Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-февралы № 54
Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган, Чернобылдагы жана башка радиациялык апааттардын жана кырсыктардын, ошондой эле ядролук сыноолордун натыйжасында радиациянын таасирине дуушар болгон жарандарды социалдык коргоо жана саламаттыгын сактоо жөнүндө 1994-жылдын 9-сентябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган, Чернобылдагы жана башка радиациялык апааттардын жана кырсыктардын, ошондой эле ядролук сыноолордун натыйжасында радиациянын таасирине дуушар болгон жарандарды социалдык коргоо жана саламаттыгын сактоо жөнүндө 1994-жылдын 9-сентябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу тиркелген Протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |