Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 12-февралы № 69

Кош коридор тутумун колдонуу менен товарларды бажылык контролдоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 196-беренесинин 3-пунктуна жана 200-беренесине ылайык, жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттардан өткөрүлүүчү товарларды бажылык контролдоону жөнөкөйлөтүү жана тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кош коридор тутумун колдонуу менен товарларды бажылык контролдоо боюнча нускама бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев