугуштуу оорулардын кесепеттерин алдын алууга мүмкүн болду.
2000-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында вакциналарды сатып алууга бөлүнгөн акча көбөйүп келүүдө. Эгерде 2000-жылы бул максаттарга 697,5 миң сом бөлүнүп, ал эми вакцина препараттарынын олуттуу бөлүгү өлкөгө гуманитардык жардам катары алынып келинсе, 2010-жылы республиканын бюджетинен вакциналарды сатып алууга 24,4 млн. сом бөлүнүп, бул вакцина препараттарына болгон жылдык керектөөнүн 85%ын камсыздоо мүмкүнчүлүгүн берди.
Иммунизациялоо программасын жүзөгө ашыруу өлкө калкын профилактикалык эмдөө менен камтуунун жогорку деңгээлине жетишүүнү шарттады жана муну менен кептөөр, сенек, кызамык, көк жөтөл, В вирустук гепатити сыяктуу жугуштуу оорулар менен ооругандардын саны азайды.
Республикада 18 жылдан бери полиомиелит катталган жок, анын натыйжасында Европа регионунун башка өлкөлөрү менен катар Кыргызстанга полиомиелит дарты жок өлкө макамы ыйгарылды. Биздин өлкөдө полиомиелитке каршы иммунизациялоо менен камтуунун жогорку деңгээли жана 2010-2011-жылдары бул жугуштуу ооруга каршы иммунизациялоонун кошумча өнөктүгүн өткөрүү биздин өлкөгө коңшу мамлекеттердин аймагынан жапайы полиовирусту алып келүүнүн жана паралитикалык полиомиелит учурларынын пайда болушунун алдын алды.
Республикада 1993-1997-жылдары күч алган кептөөр эпидемиясынан жана калкты иммунизациялоо боюнча кабыл алынган чаралардан кийин бул дартты жуктуруп алуу учурларын дээрлик жок кылып, акыркы төрт жылдан бери жугуштуу оору каттала элек.
Ар жылкы пландуу иммунизациялоонун аркасында сенек оорусу каттала элек болсо, кызамык жана кызылча менен ооругандардын саны 40 эсе азайды. Кызамыкты жана кызылчаны элиминациялоо боюнча милдет турат, башкача айтканда бул жугуштуу оорулар менен жабыркагандардын санын азайтып жана алардын кеңири жайылышынын алдын алуу милдети турат.
2009-жылы республикада жаш балдарда менингитти жана пневмонияны пайда кыла турган гемофилдик инфекцияга каршы жаңы вакцина киргизилди. Ошентип, башка жугуштуу ооруларга таасир этүү спектри улам кеңейип жатат.
Жетишилген жыйынтыктар иммунизациялоо коомдук саламаттыкты сактоо тутумунун натыйжалуу жана алгылыктуу кийлигишүүсүнүн бири болуп саналаарын айгинелеп турат.
Республиканын калкынын жалпы популяциясы үчүн иммунизациялоонун натыйжалуулугу калктын декреттелген тобунун 95%ынан көбүн камтыган учурда кепилдениши мүмкүн, бул медициналык уюмдарда жалпы калкты каттоого алууну талап кылат. Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарында калктын бөлүгүнө системалуу түрдө байкоо салуу маселеси республикада акыркы учурда күч алган социалдык көйгөйлөрдүн - жогорку ички миграциянын айынан кыйынга турууда.
Вакцина препараттарын сатып алууда мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын көлөмүндө көйгөйлөр бар. 2009-жылдан тартып милдеттүү тогуз түр вакциналардын ичинен бирөөнү гана (пентаваленттүү вакцинаны АККС+ВГВ+ХИБ) сатып алуу донордук колдоонун эсебинен жүзөгө ашырылат, эмдөөнүн улуттук календарынын калган сегиз вакцина түрлөрү (БЦЖ, ОПВ, ВГВ, АККС, КТК, ККВ, АКС, АКС-М) республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен сатылып алынат. Бул каражаттарды өз убагында бөлбөй калуу пландуу иммунизациялоонун жагымсыз тыныгууларына алып келет. Андан тышкары, вакциналарды сатып алууну толук көлөмдө каржылабай калуу вакцина препараттарынын милдеттүү 25%дык резервдик запасын калыптандыруу мүмкүнчүлүгүн жоготот.
Өлкөдө вакцинасы бар жугуштуу оорулар боюнча эпидемиологиялык жыргалчылыктын кепилдиги Программанын биринчи кезекте иммунизациялоо боюнча иш-чараларды каржылоону камсыздоону, калктын иммунизация кызматтарына жетүүсүн жана бул кызматтардын сапатын жогорулатууну караган негизги стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу болуп саналат.
2. Программанын принциптери
Программанын принциптери иммунизациянын мурдагы программаларын жүзөгө ашыруу процессинде топтолгон тажрыйбаларды, дүйнөлүк тажрыйбаларды жана Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын сактоого жана чыңдоого багытталган өлкөнүн региондук, эпидемиологиялык, социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт.
Программанын негизги принциптерине төмөнкүлөр кирет:
- калктын жетүүгө кыйын аймактарында жашаган тобун иммунизациялоого жетишүү жана камтуу;
- жаңы вакциналарды жана технологияларды киргизүү жана кеңири колдонуу;
- саламаттыкты сактоонун жалпы тутумуна иммунизациялоону интеграциялоо;
- глобалдык өз ара көз карандуулук шарттарында иммунизациялоо чөйрөсүндө кызматташуу.
3. Программаны башкаруу
Программаны башкарууну республикалык деңгээлде Республикалык иммунопррофилактика борбору (мындан ары - РИБ) аркылуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары - Саламаттыкты сактоо министрлиги) жүзөгө ашырат, ал вакциналары бар жугуштуу оорулардын профилактикасы боюнча жалпы комплексти иштеп чыгуу, киргизүү жана мониторинг жүргүзүү боюнча башкаруучу, координациялоочу, уюштуруу-методикалык, консультативдик жана контролдоочу орган болуп саналат.
РИБ вакцина менен жөнгө салынуучу жугуштуу оорулар менен ооруп калуу, майыптуулук жана өлүм учурларын төмөндөтүүгө көмөктөшө турган ресурстар менен иш-чараларды бириктирип жана координациялап, Программаны жүзөгө ашыруу боюнча натыйжалуу жана ыкчам иштердин кепилдиги катары чыгат.
Программанын жана анын Иш-чара планынын алкагында иш-чараларды аткарууну Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан республиканын бардык деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдарында, анын ичинде баштапкы звенодо жана госпиталдык кызматта, ошондой эле коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылат.
Программаны улуттук деңгээлде координациялоо Республикалык эмдөө комитети жана курамына Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери, Программаны жүзөгө ашырууга тартылган республикалык медициналык уюмдардын алдыңкы адистери кирген иммунопрофилактика боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобу аркылуу ишке ашырылат.
4. Эл аралык кызматташтык
РИБ Программанын ченинде көптөгөн жылдар бою иммунизациялоо чөйрөсүндө ДСУ, ЮНИСЕФ, ВИГА, ЛСА, АӨБ, жана башка сыяктуу эл аралык уюмдар менен тагыраак алганда, Кыргыз Республикасында балдарды иммунизациялоо үчүн иммунобиологиялык препараттарды, муздаткыч жабдууларды жана унааларды сатып алууда тыгыз кызматташууда. Андан тышкары, иммунизациялык тажрыйба коопсуздугу жана социалдык мобилизациялоо боюнча иш чараларында, иммунизация боюнча кошумча өнөктүктөрдө консультативдик-методикалык жардам көрсөтүлүүдө. Кызматташтыктын алкагында иммунизация жаатындагы маалыматтарды, ченемдик документтерди өз ара алмашууларды, ошондой эле адистерди окутуу, алардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен изилдөө иштерин, эл аралык конференцияларды, семинарларды жана калктын ден соолугун коргоого жана чыңдоого арналган иш чараларды жүргүзөт.
5. Программанын максаты
Программанын максаты болуп калкты иммунизациялоо менен туруктуу камтууну камсыз кылуу, кепилденген сапаттагы вакциналарга жетүүнү жогорулатуу жана далилдүү медицинанын негизинде иммунизациялоону жигердүү пропагандалоо аркылуу вакцинанын жардамы менен алдын алууга боло турган жугуштуу оорулардын жайылышын жана өлүм учурларын төмөндөтүү, ошондой эле 2015-жылга карата Миң жылдыктын өнүгүү максаттарына жетишүү саналат.
6. Программанын стратегиялык багыттары
Программанын стратегиялык багыттары ДСУнун вакцина менен башкарылуучу инфекциялык ооруларды жана өлүмдү кыскартуу, иммунизациялоо кызматынын алга карай туруктуу өнүктүрүү боюнча Глобалдык максаттарына жетишүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын аныктайт.
Программанын негизги стратегиялык багыттары төмөндөгүлөрдү камтыйт:
1. Иммунизациялоо программасына саясий ишенимдүүлүктү күчөтүү жана анын финансылык туруктуулугун камсыздоо.
2. Пневмококко жана ротавируска каршы жаңы вакциналарды киргизүү.
3. Вакциналарды ташуу, сактоо жана колдонуу тутумунун материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртуу.
4. Иммунизациялоо кызматтарынын калкка жеткиликтүүлүгүн күчөтүү жана профилактикалык эмдөөлөрдүн жогорку деңгээлин колдоо.
5. Иммунизациялык кызматтардын сапаттуулугун жана коопсуздугун камсыздоо.
6. Иммунизациялоо боюнча маалыматтарды башкаруу жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
7. Кызамык менен кызылчаны элиминациялоо максаттарына жетишүүгө жана полиомиелитти жеңген мамлекет макамын колдоого багытталган иш-чаралардын комплексин камсыздоо.
8. Вакцина менен башкарылуучу инфекцияларды контролдоо тутумун өркүндөтүү.
9. Кадрдык потенциалды күчөтүү жана программаны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
10. Социалдык мобилизациялоо жана калк арасында иммунизациялоону пропагандалоо.
Иммунизациялоо программасына саясий ишенимдүүлүктү күчөтүү жана анын финансылык туруктуулугун камсыздоо
Калкка пландуу иммунизациялоо жүргүзүүнүн натыйжасында Кыргызстанда вакцина менен жөнгө салынуучу жугуштуу оорулардын жайылышы жана адамдардын өлүмү кескин түрдө кыскарды.
Кыргыз Республикасы бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында көп доза коюлган вакциналарды арзаныраак сатып алууга аргасыз болууда, бул болсо элге көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө, ошондой эле резервдик запастын калыптанышына терс таасирин тийгизүүдө. Иммунизациялоо процессинде вакцинациялоонун мөөнөттөрүнүн сакталышы абдан маанилүү болуп саналат.
Жалпы каржылоодо вакциналарды жана шприцтерди сатып алуу иммунизациялоо программасына жумшалган бардык чыгымдардын 50%дан ашыгын түзөт, бирок өлкөнүн калкын сапаттуу иммунизациялоону ишке ашырууда өтө маанилүү болгон башка компоненттер дагы бар. Буга биринчи кезекте, муздатуучу чынжыр тутуму киргизилет, ансыз республикага келип жаткан вакциналардын сапатын камсыздоого мүмкүн эмес. Бул муздатуучу чынжыр тутумун колдоо үчүн иммунизациялоо программасы үчүн чыгымдардын 17%ын сарптоо керек.
Программанын башка компоненттери болуп дарылоо-профилактикалык уюмдарда эмдөө иштерин натыйжалуу уюштуруу маселеси, вакцина препараттарын ташуунун эрежелери, иммунизациялоонун коопсуз тажрыйбасынын стандарттарын сактоо, программанын натыйжалуу мониторинги, вакцина менен жөнгө салынуучу жугуштуу ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл, калк арасында социалдык мобилизациялоо жана иммунизацияны жигердүү пропагандалоо боюнча иш-чаралар саналат. Программанын алкагында жогоруда саналган компоненттерди жүзөгө ашыруу республикалык бюджеттин каражаты менен 10%га гана колдоого алынган жана 90% донордук жардамдан көз каранды.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар борборунун 2010-жылдагы изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, кызамык оорусунун бир учурун дарылоонун баасы 4500 сомду түзсө, ал эми кызамыкка каршы вакцинацияга кеткен чыгымдар адам башына 50 сом гана турат.
Программанын негизги иш-чараларынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 токтому менен бекитилген 2012-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосун реформалоо боюнча "Ден-соолук" Улуттук программасынын менен шайкеш келүүсү, ишти пландоодо иммунопрофилактика боюнча иш-чараларды конкреттештирүүгө, программаны жүзөгө ашыруу үчүн зарыл ресурстарды мобилизациялоодо күч-аракеттерди бириктирүүгө мүмкүндүк берет.
Милдеттер:
1) Финансылык милдеттемелерди аткаруу үчүн иммунизациялоону саламаттыкты сактоо тутумундагы артыкчылыктуу багыт катары мамлекеттик деңгээлде таануу.
2) Иммунизациялоо программаларын финансылык тобокелчиликтерден коргоону камсыздоо.
Жүзөгө ашыруу стратегиялары:
1) Иммунизациялоо идеяларын колдоо жана коргоо, саясий чечим кабыл ала турган адамдардын иммунизациялоо программасына инвестиция жумшоонун маанилүү жана пайдалуу экенине байланыштуу кабардар болушун жогорулатуу.
2) Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарынын алкагында вакцина препараттарын жана шприцтерди сатып алуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана кепилденген бюджеттик каржылоону камсыздоо.
3) Вакциналарды жана шприцтерди сатып алууга чыгымдардан Программанын компоненттерин сатып алууну туруктуу каржылоону камсыздоо.
Пневмококко жана ротавируска каршы жаңы вакциналарды киргизүү
Миң жылдыктын өнүгүү максаттарында (МӨМ 4) коюлган жана Миң жылдык декларациясында бекитилген 2016-жылга чейин балдар өлүмүн 2/3ге азайтуу боюнча милдеттерди чечүү үчүн ДСУ пикиринде оорулуу балдарды натыйжалуу дарылоого жана имунизациялоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонууга жетишүү зарыл. Пневмококк жана ротавирус инфекцияларына каршы жаңы вакциналарды киргизүү менен балдар өлүмүнүн деңгээли 40-50%га азая турганы күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасы жаңы вакциналарды - адамдын папиллома вирусуна каршы, пневмококк жана ротавирус инфекцияларына каршы вакциналарды киргизүү боюнча ДСУ стратегиясын колдойт.
2010-жылы сентябрда Кыргызстанда ДСУ жана ICO онкология институту (Испания, Барселона) биргеликте жүргүзгөн изилдөө биздин республикада аялдардын жатын моюнчасынын рагы менен оорушу онкологиялык оорулардын жалпы түзүмүндө үчүнчү орунда жана аялдардын арасында эмчек рагынан кийинки экинчи орунда тураарын көрсөттү. Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагы менен ооругандардын көрсөткүчү 100 миң аялдын 20,4үнө туура келет, бул Орто Азия өлкөлөрү боюнча орточо көрсөткүчтөн 1,6 эсе жана орточо дүйнөлүк деңгээлден 1,3 эсе жогору.
Кыргыз Республикасында жыл сайын жатын моюнчасынын рагы оорусунун 560ка жакын жаңы учурлары катталат, мында алардын 2/3 учуру - 15 жаштан 44 жашка чейинки аялдар болсо, алардын 280и өлүм менен аяктайт.
1 жашка чейинки балдардын пневмония жана өпкөнүн төмөнкү бөлүктөрүнүн курч респиратордук инфекциялары менен оорушунун жогорку көрсөткүчү жана бул курактык топтогу жалпы өлүмдүн ичинен 14 пайызы дем алуу органдарынын ооруларына байланыштуу болушу эки айлык курактагы балдарга пневмококк вакцинасын киргизүү зарылчылыгын көрсөтүп турат.
Ротавирус вакцинасын колдонуу эпидконтролдоонун маалыматы боюнча, бир жашка чейинки балдарда 25% учурду түзгөн диареянын оор формаларынын жогорку көрсөткүчүн басаңдатууга мүмкүндүк түзөт.
Бирок учурда вакциналарды белгиленген температуралык шарттарда сактоого мүмкүнчүлүк бербеген вакциналарды ташуу, сактоо системасын инфраструктурасы жана материалдык-техникалык базасы боюнча маселе турат. Эмдөө пункттарынын 30%ы гана вакциналарды сактоо үчүн атайын муздаткычтар менен камсыздалган, 59%ы - бул максаттарда тиричилик муздаткычтарын колдонушат, 11%ы - муздаткыч жабдуу жок жана вакциналарды сактоо үчүн термоконтейнерлерди колдонушат. Медицина айымдары вакциналарды коомдук транспортто жеткирген учурлар да болот, бул кийин кызмат көрсөтүүнүн сапатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Пневмококк жана ротавирус вакциналарын колдонуу борбордук вакциналар кампасынан тартып, вакцинацияны жүргүзгөн медицина кызматкерлери камсыз болушу керек болгон вакциналарды ташуу үчүн муздаткыч-баштыктарына чейин камтыган - муздаткыч чынжырчасына олуттуу кошумча капиталдык салымды талап кылат.
Жаңы вакциналарды киргизүү жөнүндө акыркы жана негиздүү чечимди кабыл алуу үчүн көп даярдык иштери зарыл. Иммунизациялоо кызматына интеграцияланган медициналык уюмдардын материалдык-техникалык жана кадрдык потенциалын талдоо, ченемдик документтерди жана жаңы вакциналарды колдонуунун коопсуздугу боюнча колдонмолорду иштеп чыгуу, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери жана медицина кызматкерлери менен маалыматтык-түшүндүрүү жана окутуу иштерин жүргүзүү зарыл. Мындан тышкары калкка маалымат берүү үчүн маалыматтык-билим берүү программаларын даярдоо талап кылынат. Мунун баарын ушул Программанын алкагында жана каржылоо булагын аныктабай туруп жүргүзүүгө мүмкүн эмес.
Милдеттер:
Эмдөөлөрдүн улуттук календарына жаңы вакциналарды киргизүү боюнча даярдык иштерин өткөрүү.
Жүзөгө ашыруу стратегиялары:
1) Жаңы вакциналарды сатып алууда кепилденген финансылык колдоо жана шарттар үчүн донорлорду аныктоо.
2) Жаңы вакциналарды киргизүүдө вакцина препараттарын сактоо жана ташуу үчүн кошумча атайын муздаткыч жабдуулар менен жабдыктоо.
3) Жаңы вакциналарды киргизүүнү негиздөө максатында 5 жашка чейинки балдардын пневмония жана диарея менен оорушуна эпидкөзөмөл жана мониторинг тутумун иштеп чыгуу жана киргизүү.
Вакциналарды ташуу, сактоо жана колдонуу тутумунун инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу
Программанын алгылыктуу иштеши үчүн материалдык-техникалык камсыздоо чечүүчү мааниге ээ, анткени ал вакциналарды зарыл көлөмдө жана тийиштүү абалда ар бир эмдөө пунктуна өз убагында жеткирүүнү кепилдейт.
Материалдык-техникалык жабдуу тутумунун иштөөсү начар болгон шартта вакциналарды негизсиз жоготуулар, алардын кампаларда жок болушу жана иммунизацияланган балдардын санынын кыскарышы орун алат.
Республикага келген вакциналарды сактоонун жана ташуунун бардык баскычтарында вакциналардын сапатын сактоодогу негизги роль муздаткыч чынжырчасында болот.
Республиканын муздаткыч чынжырчасы тутумуна борбордук жана райондук вакцина кампалары кирет.
Аймактык вакцина кампалары коомдук саламаттыкты сактоонун райондук жана шаардык уюмдарынын деңгээлинде турат, ал жерде калк үчүн вакциналардын кварталдык запасы сакталат.
Баштапкы эмдөө пунктунун деңгээлинде үй-бүлөлүк дарыгер борбору, үй-бүлөлүк дарыгер тобу же фельдешердик-акушер пункту тейлеген калкты айлык иммунизациялоо үчүн зарыл вакциналар кору сакталат.
Республиканын бардык вакцина кампалары бардык вакциналарды белгилүү температура шарттарында сактоону шарттай турган жетиштүү келөмдөгү атайын муздаткыч жабдуулары менен камсыздалган.
Борбордук вакцина кампасынан республиканын райондоруна чейин вакциналарды жеткирүү муздаткыч чынжырчасын сактоо менен авторефрижераторлор аркылуу жүзөгө ашырылат.
Муздаткыч чынжырча тутуму жаңы вакциналарды киргизүү учурунда өзгөчө маанилүү болот. ЮНИСЕФ тарабынан жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыктары көрсөткөндөй, эмдөөлөр календарына жаңы вакциналарды - ротавирус, пневмококк жана пентаваленттүү вакциналарды киргизүүдө бир балага каралган вакцинаны көлөмү үч эсе - 60 см куб дан 180 см куб чейин жогорулайт. Демек муздаткыч жабдуунун көлөмү чоңоюуга тийиш.
Вакциналарды жеткирүү үчүн коомдук саламаттыкты сактоонун райондук/шаардык уюмдарынын балансындагы атайын автоунааларды рационалдуу колдонуу, ошондой эле вакциналарды республиканын жетүүгө кыйын болгон тоолуу райондоруна ташуу үчүн өтүмдүүлүгү жогору кошумча автоунааларды сатып алуу зарыл.
Келечекте республикада жаңы вакциналарды киргизүүгө дыкат даярданууну шарттай турган вакцина кампалары үчүн кошумча муздаткыч жабдууларын сатып алуу жана орнотуу керек. Вакциналарды жайгаштыруу үчүн муздаткыч чынжырчаларынын адекваттуу көлөмүнүн жоктугу алардын бузулушуна же натыйжалуулугунун төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн, бул ири финансылык жоготууларды пайда кылат.
Милдеттер:
Вакциналарды сактоонун жана ташуунун бардык баскычтарында вакцина препараттарынын сапатын сактоо.
Жүзөгө ашыруу стратегиялары:
1) Иммунизациялоо кызматынын бардык деңгээлдери үчүн кошумча атайын муздаткыч жабдууларын сатып алуу аркылуу муздаткыч чынжырчасынын көлөмүн ар дайым көбөйтүү.
2) Иммунизациялоо кызматында колдонулган муздаткыч жабдуусунун техникалык тейлөөсүн камсыздоо.
3) Вакцина препараттарын борбордук деңгээлден эмдөө пункттарына чейин ташуунун ишенимдүү шарттарын камсыздоо.
4) Иммунизациялоо кызматынын бардык деңгээлинде вакциналарды сактоонун температуралык режимине мониторинг жүргүзүү тутумун жакшыртуу.
5) Вакцина препараттарын сактоо, ташуу жана колдонуу үчүн жоопкерчиликтүү персоналдарды даярдоо жана окутуу.
Иммунизациялоо кызматтарынын калкка жеткиликтүүлүгүн күчөтүү жана профилактикалык эмдөөлөрдүн жогорку деңгээлин колдоо
Республика калкын вакцинациялоо үй-бүлөлүк дарыгер борбору, үй-бүлөлүк дарыгер тобу же фельдешердик-акушер пункту, төрөт үйлөрүндө жана аймактык ооруканалардын төрөт бөлүмдөрүндө жайгашкан 1796 пунктта жүргүзүлөт. Медициналык уюмдардын расмий маалыматтары боюнча, республикада пландуу эмдөөлөр менен камтуу 95%дан ашат. Бирок, эл аралык уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз изилдөөлөрдүн (МИКС, 2006-жыл) жыйынтыктары иммунизациялоо менен камтуу вакциналардын түрлөрү жана өлкөнүн ар башка райондору боюнча 80%дан 98%га чейин болоорун тастыктап турат.
Бул факты республикада, айрыкча алыскы райондордо медициналык жардамдын жеткиликтүү болушунун көйгөйүнө кабылган калктын аялуу катмары бар экени жөнүндө айтып турат.
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тутуму дарылоо-профилактикалык уюмдардын кеңири түйүнүнө ээ болгону менен, кызматтардын жеткиликтүү болбой жатышы биринчи кезекте баштапкы медициналык-санитардык жардам дарыгерлеринин жана алыскы тоолуу райондордо медициналык персоналдардын жетишсиздиги менен негизделет, бул иммунопрофилактиканын жетишсиз камтылышына, энени жана баланы коргоо боюнча начар кызматтарга алып келет.
Калктын (айрыкча жакыр, аялуу топторунун, ички мигранттарынын ж.б.) Кыргыз Республикасынын жарандарын баштапкы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча, анын ичинде иммунопрофилактикалоо боюнча, мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагындагы өз укуктары жөнүндө маалыматынын төмөнкү деңгээли алардын жетиштүү көлөмдө кызмат алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат. Мунун баары учурдагы иммунизациялоо менен камтуунун жогорку деңгээлине терс таасирин тийгизип жана жугуштуу оорулар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктерди коркунучка алып келиши ыктымал.
Баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарына жетүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу жана республикада профилактикалык эмдөөлөр менен камтууну жогорулатуу боюнча атайын иштер эл аралык уюмдардын колдоосу астындагы өнөктүктөрдү жүргүзүү жана сынамык долбоорлорду ишке ашыруу учурунда жүргүзүлүп келет.
Алсак, ДСУ "Ар бир районду камтуу" сынамык долбоорунун ишке ашыруунун алкагында - 2008-2009-жылдары ДСУнун финансылык колдоосу менен 20 алыскы райондордо мобилдүү бригадалар уюштурулуп, бул жетүүгө кыйын болгон тоолуу райондордо жайгашкан 200дөн ашык айылды иммунизациялоо кызматтары жана медициналык жардамдын башка түрлөрү менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берди. Жыйынтыгында улуттук деңгээлде эмдөөлөрдүн бардык түрлөрү менен камтуу 2,2-2,4%га жогорулаган.
Европалык иммунизациялоо жумалыгын өткөрүү учурунда жыл сайын Бишкек шаарынын жана республиканын башка ири шаарларынын тегерегинде жайгашкан жаңы конуштарда жашаган жана медицина уюмдарында каттоодо турбаган ички мигранттарды иммунизациялоо үчүн көчмө эмдөө бригадалары уюштурулат. Бирок бул иш-чаралар мобилдик бригадалардын мүчөлөрүнүн иш сапарларына кеткен чыгымдары жана күйүүчү майлоочу материалдар үчүн каражаттын жоктугунан улам улантылбай калууда.
Милдеттер:
1) Профилактикалык эмдөөнүн улуттук календарына кирген вакциналар менен республиканын декреттелген калкынын кеминде 95%ын иммунизациялоо менен камсыздоо.
2) ДСУнун "Ар бир районду камтуу" сынамык долбоорун республиканын үй-бүлөлүк медициналык борбору деңгээлинде ишке ашыруу.
Өнүктүрүү стратегиялары:
1) Үй-бүлөлүк медициналык борборунун тейлөө аймагында жашаган калкты каттоого алуу тутумун жакшыртуу.
2) Калктын жетүүгө кыйын болгон райондордо жашаган топторун жана "тобокелчилик" топторун белгилөө жана алардын эмделбей калышынын себептерин аныктоо.
3) Вакцина препараттарын пландоо жана бөлүштүрүү тутумун, ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын деңгээлинде иммунизациялоо кызматтарын көрсөтүүнүн графигин оптималдаштыруу.
4) Республиканын жетүүгө кыйын болгон райондордогу калкты камтуу үчүн райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун базасында мобилдүү бригадаларды түзүү жана аларды планга ылайык иштешин камсыздоо.
5) Көчмө эмдөө бригадаларынын иш тажрыйбасын мектеп окуучуларын жана "тобокелчилик" тобундагы калкты (мигранттар, диний жамааттар ж.б.) иммунизациялоо үчүн колдонуу.
Иммунизациялоо боюнча кызматтардын сапатын жана коопсуздугун камсыздоо
Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына кирген вакциналардын коопсуздугу жана жогорку натыйжалуулугу Программанын негизги талаптары болуп саналат. Кыргызстан өзү вакцина препараттарын өндүрбөгөндүктөн, вакциналарды башка өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга аргасыз.
Кыргыз Республикасында контролдоо органынын функцияларын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаменти аткарат, ал иммунобиологиялык препараттарды республикада андан ары колдонуу үчүн каттоого алат жана дары жана иммунобиологиялык препараттарды колдонгондон кийинки реакцияларына постмаркетингдик көзөмөл жүргүзөт.
Республикага алынып келинген вакцина препараттарынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоо үчүн акыркы 15 жылдан бери Копенгагендеги (Дания) ЮНИСЕФ жабдуу бөлүмү аркылуу сатып алуу механизми колдонулуп келет. ЮНИСЕФ жабдуу бөлүмү эл аралык тендерлерди өткөрөт, ага өндүрүш технологиясы GMP эл аралык стандарттарына ылайык келген, ал эми продукциясы "ДСУ квалификациясы" процедурасынан өткөн вакцина чыгарган фармацевтикалык өнөктүктөрүү гана катыша алышат.
Бүгүнкү күндө 100дөн ашык өлкө вакциналарды сатып алуу үчүн ЮНИСЕФ сатып алуу тутумун колдонушат, ал аркылуу дүйнөдө өндүрүлгөн вакциналар дозасынын 40%ы сатылып алынат. Сатып алуулардын ири көлөмдө болушунан улам ЮНИСЕФ сунуштаган вакцина баалары рыноктук баадан кыйла арзан жана өндүрүүчү белгилеген баштапкы баанын 10%ын түзөт.
Кыргыз Республикасы үчүн ЮНИСЕФ менен кызматташуу бир жагынан вакцина препараттарынын эл аралык стандарттарга ылайык келген сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыздаса, башка жагынан вакциналарды рыноктук баадан кыйла арзан баада сатып алууну шарттайт, бул бюджет каражатын үнөмдөөгө алып келет.
Мындан тышкары иммунизациялоонун коопсуз тажрыйбасын камсыздоо жана поствакциналдык мезгилде эмделген адамда жагымсыз абалдардын болушунун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасында 2000-жылдан бери балдарга карата вакцинациялоо жүргүзүү үчүн 0,05тен 0,5 миллилитрге чейинки көлөмдөгү өзү блокировкаланган шприцтер гана колдонулуп келет, бул сайыла турган препараттын дозасын белгилөө максатында иммунизациялоо программасы үчүн атайын иштелип чыккан.
Иммунизациялоонун негизги эрежелери жана коопсуз тажрыйбасынын стандарттары Саламаттык сактоо министрлигинин тийиштүү ченемдик документтеринде берилген, бирок медицина кызматкерлери, айрыкча алдын ала окутуусуз вакцинация жүргүзүүгө тартылган кызматкерлер аларды дайыма эле сакташпайт.
Вакцина менен тийиштүү иштөө, коопсуз ийне саюунун туура техникасы, колдонулган инъекциялык жабдууну жоготуу жана поствакциналдык мезгилде медициналык байкоо жүргүзүүнү камсыздоо маселелери боюнча медицина персоналдары үчүн үзгүлтүксүз тренингдерди өткөрүү баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдары тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча негизги багыттардын бири болуп саналат.
Жаңы вакциналарды киргизүү учурунда медицина кызматкерлерин окутуу өзгөчө маанилүү, анткени атайын билими жок болсо, аларды колдонуунун техникасындагы бузуулар республиканын калкы тарабынан жаңы вакцинага ишенбөөчүлүктү жаратышы мүмкүн, бул бүтүндөй иммунизациялоо программасына терс таасирин тийгизет.
Калкты вакцинациялоо боюнча процедуралардын сапатын жана коопсуздугун камсыздоо иммунизациялоо кызматын пайдалангандар үчүн бул кызматтарга карата ишениминин маанилүү компоненти болуп саналат.
Милдеттер:
1) Иммунизациялоону сапаттуу вакцина препараттары менен жүргүзүү.
2) Иммунизациялоо процедураларынын коопсуздугун камсыздоо.
Жүзөгө ашыруу стратегиялары:
1) ЮНИСЕФ жабдуу бөлүмү аркылуу кепилденген сапаттагы коопсуз жана натыйжалуу вакциналарды, өзү блокировкаланган шприцтерди жана коопсуз утилдештирүү кутуларын сатып алуу.
2) Тажрыйбада коопсуз иммунизациялоо стандарттарын жүзөгө ашыруу.
3) Поствакциналдык мезгилдеги жагымсыз абалдарга көзөмөл тутумун жакшыртуу.
Иммунизациялоо боюнча маалыматтарды башкаруу жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу
Иммунизациялоо кызматында эсепке алуу жана отчеттуулук тутуму 1996-жылы уюштурулган жана азыркыга чейин олуттуу түрдө өзгөртүлө элек. Профилактикалык эмдөөлөр менен камтууга мониторинг жүргүзүү кагаз түрүндө ар бир эмдөө пунктунун деңгээлинен жогору турганына, РИБ чейин, бериле турган жасалган эмдөөлөрдүн жана колдонулган вакциналардын саны жөнүндө отчеттуулуктун ар айлык формасынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Мигранттар үй-бүлөлөрүндөгү 5 жашка чейинки балдардын эмдөө же медициналык документтеринин жоктугу олуттуу көйгөйдү жаратууда, мында баланын эмделген макамын аныктоо кыйынга туруп жана иммунизациялоону 8 эмдөөдөн, анын ичинде БЦЖ, АККТ+ВГВ+ХИБ, ОПВ жана КТК эмдөөлөрүнөн турган баштапкы вакцина комплексин берүү менен башынан баштоого туура келет. Бул вакциналардын кошумча чыгымына жана баланын организминин жогорку антигендик оорчулугуна алып келет.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн эмделген калк боюнча борбордук маалыматтар базасын түзүү зарылчылыгы пайда болду, бул ар бир балага же чоң адамга алынган эмдөөлөр жөнүндө маалыматты сактоого жана берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Иммунизациялоо боюнча маалыматтарды топтоону жана эсепке алууну, аларды талдоону жана жогору турган деңгээлге берүүнү оптималдаштыруу максатында ВИГА финансылык колдоосу астында "Саламаттыкты сактоо тутумун күчөтүү" долбоорунун алкагында 2010-жылы иммунизациялоо боюнча компьютерлештирилген маалыматтык тутум иштелип чыккан. Тутум эмделген калкты жекече эсепке алууну, эмделгендер боюнча маалыматтардын жалпы базасын түзүүнү, иммунизациялоону пландоонун автоматташтырылган тутумун жана отчет түзүүнү карайт. Мындан тышкары иммунизациялоо боюнча компьютерлештирилген маалыматтык тутум вакцина препараттарын колдонуу боюнча эсеп жүргүзүүнү жана муздаткыч жабдуулары боюнча маалымат базасын калыптандырууну шарттайт. Учурда бул маалымат тутуму иммунизациялоо кызматтарынын облустук жана борбордук деңгээлдеринде тестирлөө жана иштеп чыгуу баскычында турат.
Милдеттер:
1) Эмделген калк боюнча борбордук маалыматтар базасын түзүү.
2) Иммунизациялоо боюнча маалыматтарды башкаруу процессин оптималдаштыруу.
Жүзөгө ашыруу стратегиялары:
1) Баштапкы медициналык-санитардык жардам жана коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарынын деңгээлинде иммунизациялоо боюнча компьютерлештирилген маалыматтык тутум иштеп чыгуу жана киргизүү.
2) Сервердик борборду түзүү.
3) Сапатын баалоого басым жасоо менен иммунизациялоо боюнча стандарттык эсептөө-отчеттук формаларын иштеп чыгуу.
4) Эмделген адамдардын саны, колдонулган вакциналар, медициналык калдыктардын саны ж.б. боюнча маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу процессин автоматташтыруу.
5) Жогору турган деңгээлге маалыматты үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо жана кайтарым байланыш процессин активдештирүү.
Кызамык менен кызылчаны элиминациялоо максаттарына жетишүүгө жана полиомиелитти жеңген мамлекет макамын колдоого багытталган иш-чаралардын комплексин камсыздоо
ДСУнун глобалдык максаттарына ылайык Кыргызстанда 10 жылдан ашык убакыттан бери кызамыкты/кызылчаны элиминациялоо боюнча иш-чараларды жана полимиелитти жеңген өлкө макамын колдоону камтыган эки улуттук стратегиялык план ишке ашырылып келет. Кызамык, кызылча жана полиомиелит менен күрөшүү ДСУнун Европа региондорунун бардык өлкөлөрү үчүн артыкчылыктуу милдет катары каралган, анын максаты эл аралык эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо болуп саналат.
Узак жылдар бою кызамык айрыкча 5 жашка чейинки балдар арасында өлүм учурларынын жогорку деңгээли менен Кыргыз Республикасынын калкынын инфекциялык патологиясынын биринчи орунун ээлеп келген.
2001-жылы эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен кызамыкка жана кызылчага каршы Иммунизациялоонун улуттук өнөктүгү өткөрүлгөн, анын жүрүшүндө 7 жаштан 25 жашка чейинки курактагы 1,8 млн. адам эмделген, бул кийин негизинен коңшу мамлекеттин аймагынан жуккан оорулардын саналуу учурларын гана каттоого алып келген.
Кызылча менен оору 2002-жылы бала төрөө курагындагы (45 жашка чейинки) аялдарга кызылчага каршы иммунизациялоо боюнча өнөктүк өткөрүлгөндөн кийин маселе жаратпай калды.
Бирок 2010-жылдын июнь айындагы каргашалуу окуялардан кийин Өзбекстан менен чектеш аймактарда жашаган калктын бир бөлүгү өз убагындагы пландуу иммунизациялоо менен камтылбай калган. "Тобокелчилик" тобунун - кызамыкка каршы эмделбей калган балдардын болушу 2011-жылдын апрелинде кызамык вирусунун кеңири жайылышына жана Өзбекстандын аймагынан бул инфекциянын алынып келиниши менен Ош облусунун Кара-Суу районунда пайда болушуна алып келди.
Мындан тышкары республиканын стационардык кызматтары кызамык менен ооруган балдарды кабыл алууга даяр болушкан эмес, анткени балдарды ооруканага жаткыруу эпидемияга каршы режимди так сактоону талап кылат, натыйжада оорукананын ичине кызамык 100дөн ашык балага жуккан. Бул жагдай кызамык жугуштуу оорусуна көзөмөл тутумундагы олуттуу көйгөйдү, ошондой эле саламаттыкты сактоо тутумунун стационардык, баштапкы, эпидемиологиялык жана лабораториялык кызматтарынын ортосундагы начар ырааттуулукту көрсөттү.
Кызамыкты жана кызылчаны элиминациялоонун жалпы европалык максаттарына жетүү үчүн республикада 2002-жылдан бери иштеген бул ооруларга эпидкөзөмөл тутумун күчөтүү талап кылынат.
Иммунизациялоо кызматынын экинчи маанилүү стратегиялык багыты полимиолит менен глобалдык күрөшүүгө байланыштуу, анткени, акыркы 20 жылда дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жетишилген аны жоюу боюнча алгылыктуу ийгиликтерге карабастан, бул инфекция майыптуулуктун жана өлүм учурунун жогорку деңгээли менен коркунучтуу оорулардын бири катары кала берүүдө. Полиомиелиттин жапайы вирусу бул жугуштуу ооруну жеңген өлкөнүн аймагында капысынан пайда болушу мүмкүн.
Буга мисал катары 2010-жылы Тажикистанда катталган полиомиелиттин пайда болушун келтирсек болот, анда клиникалык полиомиелиттин 700 учуру катталып, алардын 456 учуру I типтеги жапайы вирустун лабораториялык бөлүп алуу жолу менен аныкталган, 20дан ашык учур өлүм менен аяктаган.
Бул 2002-жылы полиомиелитти жеңген аймак катары сертификациялангандан кийинки ДСУнун Европа регионуна алынып келинген полиомиелиттин биринчи жолку пайда болушу болду.
Полиомиелитти жеңген аймактын макамын кайтарып алуу үчүн Тажикистанга жакын өлкөлөр, ошондой эле Россия Федерациясы өз аракеттерин бириктирип, 2010-2011-жылдары 0дөн 15 жашка чейинки калкты полиомиелитке каршы кошумча иммунизациялоонун бир нече раундун өткөрүштү. Бул жамааттык иммунитетти жогорулатууну жана бул курактагы балдардын баарын полиомиелит оорусунан коргоону (дароо бардык үч тибинен), вирустун автивдешүүсүнүн жана оорунун жаңы учурларынын пайда болушунун алдын алууну, курчап турган чөйрөдөн поливирусту жок кылууну жана полиомиелитти жеңген өлкө макамын кайтарып алууну шарттады.
Кыргызстан 2010-жылы шал полиомиелит оорусу учурлары катталбаган Орто-Азия аймагындагы жападан жалгыз өлкө болуп саналат, бул калктын жамааттык иммунитетинин жогорку деңгээли жөнүндө айтып турат.
Ошентсе да, мындай жапайы полиовирусту биздин өлкөгө алып келүү коркунучу азырынча жоюла элек. 2011-жылы шал полиомиелит оорусу учурлары Кытайда (9 айдын ичинде - 2 жаштан 31 жашка чейинки курактагы адамдардын арасында 18 учур) катталган. Кыргыз Республикасы менен КЭРдин ортосундагы активдүү транспорттук жана авиациялык каттамдарды, ошондой эле 44 өлкө менен визасыз режим шарттарын эске алганда Кыргызстанда поливирустун пайда болуу тобокелчилиги өтө жогору экенин белгилей кетүү керек.
Ушуга байланыштуу бардык шектүү полиомиелит учурларын эрте аныктоого, каттоого жана иликтөөгө багытталган иш-чаралар өзгөчө маанилүү. Системалуу түрдө окутуу жана маалымат берүү аркылуу жетишилген медициналык кызматкерлердин жогорку сактыгы республикада 1997-жылдан бери иштеген ОВП/полиомиелитке эпидкөзөмөл тутумунун маанилүү звеносу болуп саналат.
Милдеттер:
1) Кызамык жана кызылча менен ооругандардын санын азайтуу жана 2017-жылга карата республиканын аймагында бул инфекциялардын туруктуу элиминациясына жетишүү.
2) Шал полиомиелит учурларынын пайда болушуна жол бербөө жана өлкөнүн аймагына жапайы поливирустун алынып келинишинин жана жайылышынын алдын алуу.
Жүзөгө ашыруу стратегиялары:
1) Кызамыкка жана кызылчага каршы эки жолку иммунизациялоодо калктын 95%ын камтууга жетишүү жана бул көрсөткүчтү кармап туруу.
2) Кызамыкка/кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо өнөктүктү өткөрүү.
3) Кызамыкка/кызылчага эпидкөзөмөл тутумунун сапатын жогорулатуу.
4) Лабораториялык потенциалды күчөтүү.
5) Полиомиелитке каршы 4 жолку иммунизациялоодо калктын 95%ын камтууга жетишүү жана бул көрсөткүчтү кармап туруу.
6) Полиомиелитке каршы кошумча иммунизациялоо өнөктүктөрүн өткөрүү.
7) ОВП/полиомиелитке көзөмөл тутумунун айрым компоненттерин күчөтүү.
Вакцина менен башкарылуучу инфекцияларды контролдоо тутумун өркүндөтүү
Жугуштуу ооруларга эпидкөзөмөл, анын ичинде лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү эпидемияларды эрте аныктоо жана кептөөр, полиомиелит, кызамык, эпидемиялык тепки, сенек, көк жөтөл, кызылча, В вирус гепатити сыяктуу ооруларды контролдоо боюнча тиешелүү оперативдүү чечимдерди кабыл алуу үчүн маанилүү фактор болуп саналат.
Бирок, оору чыккан учурларды аныктоо стандартына негизделген колдонулуп жаткан көзөмөлдөө тутуму максаттары жана милдеттери боюнча айырмаланат, ошондой эле вакциналары бар бардык жугуштуу ооруларды камтый бербейт.
Мындай, көк жөтөл, эпидемиялык тепки, В вирус гепатити сыяктуу ооруларда, көзөмөл жүргүзүү тутумун кайра карап чыгууга жана күчөтүүгө муктаж, ал эми В түрүндөгү гемофилдик инфекцияны көзөмөлдөө таптакыр жаңы көзөмөлдөө тутумун иштеп чыгууну жана киргизүүнү талап кылат.
Кептөөр оорусун көзөмөлдөө тутумунун маалыматтары бул жугуштуу оорунун турукташканынан кабар берип турат. Кыргызстандагы кептөөр оорусунун күч алуусу акыркы жолу 1994-1998-жылдары катталган, анда бул жугуштуу оору менен 1850 адам ооруп, 30 адам, анын ичинде 14 жашка чейинки 18 бала көз жумган. Ал учурда эмдөө жумуштарынын начарлашына жана бул курактагы топту ревакцинациялоочу эмдөө менен камтуунун деңгээли өтө төмөн болгондуктан, чоң адамдар өзгөчө тобокелчилик тобуна кирип калган. Ооругандардын ичинде 58,7 - 64,2%ын 15 жаштагы жана андан жогорку курактагы адамдар түзгөн. Оорунун жайылышын өлкөнүн бардык аймактарындагы калкты массалык түрдө кептөөргө каршы иммунизациялоо кампаниясын жүргүзүү аркылуу токтотууга жетишилген.
Кийинки жылдары балдарды жана чоңдорду кептөөргө жана сенекке каршы пландуу иммуназациялоо жүргүзүү кептөөр оорусунун кескин төмөндөтүп, 2007-2011-жылдары бул оорунун бир да учуру катталган эмес. 2003-жылдан бери республикада сенек менен ооруган учурлар каттала элек.
Акыркы жылдары республикада көк жөтөл оорусу көбөйүү тенденцясына ээ болууда. 2010-жылы бул оорунун 110 учуру катталган, алардын ичинде 70%ы - Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган, бул өлкөнүн башка региондордо көк жөтөл оорусу жетиштүү түрдө катталбай жатканын, ал региондордо бул ооруга бронхо-өпкө оорулары катары диагноз коюлуп жатканын тастыктап турат.
Көк жөтөл менен негизинен жаш курагы боюнча толук курс эмдөө албаган 1 жашка чейинки балдар (78%), же көк жөтөл компоненти курамында жок болгон АКС жана АКС-М анатоксиндери менен эмделген балдар оорушат.
Көк жөтөлдү көзөмөлдөө тутумунун эң начар бөлүгү болуп төмөнкү лабораториялык потенциал эсептелет. Бактериологиялык лабораториялардын колдонуудагы материалдык-техникалык базасы көк жөтөлдүн козгогучтарын 100 учурдан 1-2 учурун гана аныктай алат. Көк жөтөлдү так диагностикалоо үчүн бактериологиялык лабораториялардын ишин аларды жаңы жабдуулар менен жабдып жана изилдөөнүн заманбап ыкмаларын киргизүү менен күчөтүү керек.
Республикада эпидемиялык тепки менен ооругандардын санынын жогорулашы ар бир 5-6 жылда байкалып турат. Бул оорунун акыркы жолку күч алышы 2003-2007-жылдары негизинен 10 жаштан 14 жашка чейинки мектеп окуучуларынын арасында катталган. Бул эпидемиялык тепкиге каршы экинчи жолку бустердик дозасынын Кыргызстандын профилактикалык эмдөө календарында жоктугу жана вакцинациянын биринчи дозасын берүүгө төмөнкү иммундук жооп берүүнүн натыйжасында бул жугуштуу ооруга иммунитетин жоготкон адамдардын көп болушу менен түшүндүрүлөт. 2007-2008-жылдар оорулуулар менен байланышкан адамдарды тепкиге каршы моновакцина менен кошумча иммунизациялоонун аркасында тепки менен ооругандардын санын азайтууга мүмкүн болду, алсак 2007-жылы 1192 учур катталса, 2010-жылы 395 учурга чейин төмөндөгөн.
Эпидемиялык тепкинин күч алышын токтотуу жана ооруну турукташтыруу үчүн 6 жашка чейинки балдар мектепке барганга чейин аларга тепкиге каршы вакцинанын экинчи (бустердик) дозасын берүүнү кароо керек.
Ошентип, эпидкөзөмөлдөө тутумдары иммунизациялоо программасынын натыйжалуулугун баалоого, жогорку тобокелчиликтеги аймактарды жана топторду аныктоого, эпидемиялык жагдайлардын начарлашын болжолдоого жана оорунун потенциалдуу күч алышынын алдын алуу же оорунун жайылган очокторун локалдаштыруу үчүн иш-чараларды өз убагында жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Вакцина менен башкарылуучу жугуштуу ооруларды эпидкөзөмөлдөө тутумун күчөтүү боюнча иш-чараларды төмөндөгү бир катар багыттар боюнча жүргүзүү керек:
- вакцина менен башкарылуучу жугуштуу ооруларды каттоо процессинин бирдиктүү тутумдаштырылган ыкмасын иштеп чыгуу;
- вакцина менен башкарылуучу жугуштуу ооруларды пайда кылуучу патогендерди аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүүгө улуттук жана райондук лабораториялардын потенциалын жана даярдыгын жогорулатуу, диагностиканын жаңы ыкмаларын киргизүү;
- эпидкөзөмөлдөө тутумунун сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу: жогорку сезгичтик, эпидиликтөөлөрдүн жүрүшүндө алынган көрсөткүчтөрдүн маалыматтуулугу, жугуштуу оорунун булагын жана вирустун жугуу жолдорун аныктоо;
- вакцина менен башкарылуучу жугуштуу ооруларды эпидкөзөмөлдөө тутумунун алкагында маалымат берүү процессин өркүндөтүү;
- клиникалык үлгүлөрдү лабораторияларга ташып жеткирүүнү жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын медициналык уюмдарга берүүнү контролго алууну күчөтүү.
Милдеттер:
1) Жаңы төрөлгөндөрдө сенек ооруларынын жана кептөөрдүн пайда болушуна жол бербөө.
2) Көк жөтөл оорусун ар бир 100 миң адамга карата 2,0 деңгээлине чейин төмөндөтүү.
3) Эпидемиялык тепки оорусун ар бир 100 миң адамга карата 4,0 деңгээлине чейин төмөндөтүү жана эпидемиялык күч алышына жол бербөө.
4) Иммунопрофилактика каражаттары менен башкарылуучу жугуштуу ооруларга эпидкөзөмөл тутумун күчөтүү.
5) В түрүндөгү гемофилдүү инфекцияга, пневмококк жана ротавирус инфекцияларына жаңы көзөмөл тутумун киргизүү.
Жүзөгө ашыруу стратегиялары:
1) Балдарды кептөөргө жана сенекке каршы алгачкы вакциналык комплекс менен 95% камтууга жетишүү жана бул көрсөткүчтү колдоо.
2) Кептөөргө жана сенекке каршы ревакцинациялоочу эмдөө менен балдардын 95%ын камтууга жетишүү жана бул көрсөткүчтү колдоо.
3) Чоң адамдардын 90%дан кем болбогон бөлүгүн камтуу менен кептөөргө жана сенекке каршы үзгүлтүксүз ревакцинациялоо жүргүзүү.
4) 2 жашка чейинки балдардын 95%дан кем болбогон бөлүгүн көк жөтөлгө каршы 4 жолку вакцинациялоо менен камсыздоо.
5) Саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, ошондой эле жеке тутумунун адистери тарабынан көк жөтөлгө карата вакцинациялоо негизсиз болбой турган балдардын санын жалпы вакцина алуучу балдардын санынын 5%ына чейин төмөндөтүү.
6) Эпидемиялык тепкиге каршы вакцинациялоодо 12 айлык балдардын 98%дан кем болбогон бөлүгүн камтууга жетишүү жана бул көрсөткүчтү кармап туруу.
7) 6 жаштагы балдар үчүн профилактикалык эмдөө календарына эпидемиялык тепкиге каршы ревакцинациялык дозаны киргизүү жана балдардын 90%дан кем болбогон бөлүгүн камтуу.
8) Вакцина менен башкарылуучу жугуштуу ооруларды эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча улуттук колдонмолорду кайра карап чыгуу.
9) Вакцина менен башкарылуучу жугуштуу ооруларды пайда кылуучу патогендерди аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүүгө улуттук жана райондук лабораториялардын потенциалын жана даярдыгын жогорулатуу, диагностикалоонун жаңы ыкмаларын киргизүү.
10) Кадрдык потенциалды көтөрүү жана анын эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумунун сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга тийгизген таасири: жогорку сезгичтик көрсөткүчтөрдүн маалыматтуулугу, жугуштуу оорунун булагын жана вирустун жугуу жолдорун аныктоо.
11) Вакцина менен көзөмөлдөнүүчү жугуштуу ооруларды эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумунун алкагында маалымат берүү процессин өркүндөтүү.
12) Клиникалык үлгүлөрдү топтоону, сактоону жана ташууну контролго алууну күчөтүү.
13) Бактериялык менингитке жана пневманияга көзөмөл тутумун иштеп чыгуу.
14) Ротавирус инфекциясына көзөмөлдөө тутумун иштеп чыгаруу.
Кадрдык потенциалды күчөтүү жана Программаны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу
Иммунизациялоо программасынын максаттарына жетүү үчүн республиканын саламаттыкты сактоо кызматы жетишээрлик сандагы окутулган жана жооптуу медициналык кызматкерлерге ээ болушу керек.
2006-2010-жылдарга "Манас Таалими" Улуттук программасын ишке ашырууда саламаттыкты сактоо тутумун реформалоо процессинде 2010-жылга карата иммунопрофилактиканы баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн жаңы үлгүсүнө интеграциялоого толук жетиштүү милдети коюлган, бул үчүн ар бир үй-бүлөлүк медициналык борборунда иммунолог-дарыгерлердин, ошондой эле иммуназициялоо боюнча бардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү адистердин штаты бөлүнгөн.
Бирок, бул максат ар кандай себептердин айынан ишке ашкан эмес. Көп учурда үй-бүлөлүк медициналык борборунун иммунолог-дарыгерлеринин функциясы кошумча жүк катары үй-бүлөлүк дарыгерлерге же тар адистиктеги дарыгерлерине жүктөлгөн. Жыйынтыгында райондордун деңгээлинде үй-бүлөлүк медициналык борборунун адистери тарабынан иммунизациялоо программасына мониторинг жүргүзүү жана башкаруу натыйжасыз жана толук эмес көлөмдө жүргүзүлүп келген.
Иммунизациялоо программасын сапаттуу башкарууну жана мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо үчүн коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарынын иммунолог-эпидемиолог дарыгерлери тартылган. Алар полиомиелитке каршы Иммунизациялоонун улуттук күндөрү (1995-1998-жылдар жана 2010-2011-жылдар), кептөөргө каршы жалпы эмдөө өнөктүгү (1995-1998-жылдар) жана Кызамыкка жана кызылчага каршы иммунизациялоо улуттук өнөктүгү (2011-жыл) сыяктуу ири масштабдуу иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышышкан.
Коомдук саламаттыкты сактоо тутумун реформалоо штаттардын кескин кыскарышына алып келди, натыйжада областтык иммунопрофилактика борбору, ошондой эле райондук иммунопрофилактика топтору жоюлуп кеткен. Көпчүлүк райондор менен шаарларда иммунизациялоо иш-чараларын координациялоо боюнча бардык иштер жалгыз иммунолог-эпидемиолог адистерге жүктөгөн.
Кадрдык ресурстардын жетишсиздиги жана иммунизациялык иш-чараларды толук кандуу координациялоонун жоктугу Программаны эффективдүү жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Бул жагдай баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматында, ошондой эле коомдук саламаттыкты сактоо кызматында кадр саясатын кайра карап чыгууну талап кылат. Бул вакцина менен башкарылуучу ооруларга контрол жүргүзүүнүн, иммунопрофилактика боюнча иш-чараларга мониторинг кылуунун жана жалпысынан Программаны башкаруунун сапатын жакшыртат.
Ошондой эле фельдшердик-акушердик пункт, үй-бүлөлүк дарыгер тобу жана райондук үй-бүлөлүк медициналык борбор деңгээлинде потенциалды күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу да маанилүү. Андан ары балдар өлүмү жана башка социалдык тобокелчиликтери жогору болгон региондорго басым жасаган баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматтарын жеткирүүчүлөрдү материалдык сыйлоо тутумун колдонуу миграцияны басаңдатууга жана медицина кадрларынын иштен кетишин кыскартат.
Иммунопрофилактика боюнча бөлүм менен үй-бүлөлүк медицинанын окутуу программаларын кеңейтүү зарыл.
Иммунизация тутумуна тартылган медицина кызматкерлеринин кесипкөй деңгээлин жогорулатуу үчүн жергиликтүү шарттарга жана жагдайларга таандык болгон көйгөйлөр менен потенциалдуу чечимдерди аныктоо жана талкуулоо үчүн областтык жана райондук адистердин үзгүлтүксүз куратордук сапарлары өзгөчө мааниге ээ.
Мындан тышкары кошумча окутуу иш-чараларын өткөрүү зарылчылыгы бар, аларга болгон муктаждык саламаттыкты сактоодогу ири уюштуруучулук өзгөртүүлөр мезгилинде, айрыкча кошумча иммунизациялоо өнүктүктөрүн өткөрүү жаатында күч алат.
Милдеттер:
1) Областтык жана райондук деңгээлде иммунизациялоо программасын жүзөгө ашырууну координациялаган адистердин кадрдык потенциалын күчөтүү.
2) Профилактикалык эмдөө жүргүзүүгө тартылган фельдшердик-акушердик пункт, үй-бүлөлүк дарыгер тобу, үй-бүлөлүк медициналык борбор, аймактык оорукана адистеринин кадрдык потенциалын күчөтүү.
Жүзөгө ашыруу стратегиялары:
1) Баштапкы медициналык-санитардык жардам жана коомдук саламаттыкты сактоо кызматында кадр саясатын башкаруу чөйрөсүндө колдонуудагы ченемдик документтерди кайра карап чыгуу.
2) Улуттук жана эл аралык тренингдерде иммунизациялоо маселеси боюнча коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистерин окутуу.
3) Калкка саламаттыкты сактоонун, анын ичинде иммунизациялоонун сапаттуу кызматтарын көрсөтүү үчүн саламаттыкты сактоонун, айрыкча айылдык, жетүүгө кыйын болгон же алыскы калктуу пункттардагы кызматкерлердин мотивациясын түзүү.
4) Иммунизациялоо маселелери боюнча фельдшердик-акушердик пункт, үй-бүлөлүк дарыгер тобу, үй-бүлөлүк медициналык борбор, аймактык оорукана адистеринин билим деңгээлин жогорулатуу.
Социалдык мобилизациялоо жана калк арасында иммунизациялоону жигердүү пропагандалоо
Маалыматтык-агартуу ишмердүүлүгү жана максаттуу коммуникация иммунизациялоо программасын жана саламаттыкты сактоонун башка багыттарын ийгиликтүү жүргүзүүгө зор таасирин тийгизип, жүрүм-турум формаларын жана көз караштарды өзгөртө алаары кеңири белгилүү.
Бул компонент калктын иммунизациялоо артыкчылыгын түшүнүүсүн жогорулатууга жана ата-энелердин вакцинация кызматтарын өз убагында алууга карата мамилесин өзгөртүүгө багытталган.
Иммунопрофилактиканын натыйжалуулугу толук бойдон иммунизация кызматын пайдалангандардын түшүнүүсүнөн жана ишениминен көз каранды. Эгерде иммунизациялоонун пайдалуулугуна жана коопсуздугуна ишенимдүүлүккө негизделген калктын муктаждыгы болсо, профилактикалык эмдөөлөр менен камтуу жогорулайт.
Саламаттыкты сактоону бюджеттик колдоо жетишсиз болгон көп өлкөлөрдө балдарды иммунизациялоо оорунун деңгээлин басаңдатып, ошондой эле дарылоого кеткен чыгымдарды азайтышы мүмкүн.
Социалдык мобилизацияны жүргүзүүдө өкмөттүк жана өкмөттүк эмес секторлор бирге иштеши керек. Диний ишенимдердин негизинде вакцинадан баш тарткан элдердин санын көбөйүшүн эске алып, калкты иммунизациялоону пропагандалоо боюнча диний лидерлери менен тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүү керек.
Жалпыга маалымдоо каражаттары иммунопрофилактиканы жайылтуу үчүн маанилүү элемент болуп саналат, анткени алар калктын бардык катмарын камтый алышат. Иммунизациялоо кызматынын адистери тарабынан даярдалган кеңири маалыматтык материалдар журналисттерге окуядан кабар алып жана пландуу вакцинациядан калк ала турган бардык пайдаларды өз убагында чагылдыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Жалпыга маалымдоо каражаттары калктын түрдүү сегменттерине өз укуктарын, балдардын ден-соолугу үчүн жоопкерчилигин түшүнүүдө жардам берип, иммунизациялоонун оң жактарын чагылдырып жана профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тарткан адамдардын жүрүм-турум маанайын өзгөртө алат.
Иммунизациялоо маселеси боюнча калкка негизги маалыматты берүүдө баштапкы медициналык-санитардык жардам медицина кызматкерлерине чоң роль таандык. Калктын көпчүлүгүнүн медициналык кызматкерлерге жеке ишеними болгондуктан, алардын билдирүүсү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жөн эле берилген маалыматтарга караганда калкка зор таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок медицина персоналдарынын вакцинопрофилактика чөйрөсүндөгү билиминин жетишсиздиги иммунизациялоо менен байланыштуу маселелер боюнча калк менен өз ара түшүнүшүүнү төмөндөтүүгө алып келет жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын медицина кызматкерлерин атайын окутууну талап кылат.
Жаңы вакциналардын түрлөрүн киргизүүдө социалдык мобилизациялоонун ролу алда канча күчөйт.
Милдеттер:
1) Калктын иммунизациялоо программасына карата ишенимин жогорулатуу багытында алардын жүрүм-турумун жана кабылдоосун өзгөртүү.
2) Медицина кызматкерлеринин, коммерциялык эмес жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрүнө болгон калктын ишенимдүү мамилесин калыптандыруу.
Жүзөгө ашыруу стратегиялары:
1) Калк, медициналык кызматкерлер жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн иммунизациялоо маселелери боюнча маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу.
2) Иммунизациялоону пропагандалоого белгилүү саясий, коомдук жана диний лидерлерди тартуу.
3) Иммунизацияны пропагандалоо маселеси боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары менен ишти активдештирүү.
4) Калк арасында вакцинацияны жайылтууну күчөтүү боюнча иштерге өкмөттүк эмес түзүмдөрдү жигердүү тартуу.
5) Жаңы вакциналарды колдонуу маселелери боюнча калктын, медициналык кызматкерлердин, коммерциялык эмес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн социалдык мобилизациялоо боюнча планын иштеп чыгаруу.
6) Жаңы вакциналарды колдонуу боюнча маалымат материалдарын даярдоодо Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн илимий медициналык коомунун өкүлдөрүнүн сунуштамаларын колдонуу.
Кыскартуулардын тизмеси
ДСУ Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму
ЮНИСЕФ БУУ Балдар Фонду
АӨБ Азия өнүктүрүү банкы
ВИГА Вакциналар жана Иммунизация боюнча Глобалдык Альянс
СДС Ооруларга көзөмөл кылуу боюнча борборлору, АКШ
ЛСА Эл аралык өнүктүрүү боюнча Япон агенттиги
МCHIP Эненин жана баланын саламаттыгын коргоо боюнча
интеграцияланган программа (USAID)
USAID Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги
АККС Адсорбирацияланган көк жөтөл-кептөөр-сенек вакцинасы
ВГВ В вирустук гепатитине каршы вакцина
ХИБ В тибиндеги гемофилдик инфекцияга каршы вакцина
БЦЖ Кургак учукка каршы вакцина
ОПВ Оралдык полиомиелит вакцинасы
КТК Кызылча-тепки-кызамык вакцинасы
ККВ Кызылча-кызамык вакцинасы
АПВ Адамдын папиллома вирусуна каршы вакцина
ПКВ Пневмококк вакцинасы
РВВ Ротавирустук вакцина
| 2013-2017-жылдарга "Иммунопрофилактика"программасына тиркеме |
2013-2017-жылдарга "Иммунопрофилактика" программасынын (мындан ары - Программа) чыгымдар категориялары жана каржылоо булактары боюнча ар жылкы бюджети 1-таблицада берилген.
Программаны каржылоонун потенциалдуу булагы төмөндөгүлөр болуп эсептелет:
- саламаттыкты сактоого каралган жалпы бөлүнгөн акчанын алкагында мамлекеттик бюджеттин каражаты;
- баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын деңгээлинде калкты иммунизациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары;
- эл аралык уюмдардын (ВИГА, ДСУ, ЮНИСЕФ, ЛСА ж.б.) финансылык каражаттары.
Программанын чыгымдарынын негизги категориясы вакцина препараттарын жана керектелүүчү материалдарды сатып алуу болуп саналат, алардын чыгымы программанын жалпы наркынын 55%ын түзөт.
Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына кирген салттуу вакциналарды сатып алуулар республикалык бюджеттин эсебинен гана каржыланат. Программанын иштеп жаткан мезгилдеги алардын бир жылдык чыгымы 37,9 млн. сомдон 42,4 млн. сомго чейин жетет (1-таблица).
Негизинен Программанын 5 жыл үчүн жалпы наркынын 59,2%ын республикалык бюджеттин чыгымдары жана 40,8%ын - донор уюмдардын каражаттары түзөт (2-таблица).
Программанын башка компоненттерин жүзөгө ашыруу республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун каражатынын, ошондой эле негизинен ДСУ жана ЮНИСЕФ тарабынан көрсөтүлгөн донордук каражаттын эсебинен болот.
Программанын айрым компоненттерин бир жолку тартипте колдоо ЛСА тарабынан көрсөтүлгөн жана "Эненин жана баланын ден-соолугун коргоо боюнча интеграцияланган программа" (MCHIP-USAID) долбоорунун гранттык жардамынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
1-таблица
┌──┬──────────────────────────────────────┬─────────────┬─────────────┬
│№ │ Чыгымдар категориясы │ 2013-жыл │ 2014-жыл │
│ │ ├──────┬──────┼──────┬──────┼
│ │ │Мам. │Донор │Мам. │Донор │
│ │ │бюджет│ │бюджет│ │
├──┼──────────────────────────────────────┼──────┼──────┼──────┼──────┼
│ 1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │

│1 │Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук│ 37,9│ 0 │ 41,9│ 0 │
│ │календарына кирген салттуу вакциналар-│ │ │ │ │
│ │ды сатып алуу │ │ │ │ │

│2 │ВИГА менен тең-каржылоо принциби боюн-│ 3,7│ 44,3│ 3,8│ 42,1│
│ │ча пентаваленттүү вакциналарды│ │ │ │ │
│ │(АККС+ВГВ+ХИБ) сатып алуу │ │ │ │ │

│3 │ВИГА менен тең-каржылоо принциби боюн-│ 0 │ 0 │ 0 │ 0 │
│ │ча жаңы пневмококк вакциналарын сатып│ │ │ │ │
│ │алуу │ │ │ │ │

│4 │ВИГА менен тең-каржылоо принциби боюн-│ 0 │ 0 │ 0 │ 0 │
│ │ча жаңы ротавирус вакциналарын сатып│ │ │ │ │

│5 │Вакциналарды ташуу, сактоо жана колдо-│ 0,4│ 22,5│ 0,4│ 6,7│
│ │нуу тутумунун инфраструктурасын жана│ │ │ │ │
│ │материалдык-техникалык базасын жакшыр-│ │ │ │ │
│ │туу │ │ │ │ │

│6 │Иммунизациялоо кызматтарынын калкка │ 2,4│ 0,2│ 2,4│ 0,2│
│ │жеткиликтүүлүгүн күчөтүү жана профи-│ │ │ │ │
│ │лактикалык эмдөөлөрдүн жогорку деңгээ-│ │ │ │ │
│ │лин колдоо │ │ │ │ │

│7 │Иммунизациялык кызматтардын сапаттуу-│ 6,5│ 3,5│ 6,5│ 3,6│
│ │лугун жана коопсуздугун камсыздоо │ │ │ │ │

│8 │Иммунизациялоо боюнча маалыматтарды│ 0,5│ 1,3│ 0,5│ 1,3│
│ │башкаруу жана мониторинг жүргүзүүнүн │ │ │ │ │
│ │натыйжалуулугун жогорулатуу │ │ │ │ │

│9 │Кызамык менен кызылчаны элиминациялоо│ 0,2│ 1,9│ 0,2│ 0,3│
│ │максаттарына жетишүүгө жана полиомие-│ │ │ │ │
│ │литти жеңген өлкөнүн макамын колдоого│ │ │ │ │
│ │багытталган иш-чаралардын комплексин│ │ │ │ │
│ │камсыздоо │ │ │ │ │

│10│Вакцина менен башкарылуучу инфекция-│ 0,3│ 0 │ 0,3│ 0 │
│ │ларды көзөмөлдөө тутумун өркүндөтүү │ │ │ │ │

│11│Кадрдык потенциалды күчөтүү жана прог-│ 4,6│ 1,9│ 4,6│ 1,9│
│ │рамманы башкаруунун натыйжалуулугун│ │ │ │ │
│ │жогорулатуу │ │ │ │ │

│12│Социалдык мобилизациялоо жана калк│ 2,1│ 0,7│ 2,1│ 0,7│
│ │арасында иммунизациялоону пропаганда-│ │ │ │ │
│ │лоо │ │ │ │ │

│13│Саламаттыкты сактоо тутумунун жалпы│ 101,9│ 0 │ 104,1│ 0 │
│ │чыгымдары (эмгек акылар, коммуналдык│ │ │ │ │
│ │төлөмдөр ж.б.) │ │ │ │ │

│14│Каржылоо булактары боюнча жыйынтыгы │ 160,5│ 76,3│ 166,8│ 56,8│
├──┼──────────────────────────────────────┼──────┴──────┼──────┴──────┼
│15│Жалпы суммасы │ 236,8 │ 223,6 │
└──┴──────────────────────────────────────┴─────────────┴─────────────┴
┬─────────────┬─────────────┬─────────────┬──────────────┬────────────┐
│ 2015-жыл │ 2016-жыл │ 2017-жыл │ 5 жылда │ Бардыгы │
┼──────┬──────┼──────┬──────┼──────┬──────┼──────┬───────┼────────────┤
│Мам. │Донор │Мам. │Донор │Мам. │Донор │Мам. │Донор │ │
│бюджет│ │бюджет│ │бюджет│ │бюджет│ │ │
┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼──────┼───────┼────────────┤
│ 7 │ 8 │ 9 │ 10 │ 11 │ 12 │ 13 │ 14 │ 15 │

│ 42,1│ 0 │ 42,2│ 0 │ 42,4│ 0 │ 206,5│ 0 │ 206,5 │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │

│ 3,8│ 37,1│ 3,9│ 34,1│ 3,9│ 34,5│ 19,1│ 192,1 │ 211,2 │

│ 0 │ 0 │ 3,8│ 64,9│ 3,8│ 65,6│ 7,6│ 130,5 │ 138,1 │

│ 0 │ 0 │ 3,8│ 41,9│ 3,8│ 42,4│ 7,6│ 84,3 │ 91,9 │

│ 0,4│ 6,7│ 0,4│ 6,8│ 0,5│ 6,9│ 2,1│ 49,6 │ 51,7 │

│ 2,6│ 0,2│ 2,6│ 0,1│ 2,6│ 0,1│ 12,6│ 0,8 │ 13,4 │

│ 9,6│ 0,3│ 9,6│ 0,3│ 9,6│ 0,3│ 41,8│ 8 │ 49,8 │

│ 1,8│ 0,2│ 1,8│ 0,2│ 1,8│ 0,2│ 6,4│ 3,2 │ 9,6 │

│ 0,2│ 0,3│ 0,2│ 0,3│ 0,3│ 0,3│ 1,1│ 3,1 │ 4,2 │

│ 0,3│ 0 │ 0,3│ 0 │ 0,3│ 0 │ 1,5│ 0 │ 1,5 │

│ 4,6│ 1,9│ 6,5│ 0,5│ 6,5│ 0,5│ 26,8│ 6,7 │ 33,5 │

│ 2,2│ 0,4│ 2,3│ 0,4│ 2,4│ 0,4│ 11,1│ 2,6 │ 13,7 │

│ 106,1│ 0 │ 108,2│ 0 │ 110,4│ 0 │ 530,7│ 0 │ 530,7 │

│ 173,7│ 47,1│ 185,6│ 149,5│ 188,3│ 151,2│ 874,9│ 480,9 │ 1355,8 │
┼──────┴──────┼──────┴──────┼──────┴──────┼──────┴───────┼────────────┤
│ 220,8 │ 335,1 │ 339,5 │ 1355,8 │ │
┴─────────────┴─────────────┴─────────────┴──────────────┴────────────┘
2-таблица
┌───────┬───────┬─────────────────────┬───────────────────────────────┐
│ Жылдар│ Жалпы │ анын ичинде │ Донордук каржылоонун │
│ │ наркы ├──────┬──────┬───────┤ булактары │
│ │ │Мам. │Донор │Донор- ├──────┬─────┬──────┬─────┬─────┤
│ │ │бюджет│ │дук │ BИГА │ ДСУ │ЮНИСЕФ│JICA │MCHIP│
│ │ │ │ │жардам │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ % │ │ │ │ │ │
├───────┼───────┼──────┼──────┼───────┼──────┼─────┼──────┼─────┼─────┤
│2013 │ 236,8 │ 160,5│ 76,3│ 32,2 │ 44,5│ 3,8│ 4,2 │ 22,5│ 1,3 │

│2014 │ 223,6 │ 166,8│ 56,8│ 25,4 │ 50,4│ 2,4│ 2,7 │ 0 │ 1,3 │

│2015 │ 220,8 │ 173,7│ 47,1│ 21,3 │ 41,8│ 2,7│ 2,6 │ 0 │ 0 │

│2016 │ 335,1 │ 185,6│ 149,5│ 44,6 │ 145,7│ 1,4│ 2,4 │ 0 │ 0 │

│2017 │ 339,5 │ 188,3│ 151,2│ 44,5 │ 147,4│ 1,4│ 2,4 │ 0 │ 0 │

│Жыйын- │1355,8 │ 874,9│ 480,9│ 35,5 │ 429,8│ 11,7│ 14,3 │ 22,5│ 2,6 │
│тыгы │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└───────┴───────┴──────┴──────┴───────┴──────┴─────┴──────┴─────┴─────┘
|
|
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ