КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-февралы № 61
Мамлекеттик чек ара кызматынын Тайлак баатыр атындагы Нарын облусу боюнча башкармалыгынын "Торугарт" чек ара тозотуна лейтенант Дүйшөналиев Канат Өмүрбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-июну № 371 токтомдун редакциясыны ылайык)
Жаш муундарды аскердик-мекенчилдикке тарбиялоо, Дүйшөналиев Канат Өмүрбековичтин элесин түбөлүккө калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик чек ара кызматынын Тайлак баатыр атындагы Нарын облусу боюнча башкармалыгынын "Торугарт" чек ара тозотуна лейтенант Дүйшөналиев Канат Өмүрбековичтин ысымы ыйгарылсын жана ал мындан ары "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Тайлак-Баатыр атындагы Нарын чек ара отрядынын лейтенант Дүйшөналиев Канат Өмүрбекович атындагы "Торугарт" чек ара тозоту" деп аталсын.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-июну № 371 токтомдун редакциясыны ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |